Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Кыргызстан менен Өзбекстан качкындарды алмашабы?


2005-жылдан бери Кыргызстандан баш паанек сурап 1494 өзбек жараны кайрылган
2005-жылдан бери Кыргызстандан баш паанек сурап 1494 өзбек жараны кайрылган

Кыргызстан менен Өзбекстандын бийликтери качкындарды өз ара алмашуу жөнүндө жашыруун макулдашты деген маалыматты коопсуздук кызматы төгүндөп, Кыргызстанда жашаган өзбекстандык каракалпактар бышыктап жатышат.

Ал арада баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Борбор Азиядагы адам укуктары” бирикмеси бир катар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоп, бул келишимдин ишке ашышына жолтоо болууну суранды. Серепчилер эгер ушундай макулдашуу түзүлгөнү чын болсо, анда эки мамлекеттин тең эл аралык абройуна чоң доо кетерин белгилешүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматтары качкындарды алмашуу боюнча келишим түзгөнү тууралуу маалыматты “Борбор Азиядагы адам укуктары” уюму өткөн жумада тараткан.

Аталган бирикменин жетекчиси Надежда Атаева эки өлкөнүн атайын кызматтарынын өкүлдөрү апрелдин башында жолугушканын билдирип, өзбек тарап Кыргызстанда баш калкалап жүргөн каракалпакстандык качкындарды берүүнү суранганын, ал эми кыргыз тарап анын ордуна 2010-жылдагы июнь калабасында качып кеткен этникалык өзбектерди сураганын жазган. Бирок бул маалыматты Улуттук коопсуздук кызматы жалган кабар деп, комментарий берилбестигин айтууда.

Бишкекте төрт жылдан бери башкалкалап жүргөн өзбекстандык активист, “Алга, Каракалпакстан!” кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев маалымат чын экенин, муну өзүнүн ишенимдүү булактары аркылуу тастыктаганын “Азаттыкка” айтып берди.

- Бул жерде маселе менин үй-бүлөмө такалып жатат. Өзбек бийлиги Кыргызстанга качып өткөн бардык жарандарын эмес, менин үй-бүлөмдөгү 7 кишини кайтарып алуу максатында Кыргызстанга “качкындарды алмашуу” сунушун киргизген. Анткени бизди өтө коркунучтуу эл душманы катары көрүшөт. Төрт жылдан бери Кыргызстанда жүрөм. Качкын макамын ала элекмин. Бул жер мага кооптуу. Качкын макамын алып, үчүнчү мамлекетке чыгып кетсем жакшы болмок. Мен билгенден Өзбекстандан Кыргызстанга баш паанек издеп өткөндөрдүн саны 30га жетет. Ал эми Каракалпакстан автоном республикасынан 7 киши келген.

Сагидуллаев өткөн жылдан бери Өзбекстандын атайын кызматы анын артынан адам салганын, Бишкекте балдары окуган мектептер да белгисиз кишилер тарабынан көзөмөлдөнүп жатканын билдирди.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова эки мамлекет тең Качкындар тууралуу эл аралык конвенцияга кол койгон өлкө болгондуктан, атайын кызматтар ортосунда мындай келишим соттун чечими менен гана ишке ашышы зарылдыгын белгилейт:

Азиза Абдурасулова.
Азиза Абдурасулова.

- Качкындар тууралуу эл аралык уюмдар тарабынан кабыл алынган документтерге таяна турган болсок, эгер жарандын укугу тепселенип, демократиялык талаптарга шайкеш келбеген жагдай болсо, качкын өз мамлекетине кайтарылып берилбеш керек. Мындай учурда качкындар тууралуу эл аралык документтердин талаптары сакталышы шарт.

"Аброй алып келбеген чечим"

Совет бийлиги кулагандан соң качкындар боюнча кабыл алынган Минск жана Кишинев аймактык келишимдерине ылайык, эгер жаран кылмышкер катары эл аралык издөөгө алынса, эки мамлекеттин күч органдары ортосундагы макулдашуу менен бири-бирине өткөрүп берилет. Бирок укук коргоочулар эгер качкынга жасалма жарлык тагылып, коопсуздугуна коркунуч келген учурларда кандай чара көрүү маселеси бул келишимдерде эске алынбаганын белгилешет. Ошондуктан БУУнун 1951-жылы чыккан "Качкындардын статусу жөнүндөгү” Конвенциясынын алдында аймактык документтер алсыз деп эсептелет.

“Борбор Азиядагы адам укуктары” уюму маселеге көңүл бурууну суранып Евробиримдикке, Бириккен улуттар уюмуна кайрылды. Азырынча бул маселени башка укук коргоо уюмдары көтөрө элек. Серепчилер болсо үмүт артып качып өткөн жарандарды алмашуу Кыргызстанга да, Өзбекстанга да аброй алып келбестигин эскертип жатышат.

Анжиян окуясы үчүн соттолгон адам
Анжиян окуясы үчүн соттолгон адам

2005-жылы Анжияндагы көтөрүлүштө жүздөгөн өзбекстандыктар Кыргызстанга качып өткөн. Алардын көбү башка мамлекеттерге качкын макамын алып, кетишкен. Арасынан төрт кишини кыргыз бийлиги Өзбекстанга кайтарып берген. Ал ушул күнгө чейин эл аралык коомчулук тарабынан сындалып келатканын Азиза Абдирасулова кошумчалады:

- БУУнун Качкындар менен иштөө комитети Кыргызстан төрт жаранды өткөрүп бергени чоң катачылык болгону жөнүндө чечим чыгарган. Андан бери он жыл өтсө да эл аралык жыйындарда айтыла берет.

Улуттар уюмунун качкындар менен иштөө комитетинин маалыматы боюнча, 2005-жылдан бери Кыргызстандан баш паанек сурап 1494 өзбек жараны кайрылган.

Көбү качкын макамын алган соң башка мамлекетке кеткен. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Качкындар менен иштөө бөлүмү ушул тапта коңшу өлкөдөн баш паанек сурап келген 18 адам бар экенин билдирди. Арасында сегизи - балдар. Азырынча эч кимисине качкын макамы берилген жок. Алышса эле үчүнчү өлкөгө чыгып кетишет. Анткени эл аралык документтерге ылайык, качкын чек аралаш мамлекетте жашабаш керек.

Ал эми 2010-жылы коңшу өлкөгө баш паанек издеп кыргызстандык ондогон этникалык өзбектер өткөнү тууралуу маалыматтар бар.

XS
SM
MD
LG