Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Апта: Чатак басылды, Кумтөр бүдөмүк...


Жалал-Абадда жол тоскондор, 4-июнь, 2013.
Жалал-Абадда жол тоскондор, 4-июнь, 2013.

Узап бараткан жумада Жети-Өгүз, Жалал-Абадда жаңжалдар токтоду.

Шаштыны кетирген акциялар

Жети-Өгүз жана Жалал-Абаддагы локалдык, бирок курч мүнөздөгү нааразылык акциялары бийликтин шаштысын кетирди - күч колдонду, камакка алды. Бирок соңунда ийилип, калктын таламын аткарууга барды. Бул, күч структуралары жүрөксүп калган, мамлекети алсыз Кыргызстандын шартында тополоңду басуунун бирден-бир жолу эле. Калктын нааразылык акциясынын айыгышкан мүнөзгө өтүүсүнүн себеби дале бийликке ишенкиребей калышынан келип чыкканы байкалат. Бирок Жети-Өгүздө да, Жалал-Абадда да чатак толук басылган жок. Анткени, Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр кызуу бөлүгүнө эми гана өтүүдө. Ал кандай аяктары белгисиз. Ал эми Жалал-Абаддагы чыгууларга детонатор болгон Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов абактан бошотула элек. Алар бошотулбаса, нааразылык акцияларын кайра баштоого даярдыгын Ташиевдин тарапкерлери өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушууда эскерткен.

Бийлик менен калк ортосунда чечише турган дагы бир маселе бар. Ал мыйзамдуулукка байланыштуу. Тополоң күчөп турган мезгилде аны басуу үчүн бийлик өкүлдөрү эч ким жазага тартылбайт деген убадаларды берип жиберген эле. Маселен, кызматынан 6-июнда бошоп калган Шамил Атаханов Ысык-Көлдөгү жолугушууда биз кечирдик, силер да кечиргиле деген эле:


- Эгерде бизден күнөө кетсе, кечиргиле. Силерден күнөө болсо биз кечиребиз.

Ал эми Шамил Атаханов ушул сөздү айткандан кийин айтылуу “Водолаз” аттуу каймана аты бар Максат Абакировдун баарын жайгара сүйлөөсү криминал менен бийликтин байланышын айгинеледи дегендерди көбөйттү.

Бирок мыйзамдуулук баарына бирдей деген жүйөнү карманган бийлик ал принципти сактоо максатында нааразылык акциясында чектен чыккандар жоопкерчиликке тартылат деп жатат.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 6-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө мыйзам бузууга баргандар жоопкерчиликке тартыларын билдирди:

- Мыйзамдуулукту бузгандар мыйзамдын алдында жооп берет. Кечээ, мурда күндөн баштап бардык катышкандардын баарына административдик айыптар берилип жатат. Бейбаштык деген берене боюнча катышуучулардын баарына иш козголот.

Премьер-министрдин сөзүн тастыктап, Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев УКМКага чакыртылып, сурак берип жатканы маалым болду.

Бийлик башындагылар Жети-Өгүз жана Жалал-Абадда нааразылык акциясына чыккандарды кайсы бир күчтөр уюштурган деп, бирок ысымдарды айта элек. Шектин көпчүлүгү оппозициялык “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаровго барып такалууда.

Азимбек Бекназаров бийликтин шегине мындай жооп берди:


- Кумтөрдө элдин мыйзам бузууларга, радикалдуу кадамдарга барышына бийлик өзү күнөөлүү. Аны өзү уюштурду. Бизди колдоп жаткан жөнөкөй эл тынч жолу менен, саясий нааразылыктарын билдирип, митингиге чыгып, эл ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок ошолордун арасына да чагымчыларды киргизип, радикалдуу кадамдарга барып, анан ошонун баарынын артында Бекназаров турат, саруу туугандары менен дешкен. Элдин арасына киргизген, өздөрү айтып жаткан бандиттери Кыргызстанды дүйнөгө жаманатты кылышты.

Бийлик козголгон кылмыш иштин алкагында уюштуруучуларга жетүүнү көздөп жатат. Эгерде жалпы калк ичинде нааразылык маанайы төмөндөсө, бийликтин узун укуругу уюштуруучуларга жетпесе да, эң активдүүлөргө жетерине шек жок.

Азырынча бийлик өз катарын бекемдөөгө киришти. Жети-Өгүз жана Жалал-Абад окуяларында пассивдүүлүктү көрсөткөн УКМКнын башчысы Бейшенбай Жунусов кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка өткөн жылдын соңунда эле дайындалган эле. Кыязы, президент анын ишине нааразы болгондой. Жунусовдун ордуна коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев дайындалды. Ал коргоо кеңешинин катчысы милдетин да бирге аткарып турмакчы.

Жунусовдон башка да саясатчылар бул окуяларда жоготууларга учурады. Айрымдар кызматынан айрылса, башкалар саясий аброюна көлөкө түшүрүп алды. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев жаңжалдар басылган учурда гана жерине барып, маселени чечкен адам катары чыга келди. Бул саясатчынын айласынан жана кайсы убакта кадам таштоону күтө билүүсүнөн кабар берет.


Канадалыктардан түшкөн сунуш

Жети-Өгүздөгү акция Кумтөр боюнча натыйжасы чыга элек сүйлөшүүлөрдү ачууга өкмөттү аргасыз кылды. Канадалыктардан түшкөн сунуштар бейшемби күнү парламентте дагы бир жолу айтылды.

Маалыматка караганда, кыргыз өкмөтүнө түшкөн сунуш “Центерра голд инктин” акционерлеринин эмес, жетекчилигинин сунушу. Ошондуктан аны толук мыйзамдуу деп айтыш кыйындыгын эксперттер, депутаттар белгилеп жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин кароосуна берилген мына ошол сунуштар жазылган кагаздарга өкмөттүн бир да мүчөсү кол койбогону айкын болду. Ошондуктан ал расмий эмес документ катары бааланды.

Бирок да андагы шарттарга караганда, канадалыктар Кыргызстан менен Кумтөр боюнча биргелешкен ишкана түзүүгө макул болушууда. Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев сунуштун шарттары тууралуу буларды айтты:


-“Кыргызалтын” “Центерра” компаниясындагы өзүнүн 32.7% акциясын “Центерра” компаниясы менен биргелешип түзүлө турган ишканадагы көбүрөөк үлүшкө алмаштырат. Ал биргелешкен ишкана Кумтөр долбооруна ээлик кылат. Экинчиси - биргелешкен ишкана Кыргызстандын аймагында катталат.

Жоомарт Оторбаевдин айтымында, жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканынын жетекчилигин “Кыргызалтын” менен “Центерра голд инк” компаниясы паритеттүү негизде дайындайт. Тактап айтканда, биргелешкен ишканада бир жыл кыргыз тараптан жетекчи болсо, экинчи жылы “Центерра” тараптан болмокчу. “Центерранын” жетекчилигинин бул сунушун Кыргызстан тандап алган чет өлкөлүк юридикалык «ДЛА Пайпер» жана финансалык «Прайз Воотерхаус Куперс» компаниясы иликтеп жатат.

Мына ошол иликтөөнү аягына чыгаруу үчүн өкмөт дагы убакыт сурады. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр маселесин чечүү жеңил болбостугун эскертти:


- Жыйырма жылдан бери бузулганды үч айда оңдоп коет десеңиздер, андай болбойт. Сиздерден суранабыз, калыс болуп бериңиздер. Биз бардыгын жасап жатабыз. Варианттарыбыз бар. Биздин оюбузча, сентябрдын орто ченинде бир форматка чыгып калабыз.

Көпчүлүк депутаттар өкмөт башчынын жүйөсүнө макул болуп, кабыл алынган токтомдо 10-сентябрга чейин бир жыйынтыкка келүүнү өкмөткө тапшырды. Ошондой эле токтомдо 10-сентябрда жыйынтык болбосо, келишимди бузуу боюнча мыйзам долбоору парламентке коюлуш керектиги белгиленди.

Кыргызстан коомчулугунда, анын ичинде парламентте канадалыктар менен сүйлөшүүдө натыйжа болбойт, алар дагы алдап кетет деген күмөндөр күчтүү. Ага жол бербеш үчүн Кумтөрдө өндүрүлгөн алтындын 50% Улуттук банкка сактоого алууну депутаттар Мыктыбек Абдылдаев жана Акматбек Келдибеков сунуштап чыкты. Бирок бул сунуш каражат жок деген жүйө менен кабыл алынган жок.


Ташиевдердин соту уланат


7-июнда Бишкек шаардык соту камактагы депутаттардын апелляциялык арызын карай баштады. Сотко Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошеванын өтүнүчү келтирилди. Анда Жолдошева Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду үй камагына чыгара турууну сураган. Бирок сот аны аткаруудан баш тартты. Камчыбек Ташиев болсо өз тарапкерлерин мыйзамсыз кадамдарга барбоого, соттун чечимин күтүүгө үндөдү.

Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Жоробаевдин билдирүүсүнө караганда, соттук териштирүү 10-июндан тартып уланат. Эгерде Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтыра турган болсо, анда Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровду УКМКнын абагында июль айынын башына чейин кармоого мүмкүнчүлүк бар. Анткени райондук сот эки депутатты 1.5 жылдан кескен. Тергөө абагында отурган бир күн эки күнгө эсептелгендиктен, биринчи инстанциядагы соттун мөөнөтү июль айынын башында бүтөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG