Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

"Туулган жериң сени абдан сагынды"


Калк баалардын кымбатташына нааразы.
Калк баалардын кымбатташына нааразы.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар 7-апрель окуясына, азык-түлүккө баанын кымбатташына карата пикирлерин айтышты.

Бишкек шаары, Албабүбү Жылкыбаева: Өткөн жылкы 7-апрелде уулум экөөбүз ыңкылапка активдүү катыштык. Эртеси жарадар болгондорго кан керек дегенди угуп алып, өз демилгем менен бир тууган сиңдим Кайыргүлдү ээрчитип алып элди кан берүүгө үгүттөп чыктык.

Токтогул көчөсүнүн башында бир интернет клуб бар экен, ошол жердеги балдарга “Кыргызстандыктар! Кан тапшыралы! Элибиз оор абалда! Тынчтык/Сухомлинов көч.” деген жазууну кыргызча, орусча көп барак кылып бастырып алып, Ош базарынын жанындагы Бейшеналиева көчөсүнөн баштап элге таратып, устундарга жабыштырып, элди кан берүүгө үгүттөп жөнөдүк.

Албабүбү Жылкыбаева
Кээ бирөө даректи алышып, эле ошол жерден кан бергени кетишти. Ошентип борбордук аянтка келсек ал жерде оппозиционерлер эл менен жолугушуп жатыптыр. Мен “микрофон аркылуу элге айткыла. Жарадар уулдарыбызга кан абдан керек болуп турат. Каалагандар барып кан тапшырсын, дареги Сухомлинов көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши”,-дедим. Алар элге айтканда, ошол жерден эле бир топ балдар кан бергени кетишти. Бир кезде кайра келип “кан алганга медициналык аппараттар жетишпей жатат, медкызматкерлер жетишпей жатат" дешти. Оппозицинерлерге “тез арада Сухомлинов көчөсүндөгү кан алуучу лабораторияга тез жардам бергиле”,-дедим.

Мен ошол жерден Роза Отунбаева менен таанышып калдым. Ага айттым, “караңызчы, өңчөй жигиттер мерт болду. Ошондуктан Жаштар министрлиги керек. Колуңуздан келсе тез арада Эдил Байсаловду чакырып, ошону Жаштар министри кылып дайындаңыз”,-дедим. Бир кезде Ак үй тараптан бир машина катуу келип терезесинен ок ата баштады. Биз туш тарапка качтык. Роза Исаковна кайда кеткенин билбейм, жанымдагы сиңдим да жок. Баягы жерге кайра келип, көптөн кийин сиңдимди таптым. Ошондо биз жок дегенде бир балага кан таап берип, жанын аман алып калдык болуш керек деп ойлоп калам.

Кемин району, Эдил Актанов: 7-апрель каргашалуу күн болду. Биз “Форумга” жакын жашачубуз. Ошол күнү менин иним Чыңгыз Акатанов эл менен кошулуп, аянтка барыптыр. Ошол жерден ок тийип каза болуптур. Эки күндөн кийин сөөгүн таптык. Артында боздоп ата энеси, бир туугандары, келинчеги, эки баласы калды. Экинчи баласы алты айлык курсакта болчу. Баласын да көрбөй калды. Ушуну менен чыркыраган бойдон колдон алдырып жиберип отуруп калдык. Кимден өч аларды да билбейсиң. Жанагы кан төгүп, каргышка калгандар тирүү басып жүрүшпөйбү.

Бишкек, Алмаз: Былтыр 7-апрелде окко учкан балдардын элесине “Туулган жериң сени сагынды” деген ырымды арнайм.

Мекен үчүн аябастан жаныңды.
Барып бердиң күйгөн отко жалындуу,
Айла канча, ажал деген ушу экен,
Ата-энең сени абдан сагынды.

Төгүп бердиң денеңдеги каныңды,
Ата Журтуң көрүп турду аныңды.
Жаркыраган жакшынакай жубайың,
Түбөлүк жар сени абдан сагынды.

Унута албай эркелеткен жазыңды,
Үмүт үзбөй күтөт сени жагымдуу.
Кирип келип эркелетер бекен деп,
Уул-кыздарың сени абдан сагынды.

Унутпайбыз түбөлүккө баарыңды,
Баатырсыңар жашыңбы же карыңбы.
Элиң үчүн тосуп берген жүрөктү,
Туулган жериң сени абдан сагынды.

Шопоков шаары, Алтынбек: Жакында кыргыздын туусун которуу тууралуу сөз айтылып калды. Мен ошол идеяны колдойм. Анткени мамлекеттик желегибиз кызыл болсо кан төгүү көп болот экен. Мен сунуш кылат элем, туубуз ак жана көк түстөн болушу керек. Кыргыздар илгертеден бекер айтышпайт “агар, көгөр”,-деп. Ошондуктан байрагыбыз көк жана ак түстө болсо бардык жакшылыктар болот.

Алайкуу району, Чалыров Медербек:
Азыр азык-түлүк абдан кымбаттап кетти. Ун эки миң сомго чейин чыгып жатат. Майдын литри жүз сомдон ашты. Заманыбыз оңолбой жатат. Дагы айтаарым, Алайкууга баруучу жол оңолбой турат. Жок дегенде грейдер менен бир-эки жүрүп койсо жакшы болот эле. Караган киши жок. Машине менен катташ кудайдын бир тозогу болду. Өкмөт ушу алыскы райондорго да көңүл буруп койсо жакшы болот эле.

Өзгөн району, Калыкова Бааркан: Элдин көпчүлүк катмары абдан начар жашайт. Эки-үч миң айлык менен бир үй-бүлө жашоого болобу? Ал эми жумушу жок, айлык албагандар канча? Ушинтип жашоого болобу? Албетте болбойт. Экономиканы көтөрүүнүн ордуна жогору жактагы жетекчилер, кечээ эле элге чоң убадаларды берип жанын жеген депутаттар бири-бири менен тытышып, бири-бири менен чукушуп, ошону менен күн өтүп жатат. Анан качан оңолобуз? Ал эми чегерүүнүн тартиби күчтүү болгондуктан өтө муктаж үй-бүлөлөр пособие, гумжардам ала албай калып жатышат.

Эгерде сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, "Эл үнү" программасына деп аты-жөнүңүздү айтып туруп, авто жоопко пикириңизди жаздырып коюңуз. Ал эми бирөөнү каралаган, кимдир бирөөнүн аброюна шек келтирген же далилсиз маалыматтар болсо эфирге чыгарылбайт.

XS
SM
MD
LG