Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Апта: Чечилбеген чек ара...


Кыргыз-тажик чегиндеги Көк-Таш айылынын тургундары. Баткен, 18-январь, 2014.
Кыргыз-тажик чегиндеги Көк-Таш айылынын тургундары. Баткен, 18-январь, 2014.

Узап бараткан жумада Бишкек менен Ошто мэрлер шайланды. Кыргыз-тажик чек арасында абал татаал бойдон турат.

Баткенде 11-январдагы кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусунан кийин абал турукташканы менен чек арадагы айылдардын калкы дале кооптонуу менен күн кечирүүдө.

Чек арадагы абал татаал бойдон

Узап бараткан жума ичи кыргыз-тажик чек арасында абал бирде курчуп, бирде тынып турду. Эки тараптын өкүлдөрү куралдуу аскерлерди калк жайгашкан пункттардан алып кетүүнү 15-январда Тажикстандын Исфара шаарында болгон сүйлөшүүлөрдө макулдашты. Бирок жергиликтүү калк ичинде кооптонуулар жана чочулоолор сакталып турат.

Баткен районунун акими Сейтмурат Калыков 17-январда эл ичи тынчып, жолду куруу уланып жатканын билдирген:

Чек арадагы Ак-Сай айылынын балдары, арыда эл топтолуп турат. 12-январь, 2014.
Чек арадагы Ак-Сай айылынын балдары, арыда эл топтолуп турат. 12-январь, 2014.
- Эч кандай уу-дуу жок. Баары жайында. Жол курулушу да жүрүп жатат. Биз азыр эле Ак-Сайда эл менен жолуктук. Алардын маанайы жакшы. Мектептерде окуу кадимкидей жүрүп жатат.

Район акими Калыковдун айтымында, жолдун курулушу эки жылга чейин созулушу мүмкүн. Анткени ал аскалуу тоолордон өтөт.

11-январдагы кандуу окуя кыргыз-тажик мамилесине олуттуу таасир этти. Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Душанбедеги элчиси Урмат Саралиевди чакыртып алды. Тажик аскерлеринин курал колдонуусу, анын ичинде оор куралдарды колдонуусу боюнча эки жолу нота жиберди. Анда Көк-Таш - Ак-Сай Тамдык жолу Кыргызстандын аймагында курулуп жатканы белгиленди.

Тажик тарап өз кезегинде жол курулуп жаткан аймакты талаштуу деп эсептеп жатат. Алар жолдун курулушу менен Ворух анклавына жолду жоопсуз жабууга, суу башын көзөмөлдөөгө кыргыз тарап мүмкүнчүлүк алат деп чочулашууда.

Тажик тарап өздөрүнүн позициясын 1924-жылдагы документтер менен бекемдөөдө. Кыргыз тарап 1958-59 – жылдары жүргүзүлгөн тактоолорго, ал боюнча кабыл алынган документтерге таянууда. Ошондой эле КМШ мамлекеттери кол койгон Минск документи бар. Анда СССРдин мезгилиндеги административдик чек аралар мамлекеттик чек ара катары таанылары белгиленген. Бирок бул учур боюнча да эки тарап талашка түшүп калууда. Тажик тарап административдик чек ара катары 1924-жылдагы документтерде көрсөтүлгөндү карманса, Кыргызстан түзүлгөн реалдуу шартты эске алуу менен кабыл алынган кийинки документтерге таянууда.

Чек ара боюнча эксперт Саламат Аламановдун айтымында, маселе мына ушинтип татаалдашууда:

- Союз тараганга чейинки карталардагы чек араны биз калыптанган, турган чек ара, ошону бекители деп жатабыз. Тажик тарап болсо, 1924-жылдан кийинки өзгөртүүлөрдүн баарын мыйзамсыз деп жатышат. Биз эч андай эмес деп айтып жатабыз. Ошол союз тараганга чейин тарыхый калыптанган чек араны мыйзамдаштырышыбыз керек дейбиз.

1958-59-жылкы документтер СССРдин Министрлер советине чейин бекитилип, бирок Жогорку Советке жетпей калган. Андан кийин да тактоо иштери тынымсыз жүргүзүлгөн. Акыркысы 1988-жылы болуп, бирок ал дагы Жогорку Кеңештерге жетпей калганы Саламат Аламановдун китебинде белгиленген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 900 чакырым келет. Анын көпчүлүгү, анын ичинде эң татаал бөлүктөрү делимитациялана элек.


Мэрлер шайланды


Бишкектин жаңы мэри кубанычбек Кулматов
Бишкектин жаңы мэри кубанычбек Кулматов
15-январда Бишкекте жана Ошто мэрлер шайланды. Бишкекте күтүлгөндөй эле шайлоо ызы-чуусуз болуп, шаардык кеңештин депутаттары абсолюттук көпчүлүк менен КСДПнын талапкери Кубанычбек Кулматовго добушун беришти.

Жаңыдан шайланган Кулматов жаңы кызматын аялдамалар, автоунааларды токтотуу жайлары, жол эрежелери жана көчөлөрдү жарык менен камсыздоо багытында ишин баштаарын жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Мэрликке шайланган Кулматов төрт ай мурун Чүй облусунун губернатору кызматына дайындалган эле. Ага чейин Бакиевдин заманында да, Атамбаевдин убагында да Бажы кызматында иштеп келген. Бул тармак эң кирешелүү жана эң эле коррупциялашканы коомчулукка маалым.

Ош шаарынын мэрлигине Айтмамат Кадырбаев шайланды. Ага 25 депутат добушун берди. Анын атаандашы Мелис Мырзакматов 19 добуш гана алып калды.

Айтмамат Кадырбаев 2010-жылы ыңкылаптан кийин май айында Ошто мамлекеттик администрацияны басып алуучулардын башында тургандардын бири болгон. Эми ал Ошто мыйзамсыз аракеттерге жол бербесин билдирип жатат.

Мыйзамсыз аракеттерге же бийликти басып алууга 15-январда Мелис Мырзакматов барган жок. Ал митингиге чогулган тарапкерлерин сабырдуулукка үндөп, саясий күрөш күндүн жылышы менен күчөөрүн айтып чыкты:

Экс-мэр Мелис Мырзакматов тарапкерлеринин алдында, Ош, 15-январь, 2014.
Экс-мэр Мелис Мырзакматов тарапкерлеринин алдында, Ош, 15-январь, 2014.
- Күрөш эми башталып жатат. Кудай буйруса 15 күндөн кийин чилде чыгат. Бир эле мэрияны алган менен иш бүтпөйт. Бардык балээ, ачкыч нары жакта болуп атат. Биз бир эле мэрияны алабыз деп келген жокпуз. Биз чындык издеп, акыйкат издеп, Кыргызстанда акыйкат орноткону чогулуп отурабыз. Ошондуктан Ташиевге окшотуп чагымга түртпөңүздөр, Келдибековго окшоп калбайын.

Мырзакматовдун мына ушундай чакырыгынан кийин митингиге чогулган эл тарап кетти.

Талдоочулардын баамында, эми Мелис Мырзакматов жазгы саясий өнөктүккө, андан ары келечектеги парламенттик шайлоого даярдык көрүүгө киришет.


Саруудагы курултай

Бишкек жана Ошто мэр шайланган күнү Ысык-Көлдүн Саруу айылында курултай болду. Ага бийлик башчылары, оппозиция лидерлери чакырылган эле, бирок курултайга бийликтен эч ким келген жок. Көпчүлүк оппозиция лидерлери да барбай калышты. Курултайда болгондор арасында Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров, Равшан Жээнбеков, Рамазан Дырылдаев болду.

Курултай Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу, бийликти узурпациялоого каршы туруу жана абактагы балдарды бошотуу, саясий куугунтукту токтотуу боюнча чечим кабыл алды. Бул милдеттерди аткаруу максатында атайын штаб түзүлүп, анын башчылыгына Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков шайланды.

Жээнбеков Кыргызстанда расмий түрдө парламенттик-президенттик бийлик системасы турганы менен иш жүзүндө бардык бийлик президенттин колуна топтолуп, бийликти узурапциялоо жүрүп жатат дейт. Анын далили катары Жээнбеков бул жүйөөлөрдү келтирди:

- Премьер-министр бүгүнкү күнү президент гана каалаган киши. Жогорку Кеңештин төрагасы президент каалаган киши. Бишкек менен Ош шаарынын мэрлери президент гана каалаган кишилер. Мына ушуга окшогон далилдер толуп жатат. Ошондуктан биз, оппозициялык саясатчылар азыркы күндөгү бийликти узурпациялоого, бир колго топтогон саясатына каршы күрөшүүбүз керек деген чечимге келдик.

Бийлик өкүлдөрү мындай пикирди четке кагып, бардык дайындоолор жана шайлоолор мыйзам чегинде болуп жатканын белгилешүүдө. Маселен, КСДП фракциясынын мүчөсү Абдыманап Кутушев:

- Кандай гана кыймыл болбосун мэрлерди шайлообу, премьер-министрди шайлообу - баары укуктук талаада болуп жатат. Добуш берүү менен болуп жатат. Муну баарыбыз көрүп жатпайбызбы.

15-январда Сарууда талкууланган Кумтөрдүн тагдыры жакынкы жумаларда кайрадан парламентте каралышы күтүлүүдө.

Экономика өстүбү?

Узап бараткан жумада Улуттук статистикалык комитет 2013-жылдын экономикалык көрсөткүчтөрүн жарыялады. Ал маалыматка караганда, былтыркы жылы өлкөнүн экономикасы 110.5% өстү. Мына ушул санды өкмөт Кыргызстанда болуп көрбөгөн
Кумтөр алтын ишканасы
Кумтөр алтын ишканасы
өсүш катары атады. Бирок Кумтөрдү кошпогондо Кыргызстандын экономикасы өткөн жылы105.8% өскөн.

Көз карандысыз экономист Сапар Орозбаков 6% тегерегинде өсүш Кыргызстанда болуп эле келген деп, келерки жылы мына ушул көрсөткүчтү камсыз кылуу да жеңил болбосун белгиледи.

Анын негизги себептеринин бири катары Сапар Орозбаков Кыргызстан экономикасынын сырткы факторлордон көз карандылыгын атады:

- Биздин өнүгүүбүз Орусия менен Казакстандын өнүгүүсүнө байланыштуу. Алардыкы болсо дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу. Дүйнөлүк тенденцияда өндүрүштүн төмөндөөсү болуп, кризистен чыгалбай жатышпайбы. Натыйжада Кыргызстанга акча которуулар азайат. Анын мультипликативдик натыйжасы азайат. Ошентип быйыл чоң деле өсүш болбойт. 7% болоруна ишенбеймин. 5%дын тегерегинде болот.

Экономиканын башка тармактарынын ичинен өткөн жылы курулуш тармагы 112.4%, соода-тейлөө тармагы да 7% ашуунга, айыл чарбасы 102.9% өскөн.
Кумтөрдү кошпогондо өнөр жайы 103.5% өскөн. Бирок экономиканын бир топ маанилүү тармактарында төмөндөө орун алган. Маселен, Кумтөрсүз тоо-кен тармагы -4.6%, энергетика -1.7%, ылдыйлаган. Андан сырткары текстиль жана тигүү тармагы төмөндөгөн. Экспорттун деңгээли бул тармакта дээрлик 30%дан ашуунга кыскарган. Өкмөттөгү адистер текстиль тармагындагы кыскарууларды Орусияда суроо-талаптын азайышы жана Бажы биримдигинде шарттын катаалдашы менен байланыштырууда.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономикадагы жогорку өсүш Кумтөргө байланыштуу болгонун моюндап, 2014-жылы бул өсүштү камсыздоо кыйын болорун айтты:

- Эгерде ушул базанын негизинде кала турган болсок 5% жакын өсүш болот. Андан ашышыбыз кыйын. Жакшыраак өсүш үчүн структуралык реформалар жүргүзүшүбүз керек. Инвестиция тартышыбыз керек. Мына ошондо акча көбөйөт, көрсөткүчтөр оңолот.

Кыргыз өкмөтү быйылкы жылдын бюджетинде экономикада 6.5-7% өсүш болорун болжогон.

Кыргызстан экономикасындагы терс тенденциялардын бири - тышкы соодадагы тескери сальдо. Маселен, 2013-жылдын 11 айында импорт 5 млрд. 424 млн. доллар болсо, экспорт 1.5 млрд. доллардан гана ашкан. Тескери сальдо үч эсеге жакындап барган.

Мындай абал улуттук валютанын туруктуулугуна да терс таасирин тийгизүүдө. Акыркы мезгилдерде долларга карата сомдун курсу түшүп баратат. Тактап айтканда, 15-январда доллар дагы бир психологиялык чектен өтүп, бир доллар 50 сомдон ашып кетти.

Албетте, тышкы соодадагы мындай терс көрүнүштү эмгек мигранттары которгон акча кайсы бир деңгээлде теңдеп турат. Маселен, 2013-жылдын 11 айында кыргызстандык эмгек мигранттары 2млрд. 60 млн. доллар которушкан. Бул банктар аркылуу которулган гана сумма.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG