Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Көчмөндөр оюну: жергиликтүү бийликке жүктөлгөн чыгым


Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. 2014-жыл
Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. 2014-жыл

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу иштерине жер-жерлердеги муниципалдык кызматкерлерден каражат чогултулуп жатканы айтылууда.

Ансыз да аз айлыкка иштеген кызматкерлер аларга бул оорчулук жаратып жатканын белгилешүүдө. Аткаминерлер болсо аймактардан келчү кишилердин саны президенттик аппараттын буйругунун негизинде аныкталып, айыл өкмөттөргө боз үйлөрдү жасалгалоо милдеттери жүктөлгөнүн билдиришүүдө. Өз кезегинде жогорку бийлик жана Көчмөндөр оюндарын уюштуруу дирекциясы муну четке кагып жатат.

Ысык-Көлдөгү көчмөндөр оюндарына бара турган Баткен делегациясы үчүн каражатты жергиликтүү бийлик муниципалдык ишканалардан топтой баштаганы кабарланды. Аз айлык алган кызматкерлер өз чөнтөгүнөн же акчалуу тааныштарынан каражат топтогонго мажбур болуп жатышканын “Азаттык” радиосуна Баткендеги муниципалдык ишканалардын биринин кызматкери билдирди. Жумушуна кедергиси тийбесин деген ойдо аты-жөнүн ачыкка чыгарууну каалабады:

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышындагы өнөрпоз. 2014-жыл, Ысык-Көл.
Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышындагы өнөрпоз. 2014-жыл, Ысык-Көл.

- Жетекчибизди мэрияга чакыртып, Көчмөндөр оюнуна бара турган кишилердин арасынан эки адамдын чыгымын көтөрүп бересиңер дептир. Бизге бул оор. Мен бир ай иштеп 7000 сом эле айлык алам. Көчмөндөр оюнунун мага кызыгы деле жок. Мамлекет өзү каржылап, өткөрүп алышы керек. Чыгымдарды муниципалдык ишкана кызматкерлерине, жеке ишкерлерге жүктөп коюу туура эмес. Ансыз да аз эле маяна алсак.

Баткен шаарынын мэри Гапарали Матказиев муниципалдык ишкана кызматкерлеринен акча чогултулуп жатканын төгүндөдү. Анын айтымында, шаар бийлиги Баткенден 25 адамдан турган расмий делегацияны Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына алып баруу жагын карап жатат:

- Көчмөндөр оюну үчүн биздин мэрия түзгөн смета 400 миң сомго барабар. Анын бир бөлүгүн бюджеттен төлөйбүз, калганын демөөрчүлөрдөн алабыз. Демөөрчүлөр - шаардагы эле ишкерлер, ишканалар. Азыр кимдер демөөрчү болоору тактала элек. Ысык-Көлдө боз үйлөрдү, кичи автобустарды ижарага алышыбыз керек.

Жетекчибизди мэрияга чакыртып, Көчмөндөр оюнуна бара турган кишилердин арасынан эки адамдын чыгымын көтөрүп бересиңер дептир.​

Таласта болсо Көчмөндөр оюндарына барчу маданият өкүлдөрүнүн чыгымдарын облустук бийлик мойнуна алган.

Ал эми район-шаарлардан бара тургандардын чыгашасы акимчиликтерге жүктөлгөн. Райондук администрациялар бул үчүн демөөрчү табуу милдетин алышкан. Демөөрчү чыкпай турган болсо, каражат жагы айыл өкмөттөргө жүктөлөрүн облустук бийликтен маалымдашты.

Ал эми Жалал-Абад облустук администрациясы болсо өткөн аптада райондук акимчиликтерге буйрук берип, Көчмөндөр оюндарына боз үйлөрдү тигүүнү жана аны жасалгалоону тапшырды. Акимчиликтер аны айыл өкмөттөргө жумшаган.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. 2014-жыл, Ысык-Көл
Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. 2014-жыл, Ысык-Көл

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыяр Анаркулов мунун баары Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын жоболорунун негизинде экенин белгилейт:

- Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча бюджетке кошумча акча караштыруу жаатында ар бир район-шаарларга жылдын башында тапшырма келген. Дирекциянын сунушун биз жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жеткиргенбиз. Район-шаарлар өздөрүнүн бюджетине жараша боз үй тигип, тийиштүү адамдарды алып барып келет.

Анаркулов жогорудагы иштерди аткарууда эч кандай мажбурлоо жок экенин айтууда. Бирок жободо ар бир облус 25тен боз үй тигиши керек деген милдеттенме бар. Муну Көчмөндөр оюндарын уюштуруу катчылыгынын өкүлү Нурдин Султамбаев мындайча түшүндүрдү:

- Ар бир облус 25тен боз үй тигиши керек. Боз үйлөр ортосунда ар кандай багытта, тамак-аш жана башка сынактар болот. Өз жетишкендиктерин көрсөтүшү керек. Бирок мажбурлап, сен муну жасайсың деген милдет жүктөлгөн эмес.

Алмазбек Атамбаев Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында. 2014-жыл, Ысык-Көл.
Алмазбек Атамбаев Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында. 2014-жыл, Ысык-Көл.

Быйыл жыл башында өкмөт мамлекеттик казынадан Тарых жана маданият жылын өткөрүүгө 94 миллион сом бөлүнөрүн маалымдаган. Бул каражаттын бир бөлүгү Көчмөндөр оюндарына жумшалаары да айтылган.

Быйыл февралда президенттин аппараты ишкер чөйрөнү бюджет тартыштыгына байланыштуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна демөөрчүлүк кылууга чакырган. Бул чакырыкты Кыргызстандын банктар бирдиги колдоого алган кайрылуу кабыл алып, каржы институттарын иш-чаранын чыгымдарын көтөрүүгө үндөгөн.

Бирок айрым банктар менен компания өкүлдөрү жыл башында мындай чыгымдар бюджетке кирбей калгандыктан аны төлөп берүү алар үчүн оор болуп каларын билдиришкен.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Ага 30дан ашуун мамлекеттен спортчулар келип күч сынашат.

Чолпон-Ата: ат майдандагы иш

Көчмөндөр оюндарына бир айга жетпеген убакыт калды. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында дагы деле курулуш иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG