Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Швейцарияда Кыргызстанга кызыккандар көп


Кыргызстандын Швейцариядагы күндөрүнөн бир көрүнүш. 28-август, 2014-жыл.
Кыргызстандын Швейцариядагы күндөрүнөн бир көрүнүш. 28-август, 2014-жыл.

Путин башкарган Орусия менен жакындашуу Кыргызстан үчүн кооптуу, бирок эки ыңкылапты башынан өткөргөн кыргыз эли өз келечегин өзү тандап, саясый процесстерге таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экени өтө маанилүү. Мындай пикирин Швейцарияда Кыргызстанга арналган талкуунун катышуучулары билдирди.

Швейцариядагы “Кыргызстанга көпүрө” аттуу коомдук уюм өткөргөн Кыргызстандын күндөрү мигранттардын бөтөн коомго интеграциялашуусундагы кыйынчылыктар, чет өлкөлүк эксперттердин өлкөнүн тышкы саясаты, артыкчылыктуу багыттары тууралуу көз карашы айтылган талкуу аянтчасы болуп берди.

"Кыргыздар эркиндиктин демин сезип калды"

Талкууга катышкандар 23 жыл мурун өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн Кыргызстан демократия принциптеринен тайыган жокпу, тышкы саясаты туура жүрүп жатабы, бул багытта кандай кооптуу жагдайлар, жетишкендиктер бар деген суроолордун тегерегинде ойлорун ортого салды.

“Русская Швейцария" журналынын башкы редактору Александр Пескенин пикиринде, аймактагы коңшу мамлекеттерге салыштырганда Кыргызстанда жалпы абал алда канча жакшы:

Александр Песке
Александр Песке

- Баары салыштыра келгенде даана байкалат. Коңшуларыңарды карап көргүлөчү. Өзбекстандын эли араң турат. Казакстандын эртеңкиси кандай болору күмөн. Кыргыздар эки ыңкылаптан кийин эркиндик илебин сезип, бийликке таасир этүү мүмкүнчүлүгү бар экенин түшүнүп калды. Президент ордунан түшпөс диктатор болбошу керек, партиялардын көп түрдүүлүгү камсыздалып, ар кандай пикир ачык айтылуусу зарыл деген көз караш мындан ары да бекемделишин каалайт элем.

Ал эми “Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатында соңку жылдары бир гана Орусия жакка ыктап жатат деген көз караш канчалык жүйөлүү?” деген суроого жооп бери жатып Александр Песке буларды айтты:

- Кыргыздар эзелтен чек аралаш жашап келаткан коңшулары менен ар дайым жакшы мамиледе болуусу туура. Швейцариядан мисал алсаңар болот. Швейцария бир да кошунасы менен чырлашпаганга аракет кылат. Өлкөнүн экономикасынын үчтөн бири Германиядан көз каранды болгондуктан аны менен мамилеси жакшы. Франция, Италия менен да жакшы.

"Путиндик Орусия Кыргызстан үчүн кооптуу"

Талкуунун дагы бир катышуучусу, швейцариялык журналист, Швейцариянын коомдук радиосунун Москвадагы редакциясын көптөгөн жылдар жетектеп келген Макс Шмидт Кыргызстандын азыркы тышкы саясаты боюнча пикирин так кесе айтты:

Макс Шмид
Макс Шмид

- Кыргызстандын Орусия менен экономикалык алакасынын бекемделиши, албетте жакшы. Бирок саясый өңүтү да бар. Орусия өзүнүн Кыргызстанга карата таасирин күчөтүүгө аракет жасап жатат. Бирок азыркы Орусия такыр башка. Путиндик Орусия. Анын жүзүн биз Украинадагы окуялардан көрүп жатабыз. Кыргызстанга ал жакшылык алып келбейт.

Талкууну уюштурган “Кыргызстанга көпүрө” уюмунун жетекчиси, акыркы 7 жылдан бери Швейцарияда жашап келаткан журналист Кайрат Биримкулов Кыргызстанда соңку жылдары орчундуу саясый процесстер жүргөнү менен мурдагы коррупциялык бийликке табакташ болгондор дагы эле маанилүү мамлекеттик кызматтарды ээлеп келатканын өкүнүчтүү көрүнүш деп атады. Анын пикиринде, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө жол ача турган эки маанилүү шарт бар:

Кайрат Биримкулов
Кайрат Биримкулов

- Азыр шайлоо системасы жаңы. Мурдагыдай бийлик тарабынан басымга жол берилбейт. Элибиз алдыдагы шайлоодо ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланат деп ишенем. Өкмөт да элди билип калды. Сөз эркиндигин камсыз кылуу жагынан да Кыргызстан соңку төрт жылда жакшы жетишкендиктерге ээ боло алды.

Швейцариянын Люцерн шаарында өткөн талкууга Кыргызстан менен иштешкен айрым инвесторлор да катышты. Алар кыргыз өкмөтүнүн чет өлкөлүктөргө виза берүүнү жөнөкөйлөткөнү чоң мүмкүнчүлүк түзгөнүн, бирок инвестициялык климаттын чынында эле ишенимдүү болушу үчүн биринчи кезекте ички туруктуулук жана саясый стабилдүүлүк, мыйзамдарга баары баш ийген укуктук система, эң ириде тынчтык зарыл экенин айтты.

Кыргызстан - Швейцария кызматташтыгын бекемдөө максатында уюшулган талкуу-жыйындар Европадагы бийик тоолуу, жаратылышы кооз өлкөдө кыргыз жерине, элине кызыккан, келечегине кайдыгер эмес адамдар көп экенин көргөздү. Маалымат катары айта кетсек, эки өлкө ортосундагы экономикалык алака жетиштүү өнүгө элек. Былтыр сооданын көлөмү 531 миллион АКШ долларын түзгөн. Кыргызстандан негизинен баалуу металлдар экспорттолуп, дары-дармек, үй тиричилигине керектүү товарлар, техника жана тамак-аш импорттолот.

XS
SM
MD
LG