Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Четте мыйзамдуу иштесе болот


Орусиядагы эмгек мигранттары
Орусиядагы эмгек мигранттары

Кыргызстандын Жаштар, эмгек жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги четте мыйзамдуу ишке орноштуруу аракетин көрүп жатат.

Ушул тушта Бириккен Араб Эмиратына жумушчуларды тандап, жөнөтө баштады.

Соңку кездери иштегени чет өлкөгө барып, кулчулукка кабылып калгандардын саны азайбай келет. Алардын дээрлик баары мыйзамсыз жол менен кеткендер.

Сүйүндүк Шаршенбек уулу Жаштар министрлигинин алдындагы жарандарды четте жумушка орноштуруу борбору аркылуу Түштүк Кореяга мындан үч ай мурун барган экен. Ага чейин атайын тил үйрөнүп, тест тапшырган:

- Корей тилин үч ай эле окутат. Андан кийин атайын тест болот. Биз майда тест тапшырганбыз. Эгер тесттен өтсөң эле болду, келишимди күтө бересиң. Келишим кээ бирлерине эрте, башкаларына кеч келет экен. Мен болсо 1 жылдай күттүм.

Унаа кураган кореялык фирмада 23 жаштагы Сүйүндүк менен кошо анын эки мекендеши иштейт:

- Мен иштеген райондо үч эле кыргызбыз. Азыр көнүп калдык. Жаңы келгенде тамактарын жей албай, атайын дүкөнгө барып нан сатып жеп атканбыз. Бул жакта “Хундай” фирмасында унаалардын рамасын чогултабыз. Биздин жумушта 6 айдан кийин эле эмгек өргүүсүнө чыксаң болот экен. Буйруса эс алууга чыксак Кыргызстанга барып келели деп жатабыз.

Кыргыз жарандарын четте жумушка орноштуруу борбору жалпысынан 1,5 миңдей адамды Түштүк Кореяда ишке орноштурган. Бул өлкөдө 3 миңден ашуун кыргыз жараны бар экени айтылган. Алардын арасында мыйзамсыз иштеп жүргөндөрү да арбын.

Аталган борбор учурда Бириккен Араб Эмиратынын иш берүүчүлөрү менен байланышып, жумушчуларды жөнөтө баштады. Борбор жетекчиси Нурдин Тынаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, алгачкы 30дай адам кетти. Азыр болсо сынак аркылуу дагы 50дөн ашуун адам тандалууда:

- Араб Эмираты - ири туристтик өлкө. Ал жакта чоң соода борборлор, дүкөндөр бар. Ошол жакка тил билген, англис, орус тилин билген сатуучулар керек болуп жатат. Анткени ал жакка Орусиядан, КМШ өлкөлөрүнөн туристтер келет. Анан арабдар Кыргызстанга келип, эки тил билген сатуучуларды жумушка алуу үчүн биз менен иштешип жатат.

Тынаев мыйзамдуу жол менен кеткендин пайдалуу жактарын айтууда:

- Биз аркылуу кеткен ар бир киши Араб Эмиратына келгенде, эмгек келишимине кол койгондон кийин сөзсүз түрдө, медициналык кароодон өтүп, Башкы консулдукка каттоого турат. Эки жылдык эмгек визанын ээси болгон адам эч кандай кыйынчылыкка түшпөш керек. Эгер өзү эле ошол өлкөнүн мыйзамын бузуп жоопко тартылбаса, башка кыйынчылыкка кабылбайт.

Адистер четке иштегени барып, кулчулукка кабылгандар азайбай жатканын белгилешет. Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстандагы эксперти Жанна Салиеванын айтымында, мунун башкы себеби мыйзамсыз өз алдынча ар кандай жол менен кеткенине байланыштуу:

- Адам кандай болсо да жакшы жашагысы келет. Четке чыгып, көбүрөөк акча тапкысы келет. Баары эле “мен кулчулукка кабылбайм” деп ойлойт. Бирок, тилекке каршы, кабылып калат. Өзүнүн укугун билбегендиги, четке мыйзамсыз жол менен чыкканы да кулчулукка кабылганга себеп болот. Иш берүүчү менен келишимге кол койбойт. Анан мунун баары ушундай окуялар менен аяктайт. Эмгек кулчулугуна кабылгандар негизинен Орусияда, Казакстанда көп катталат. Сексуалдык кулчулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгү Түркияда жана Араб Эмиратында болот.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматында, жылына 5 миңден ашык адам эмгек жана сексуалдык кулчулуктун туткунуна айланат. Тартип коргоо органдардын эсебинде, башка өлкөгө кетип жаткан ар бир алтынчы кыз-келин кулчулукка кабылат.

XS
SM
MD
LG