Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Чек арадагы атышты эки өлкө өз алдынча иликтейт


Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жердеги жазуу, Аксы району.
Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жердеги жазуу, Аксы району.

Кыргыз-өзбек чегинде чек арачылардын атышып кетүүсүн эки өлкө өз алдынча иликтей турган болду.

24-июлда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери жолугушуп, окуяны аскер прокуратуралары иликтеп бүткөн соң жыйынтыктарды бири-бирине берүүгө макулдашты. Ал арада өзбек интернет сайттары бул окуяга кыргыз чек арачылары күнөөлүү деп жазууну улантууда. Кыргыз тарап мындай маалыматтар негизсиздигин айтып, четке кагууда.

Чечилбеген чек ара...

Жалал-Абаддын Аксы районунун аймагындагы бир күн мурда кыргыз-өзбек чек арачыларынын атышуусу боюнча бүгүн эки тараптуу жолугушуу болду. Кыргыз Чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов менен Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчысы Рустам Иминжановдун сүйлөшүүлөрүндө окуянын себептери талкууланып, тараптар өз аргументтерин ортого салды. Жолугушуу кандуу окуя болгон аймакта өттү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева буларды айтат:

- Эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын башчылары окуяны ар кимиси өз-өзүнчө иликтөө боюнча макулдашты. Кыргызстанда өзүнүн Аскер прокуратурасы, Өзбекстанда өзүнүкү аркылуу иликтенет. Анын жыйынтыгын эки тарап бири-бирине көрсөтөт. Андан сырткары мурда макулдашылгандай, такталбаган чек ара тилкелеринде эки тарап чек араларын биргелешип кайтарууну улантмай болушту.

Окуя болгон Аксынын Дейрес айылы райондун борборунан 75 чакырым алыстыкта. Калк жашаган айылдан чек ара 5 чакырымдай аралыкта.

Дейрес айылына кечээтен бери барып келип жаткан Аксы районунун акими Медет Айдаралиев окуяга катышкан кыргыз чек ара аскерлери менен жолугуп, ок атылган жерди көзү менен көргөн. Анын айтымында, чек арадан 10-15 метр Кыргызстан тарапта чек арачылар мушташа кеткен. Ал жерде эки өлкөнү бөлүп турган эч кандай белги коюлбаганы менен аймак Кыргызстанга тиешелүү:

- Ал жер эки тараптуу макулдашылбаганы менен Кыргызстан пайдаланат. Ар бир чек ара тозотунун картасы бар. Ошол карта боюнча пайдаланылып келген жерди кайтарышат. Чек арачылар оң тарабына бир нече, сол тарабына бир нече чакырым жүрүп кайтарышат. Бул жолу да кыргыз чек арачылары күндө жүргөн маршрут боюнча эле жүрүшкөн.

Ошентип кыргыз тараптын расмий маалыматына караганда, окуя Кыргызстандын аймагында болгон. Кайгуулда жүргөн кыргыз чек арачылары чектен өткөн эки өзбек чек арачысын байкап калып, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылганда алар макул болбой, ортодо мушташ чыккан жана куралды өзбек аскерлери биринчи колдонгон. Кыргыз чек арачылары жооп иретинде ок атканда бир өзбек чек арачысы жан берип, экинчиси оор жаракат алган. (Бүгүн ал аскер да каза тапканы кабарланууда)

Бул окуядан соң өзбек интернет сайттары кыргыз аскерлери Өзбекстандын аймагынакирип барып, чек арачыларын атып кеткенин жазып чыгышкан эле. Бүгүн болсо Кыргызстандын аймактык чек ара башкарма башчысы Абдикарим Алимбаев Өзбекстандын аймактык чек ара башкарма башчысы Ойбек Касымовдон кечирим сураганын, ал кыргыз аскерлери күнөөлүү экенин моюнга алганын ушул эле сайттар жазды. Аны кыргыз Чек ара кызматы төгүндөп, эч кандай кечирим суроо болбогонун жана ага негиз жоктугун билдирүүдө.

Кандуу окуядан кийинки маалымат кармашы


Саясий илимдердин доктору Аалыбек Акунов азыр бул окуя боюнча маалыматтык кармашуу жүрүп жатканына көңүл бурат:

- Өзбекстандын ошол такталбаган маалыматтарын башка өлкөнүн, Кыргызстандын да көз карандысыз маалымат каражаттары жарыялап жатат. Өзбек бийлиги окуя тууралуу расмий билдирүү тарата элек. Бирок Өзбекстан - диктатордук өлкө. Ал ошол расмий эмес маалымат каражаттарына да таасири бар. Ушундай учурда аларды керектүү жагына пайдаланып, маалымат таратып жатышы мүмкүн.

Бир жарым миңдей чакырым келген кыргыз-өзбек чек арасынын 300 чакырымдан ашыгы алиге тактала элек. Эки ортодогу чыр-чатактарга дал мына ушул тактала элек чек ара себеп болуп жатканы айтылып келет. Өзбек жарандары кыргыз жарандарына ок аткан учурлар болсо буга чейин бир канча жолу катталган. Анын акыркысы өткөн айда - 20-июнга караган түндө болду. Анда өзбек чек арачылары Кадамжай районунун аймагындагы бир үйгө чейин кирип келип, Бакыт Тагаев аттуу бир жайкын тургунду атып кетикшен эле. Бирок бул окуяны териштирүүгө өзбек тарап макул болбой койгон.

Былтыр болсо Ала-Бука районунда бир кыргыз чек арачысы өзбек тарап менен атышууда набыт болгон. Дегеле өзбек-кыргыз чек арасында кол салуу, мушташуу, туткундап кетүү сыяктуу окуялар тынымсыз болуп келет.

XS
SM
MD
LG