Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Баткен: Өзбекстан чек ара тосотун жылдырып алды


Кыргыз-өзбек чегиндеги Өзбекстандын бир чек ара бекети, Баткен. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттөн)
Кыргыз-өзбек чегиндеги Өзбекстандын бир чек ара бекети, Баткен. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттөн)

Өзбекстан Сох анклавындагы бир чек ара бекетин Кыргызстандын Таян айылына карай үч чакырымдай жылдырып алды.

Өзбек чек арачыларынын мындай аракети тууралуу облустук бийлик да маалымдар экенин билдирип, буга кыргыз чек арачыларынын мажирөөлүгү да себеп болгонун айтууда.


Чек ара бекети эмне үчүн жылды?


Баткендин Кыштут жана Дара айыл өкмөттөрүндөгү он чакты айылдын тургундары райборборго, дегеле дүйнөгө чыгуу үчүн Өзбекстандын Сох анклавын аралап өтүүгө аргасыз. Эгемендик жылдарында бул жерге чек ара, бажы бекеттери жайгашып, баткендиктер эми бул аймакка кирип-чыккан сайын өзбек чек арачыларынын текшерүүсүнө кабылып келет.
Өзбек чек арачылары үч чакырым кирип келгени боюнча Чек ара кызматынын башчысы, генерал Тиленовго кайрылганбыз. Эч кыймыл жок. Ошону жай-жайында урматтуу чек арачыларыбыз чечиш керек да. Минтип отура берсек 3 чакырым эмес 10 чакырым да кирип келишет да...
Саитжан Эратов

Бирок бир жумадан бери аймак тургундары өзбек чек арачыларын мурдакы жерден эмес, үч чакырымдай бери, кыргыз айылынан чыга бериште жолуктуруп калды. Кошуна чек арачылар Баткендин Кыштут айыл округуна кире бериштеги “Кош келиңиздер” деген жазуудан да ичкериге кирип келген.

Кыштуттук Тазагүл аттуу келин чек арачылардын кыйла бери жылып калганын бийликтегилер билсе да эч кандай чара көрбөй жатканына даттанды:

- Өзбекстандын чек арачылары мурда “Алинин тамы” деген жерге жакын турушчу. Азыр болсо биздин Таян айылынын четине келип алышты. Кыштут айыл өкмөтү деген жазуудан да кирип кетишкен. Өтө эле катуу текшерип жатышат. Ар кишини такып сурап текшерип жатышат. Мындай болгонун баары билип турушса да эч нерсе кылбай жатышат.


Бийликтегилер кабардар, бирок...


Кошуналардын чек арачылары Кыргызстан аймагына карай жылып алганы тууралуу облустук бийлик маалымдар экен. Губернатордун коргонуу маселелери боюнча орун басары Саитжан Эратов Кыргызстанда чек араны коргоо чек арачыларга жүктөлгөнүн, чек арачылар өз милдеттерин так аткарганда мындай суроолор туулмак эместигин айтат:

- Мен өзүм деле көрүп келдим. Айыл өкмөт деген жазуудан 400 метрдей ичкериге кирип алышыптыр. Мурдакы жайынан 3 чакырым дегенге мен кошулам. Негизинен бул суроону чек арачыларга бериш керек. Өзүңүздөргө маалым, Өзбекстан жарандары бир тараптуу биз тарапка кирип жатышат. А биздин бир жаран алар тарапка кирип жатабы? Жок. Ошол маселелерди толугу менен көтөрүп, биз чек арачыларга айтканбыз. Эмнегедир ал иштер алга жылган жок. Мына 3 чакырым кирип келгени боюнча да жазуу түрүндө Чек ара кызматынын башчысы, генерал Тиленовго жеткиргенбиз. Ага да эч кыймыл жок. Ошону жай-жайында урматтуу чек арачыларыбыз чечиш керек да. Мен деле чек арачы болгом. Анан эле мындай бир ушундай багытты кармап коркуп отура берсек 3 чакырым эмес 10 чакырым да кирип келишет да. Бүгүнкү күндө биздин атуулдарды машинадан түшүрүп, бирден текшерип өткөрүп жатышат. Качан ушундай болду эле?

Аймак чек арасын өз көзөмөлүнө алган 2022 Баткен чек ара бөлүгүнүн кол башчысы Нурбек Турганбаевдин кошуна чек арачылардын бери карай жылып алышыканы тууралуу маалыматы деле жоктой. Ал бул аймакта чек ара тактала элек, демек, өзбек чек арачылары жылаарда бир нерсеге таянышса керек деп эсептейт:

- Мындай бир атайын жерлер бар да. Аны мамлекеттик каттоо кызматы билет. Бизди айыл кире беришиндеги жазуулар алдап койот. Чагымчылдыкка түртөт мындай жазуулар. Жазуудан кирип кетишти деп эле айта бергенге болбойт. Ал жер тактала элек. Бул жерге комиссия түзүп барып көрүш керек да, ошол жерде чечиш керек.

Демек облустук акимчиликтен билдиришкендей чын эле чек арадагы абалды чек арачылар эмес, жергиликтүү тургундар, же акимчилик көзөмөлдөп калгандай. Анткени, буга чейин Өзбекстан Сох анклавындагы “Девайран” деген дагы бир чек ара көзөмөл өтмө бекетин бир тараптуу жаап салган.

Макала даярдалып калганда облустук бийликтен бул маселе боюнча 25-ноябрда өзбек тарап менен сүйлөшүү болоорун кабарлашты.

XS
SM
MD
LG