Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Ноокендеги саякатчы энелер


Энелердин Оштогу сапары.
Энелердин Оштогу сапары.

Ноокен районунда баатыр энелерден түзүлгөн топ беш жылдан бери Кыргызстандын жана коңшу өлкөлөрдүн кооз жерлерине саякаттап жүрүшөт.

Жалал-Абаддын Ноокен районундагы 13 баатыр эне соңку беш жылдан бери атайын топ түзүп, Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин кооз жерлерине зыяратка барууну адат кылып алышты. Баары Сары-Сыя айылынын тургундары. Алгачкы саякатты 2012-жылы баштаган байбичелер ошондон тарта айына 500 сомдон акча топтоп, өздөрүнчө фонд ачышкан. Бир жылда дурус эле каражат чогулуп, алардын жол кире, баскан-турганы жана азык-түлүгүнө кеңири жетет экен.

Биз байбичелер менен кезиккенде, алар Ноокат районунун Апшыр-Ата деген жерине жөнөп жатышыптыр. Энелер ал жактагы ыйык жерлерге зыярат жасап, эки күн эс алып келүүнү көздөшкөн. Жолдун аралыгы төрт-беш саатка созулат. Бирок ыр-күлкү менен алар убакыттын өткөнүн да билишпейт сыягы.

Баары тегиз ак жоолук салынган энелердин арты 60, алды 75 жаштан өткөн. Көңүлдөрү куунак. Арасындагы Айсара Осмоналиеваны топтун ырчысы деп алышкан.

- Саякаттап келгенден соң өзүбүздү жакшы сезип калабыз. Кичиавтобуста ойноп-күлүп, бийлеп кетебиз. Өзүбүз ырдайбыз, айдоочубуз да ырларды коюп берет. Видеочубуз бар, саякатты сүрөткө, видеого тартып келебиз,- дейт Айсара эне.

Саякатчы байбичелер ай сайын пенсия алганда өздөрү түзүп алган орток фондго 500 сомдон чогултушат. Акчаны Чыныкан эне сактайт экен.

- Жашыбыз бир топко барып калды. Эл-жерди көрөлү дейбиз. Заманыбыз тынч. Балдарыбыздын тапканына береке берип, өкмөт пенсияны төлөп турса дагы далай жерлерге барабыз. Ушинтип эс алып жүрөбүз, - деди Чыныкан эне.

Балдар демекчи, булардын баары баатыр эне. Убагында бала тарбиялайм деп, алыска чыкпагандары да бар. “Биздин ойноп-күлө турган заманыбыз эми келди” дейт алардын бири Курманжан эне:

- Бала-чака чоңойтобуз деп, оюн-күлкү эске да келбептир. Колхоздун он килограмм кетменин желкеге коюп алып, талаага чыгып, үйгө келип эле жүргөнбүз. Айыл-апада деле теңтуштар менен оюн-зоокторду уюштурганга убакыт жок эле. Колхоз жылына бир жолу Арстанбапка алып барып келчү. Кыргызстанда көрө турган жерлер көп экен. Биз билбей эле жашап жүрүптүрбүз.

Зыяратчы энелер беш жыл аралыгында Ош, Жалал-Абад, Баткен облусундагы бир катар кооз жайларга барып, чер жазып келишиптир. Ал эмес коңшу Казакстандын Түркстан шаарына да барып, ыйык саналган жайларды көрүп келишкен. Эмки план Өзбекстанга баруу экен.

"Шартыбыз туура келип, туристтик жолдомо алып калсак, Самарканд менен Бухараны көрүп келебиз" деп биз менен кыскача баарлашкан саякатчы байбичелер андан ары сапарды улап, Апшыр-Атага жөнөштү. Унаага отурар замат Айсара эже обон созду. Башкалар ага кошулуп, ырды улап кетишти. Сапарыңар байсалдуу болсун, зыяратчы энелер!

Баянды бул жерден угуңуз:

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG