Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:50

Ош: жаш туруп жалгыз бой калган келиндер көбөйдү


Ажырашуулардын көпчүлүгү ала качып үйлөнүүдөн чыкканы айтылууда.
Ажырашуулардын көпчүлүгү ала качып үйлөнүүдөн чыкканы айтылууда.

Ошто ажырашуулардын 40 пайызын 20 жашка толо элек жаш келиндер түзөөрү аныкталды.

Адистер бул көрүнүштү кыздардын үй-бүлө турмушуна даяр эмес кезинде никеге туруп жатканы менен түшүндүрүүдө. Ажырашуулар айынан аймакта бир жылда миңдей бала атасыз, же энесиз жетим болуп калууда.

Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборуна өткөн бир жыл ичинде үй-бүлөсү бузулуп, психологиялык жардамга муктаж 776 аял кайрылса, алардын 300ү эртелей никеге башын байлаган айымдар болушкан. Бул көрсөткүч бир гана “Ак жүрөк” уюмуна кайрылгандарга таандык. Түштүк жергесинде андай борборлор онго жакын. Уюмдарга кайрылбай, арманын ичине катып жүргөн келиндердин саны мындан кыйла көп.

Араван районунун 18 жаштагы тургуну Матлюбаны 2 жыл мурун мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырайын деп жүргөн кезинде ала качып кетишкен. Чоң кишилердин айтканынан чыга албай, отуруп калган Матлюба анда 16 гана жашта эле:

- Мектепти аяктап, окууга тапшырам деп жүргөнүмдө ала качып кетишти. 16 жашта болчумун. Отурбайм десем болбой, кемпирлер босогого жатып алышып, ата-энем да кыз түшкөн жеринде оор дешип таштап кетишкен.

Ошентип жыйырмага толо электе турмушу бузулган Матлюба азыр Орусияга кетүүгө кам уруп жатыптыр. Тагдырыма чоң доо кетти деп азыр оор үшкүрүп турган кези.

Матлюбаныкындай тагдырга кабылган кыз-келиндер “Ак жүрөк” кризистик борборуна көңүл жылытаар жакшы сөз укканы келишет. Борбордун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында, 17ге толо элегинде күйөөгө башын байлап коюу фактылары Араван, Ноокат, Алай жана Кара-Суу райондорунда арбын кездешет. Мындай тагдырга негизинен колунда жок бүлөдөн чыккан кыздар тушугат:

- Атасыз же энесиз, же болбосо томолой жетим калып, туугандарынын колунда жүргөн кыздар көбүнчө ушундай тагдырга туш келишет. Туугандарынын каалоосу менен жаш кезинде эле турмушка узатылып кетет. Ал жаш да, турмуштун оор кыйыштарын билбей, натыйжада ажырашат.

Ошол эле кезде Дарика айым турмушка жеңил карайт деп кыз-келиндердин өздөрүнө да доомат артууда:

- Көпчүлүк кыз келиндер азыр жеңил турмушту каалап калышкан. Колунда баласы болгонуна карабай, түшкөн жериндеги айрым жетишпеген нерсеге чыдабай кетип калып жатышканын көрүп жатабыз да. Турмуштун караңгы жагы болот, оору болот, ага чыдабай койгон келиндер көбөйдү.

20 жашка жетип-жетпей ажырашкандар эртедир-кечтир экинчи никеге турушат. Эң жаманы – эки ортодо же атасыз, же энесиз жарым-жартылай жетим абалына туш болгон наристелер көбөйгөнү болууда. Андай балдардын саны бир эле жылда Ош облусунун өзүндө эле минге чукулдайт экен...
XS
SM
MD
LG