Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

АКШ президенттик шайлоо алдында


АКШ -- Алдын ала добуш берүүнүн акыркы күнү. Огайо, 5-ноябрь, 2012.
АКШ -- Алдын ала добуш берүүнүн акыркы күнү. Огайо, 5-ноябрь, 2012.

АКШдагы президенттик шайлоого даярдыктар тууралуу Вашингтондон кабарчыбыз Жаңыл Жусупжан маалымат берди.

- Жаңыл, АКШ да президенттик шайлоо башталуу алдында. Даярдык кандай болуп жатат?

- Соңку “супер бороондон” кийин үйсүз калган он миңдеген америкалык бүгүнкү түндү суусуз, электр жарыгысыз тосуп жатышат. Ал эми президенттик талапкерлер кимге добуш берери али арсар болгон штаттарды кыдырып, эки анжы шайлоочуларды өз тарабына тартуунун акыркы сааттагы аракетинде болушту. Мисалы кечээ эки талапкер 8 штатта, 14 жерде болушса, алардын жарымы Огайо штатына туура келди. Себеби Огайону жеңбеген талапкер президент болуп шайланышы кыйын.

- Соңку маалыматтарда шайлоочулар Барак Обамага артыкчылык берип жатканы айтылууда. Обама озуп чыктыбы, же биз билбеген башка жагдайлар да барбы?

- Кубат, Кения өлкөсүндөгү бир көзү ачык Барак Обама жеңет деп айтыптыр. Ал киши АКШ президентинин атасы туулган айылдан экен. Ал эми АКШда болсо соңку сурамжылоолор чынында Обаманын алдыда экенин көрсөтүп жатат.

Бирок бул жолу Барак Обама жаштардын колдоосунан өксүйт окшойт. 2008-жылдагы шайлоодо жаш шайлоочулардын 63 пайызы шайлоого катышабыз деп айтышса, азыр бул көрсөткүч болгону 48 пайызды түзүп турат. Эки талапкер үзөңгүлөш келе жаткандыктан, эгер добуш берүүдөн кандайдыр бир талаш-тартыштар чыкса, анда сот иштери башталат. Кайра саноо иштерин жүргүзүш керек болот. Андыктан добуш берүүнүн жыйынтыгын бир нече күн күтүп калышыбыз ыктымал болуп турат.

- Азыр АКШдагы шайлоого дүйнө коомчулугу кулак түрүп турат. Жергиликтүү элдин шайлоого мамилеси кандай?

- Негизи америкалыктар саясатка анчалык үзүлүп түшпөйт. Кыргызстанда баарыбыз эле саясатчы болуп кетпедикпи... Бизде шайлоого жарандардын 60-70 пайызы келиши мүмкүн. Ал эми Америкада бул көрсөткүч ашып кетсе, 50-51 пайызды түзөт.

Акыркы жылдары бул кырдаалды өзгөртүү үчүн эрте добуш берүүгө көбүрөөк басым жасашууда. Бүгүн Вашингтондо эртең менен күн бир топ суук болуп турду. Ошого карабастан узун кезекке туруп, добуш берип жатышты. Эртең алардын жалпы санын билип калат болушубуз керек. Негизи америкалыктардын шайлоого карата көңүлкоштугунун себеби, алар эки талапкердин дээрлик айырмасы жок, мен добуш бергенден эч нерсе өзгөрбөйт деп ойлошот.
XS
SM
MD
LG