Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Капарова: Өзбекстандан кайтарылган келиндер көп


Өзбекстанга турмушка чыгып, Кыргызстанга мажбур кайтарылган келиндер балдары менен. Баткендин Миң-Чынар айылы.
Өзбекстанга турмушка чыгып, Кыргызстанга мажбур кайтарылган келиндер балдары менен. Баткендин Миң-Чынар айылы.

Кыргызстандын түштүк облустарында эч кандай документи жок 300 чакты аял бар. Алардын көпчүлүгүн Өзбекстанга келин болуп, жарандыгы жок үчүн бала-чакасы менен бул өлкөдөн чыгарылгандар түзөт.

Бул тууралуу “Тынчтыкты коргоочу аялдар” түйүнүнүн Ош облусу боюнча координатору Жамиля Капарова кеп салып берди.

“Азаттык”: Тиешелүү документтери жок аялдар кимдер, алар канча?

Жамиля Капарова: Биздин эсебибиз боюнча, өлкө түштүгүндө бала-чакасын кошкондо 1,5-2 миңден ашуун адамдын документи жок. Алар толук кандуу билим, медициналык жардам жана жөлөк пул ала албайт. Башкача айтканда алар жөн эле абада калкып жүргөн адамдар. Биз документтери жок аялдар туурасында расмий маалыматты таба алган жокпуз.

Ош облусунун Араван районунда эле документи жок 300 аял бар. Алар Өзбекстандан Кыргызстанга турмушка чыккан аялдар. Андан сырткары Кыргызстандан Өзбекстанга турмушка чыгып, 5-10 жылдан кийин мекенине балдары менен бирге мажбурлап кайтарылган аялдардын саны да арбын. Алардын чоң балдары, күйөөлөрү Өзбекстанда калган. Ушунун айынан канчалаган үй-бүлөлүк ажырым болууда.

“Азаттык”: Бул маселени изилдеп чыгып, чечүү жолдору сунушталат деген экенсиздер. Маселени кантип чечиш керек?

Жамиля Капарова: Өзбекстанда же Кыргызстанда беш жылдан ашуун убакыт жашаган адамдарга кандайдыр бир жеңилдиктер каралса жакшы болмок. Эки өлкө ортосунда ушундай бир келишим болсо деген сунушту өкмөт менен Жогорку Кеңешке берип жатабыз. Себеби документ берүүнүн жол-жобосу абдан кыйын.

Өзбекстандыктар Кыргызстанга турмушка чыгабы, Америкага чыгабы өз жарандарын оңой менен чыгарбайт. Экинчиден, Өзбекстандан мекенине кайтарылган аялдар жок дегенде балдарына жөлөк пул алышы керек. Бул чоң маселе болууда. Айрыкча чек арага жакын аймактардын акимдери өз айылдарындагы жашоочуларды каттап чыгыш керек. Кимдин келини, кызы каякта, алардын канча баласы бар деп ошондо документи жок адамдардын так саны чыгат. Анткени документи жок аялдар чек арага жакын айылдарда, Жалал-Абаддын Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Ошто Араван, Кара-Суу, Баткен облусунда Кадамжай менен Баткен райондорунда көп болууда.

“Азаттык”: Маалыматка ылайык, сиз айтып жаткан аялдар менен балдардын социалдык-экономикалык абалы да начар экен. Кандай жардамдарга муктаж?

Жамиля Капарова: Булар 30-35ке чейинки аялдар, социалдык-психологиялык, үй-бүлөлүк абалы өтө начар. Алар медициналык жардамга муктаж. Көбүнүн жаш балдары бар. Биринчи кезекте өздөрүнө жумуш, жеңилдиктер жана балдарына жөлөк пул керек. Андан сырткары алар документи жок доктурга да, мектепке да бара албайт. Арасында майып балдары менен отургандар да бар.

Эгер 1,5 - 2 миң бала толук кандуу окубай жатса – бул өлкө келечегине таасирин тийгизет. Андан сырткары криминалдык коом өсүшү мүмкүн. Киреше булагы жок болгондуктан ар кандай иштерге барышы ыктымал. Ошондуктан бул маселени чечиш керек. Бул мамлекеттик маселе болууда. Мындан сырткары турмушка чыга турган кыз-келиндерге да документтерге сак болгула, тактагыла дегендей маалыматтык түшүндүрүү иштери зарыл.
XS
SM
MD
LG