Кышкысын тоого чыгып, лыжа же сноуборд тебүү көпчүлүктүн эле капчыгына төп келе бербейт. Андыктан айрым ата-энелер балдары менен шаардан алыс эмес тоо этектеринде баллондордо жылгаяк тээп эс алышат.
Адистер баллон менен жылгаяк тебүү кооптуу экенин эскертсе да, кыргызстандыктардын арасында бул популярдуу жана арзан эс алуу болуп калды. Жада калса кышкысын баллондорду ижарага берүү да акча табуунун бир жолуна айланды.
Ысык-Ата районунун Кой-Таш айылына жакын жердеги тоо этеги жуманын эс алуу күндөрүндө жылгаяк тепкен эс алуучуларга толот.
Бул жерде чана, желим баштык жана дөңгөлөктөрдө гана жылгаяк тебүүгө мүмкүн. Бирок чаналарды чанда эле кезиктиресиң.
Эс алуучулардын көпчүлүгү баллондо жылгаяк тебүүнү каалашат. Дөңгөлөктөр чоң болуп, анда 4-5 киши учкашып тоодон ылдый түшсө болот.
Мындай жылгаяк тебүү балдарга чексиз бакыт тартууласа, ата-энелер үчүн арзанга түшөт.
Дөңгөлөктөрдүн бир күндүк ижара акысы - 300 сом. Аны тоого баратканда, жол боюндагы айылдардан алса болоорун эс алуучулардын бири айтты.
Ал эми жеринде баллондордун ижара акысы эки эсе кымбат болуп, саатына 300 сомдон башталат.
Баллон ээлери чоң автоунаалардын дөңгөлөгүнүн ичиндеги баллондорду чыгарып, сыртына материал ороп, астына сыйгалак желим баштыкты тигип коюшкан.
Дарыгерлер баллондордо жылгаяк тебүү өтө коркунучтуу деп эскерткени менен аларды уккандар дээрлик жок. Андыктан баллондо жылгаяк тебээрде коопсуздукту сактап, таш, карагай же аңдан алыс, түз жерден тебиш керек.
Лыжа тепкендерге караганда баллон менен жылгаяк тээп жаракат алгандардын саны көбүрөөк.
Балдардын жанында улуу адамдар болушу керек. Анткени баллондор жеңил болгондуктан балдар аны башкара албайт.
Баллондорду ижарага берүү бизнеске айланган. Тоого жакын жайгашкан айылдардын тургундары төрт-бештен баллон алып келип, ижарага берип иштешет. Айрыкча ишемби, жекшемби күндөрү киши көп болуп, жакшы акча тапса болот.
Баллондорду ижарага берип иштегендердин арасында тестиерлер да бар.
Кээде эс алуучуларга баллондорду ижарачылар ат менен жеткирип беришет.
Баллону жок айрым эс алуучулар желим баштык менен эле жылгаяк тебүүгө даяр.
Желим баштыкка отуруп алып жарышкан балдар да көп.