Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:49

Дөө-шаалар ортосундагы Кыргызстан


Эгемендиктин 20 жылдыгына арналган салтанаттан.
Эгемендиктин 20 жылдыгына арналган салтанаттан.

Рафаэло Пантуччи жана Александрос Петерсен – Кытайдын Борбор Азиядагы таасирин изилдеген илимпоздор. Алардын Кыргызстанды кыдырып келгенден кийинки макаласы өткөн аптада nationalinterest.org сайтында жарыяланды.



Шайлоо өнөктүгү ортолоп калган чакта Кыргызстандын шаарларын, айылдарын кыдырып чыктык. Жалпы маанай мурунку жылдардагыдай эл толкуп, бийликтегилерди сүрүп чыккандагы кербезди элестетпейт, баары кыйла тынч болду. Бирок канткен күндө да, Кыргызстандын өкмөтү өлкө келечегин өз алдынча чече албайт деген ойго ынандык.
Кыргызстан – тегерете курчаган жана үстөмдүк кылган күчтөрдүн катуу таасири астында калыптанып, бийик тоолор менен дымагы күч дөө-шаалар ортосунда калгандай...


Анткени Кыргызстан географиялык жактан гана эмес, саясий жана башка жактан да дүйнөдөгү дөө-шаалар ортосунда калган. Муну өлкөдөгү 3-чоң шаар, Жалал-Абаддагы университетке кирип чыксаңыз илгиртпей сезесиз. Имараттын бир канатында АКШ элчилиги каржылаган Америкалык борбор жайгашкан. Экинчи канатында Кытай өкмөтү уюштурган Конфуций борбору иш алып барууда. Ортосунда окуу жайдын кыргызстандык жетекчилиги камаарабай иштеп атат.

Америкалык борбордо студенттер англис тилин үйрөнүп, батыштык маданиятты сиңирип өздөштүрүүгө багытталган анлис тилдүү кинолорду компьютерде көрө алышат. Кытай борборунда ишине жан дилинен берилген бир нече мугалим 60тай студентке кытай тилин окутат. Алардын арасынан эң мыкты окугандары билим алуусун андан ары Кытайда улантат, бар чыгымын Кытай өкмөтү өзү төлөйт.

Булардын баарын эске албаганда да, кыргызстандыктар эки тилде сүйлөшөт. Кытай тилин окутуп аткан мугалим татаал сөздөрдү орусча которуп түшүндүрүп жатты. Америкалык борбордо биз барганда иштеп аткан мугалим жергиликтүү орус улутунун өкүлү экен. Айтор, Кыргызстан – тегерете курчаган жана үстөмдүк кылган күчтөрдүн катуу таасири астында калыптанып, бийик тоолор менен дымагы күч дөө-шаалар ортосунда калгандай.
Жакшыбы, жаманбы, айтор Кыргызстандын өкмөтү өлкөнүн келечегин өз алдынча аныктай албайт. Тышкы күчтөрдүн таасирин четке какканга аскердик кубаты, чөлкөмдү каптап бараткан экономикалык, маданий баскынчылыкты токтотууга дарамети жетпейт...


Экономикага келсек, өлкө толугу менен кытайлык арзан товарды алып-сатууга көз каранды. Казнанын дагы бир бөлүгүн башкалаанын четинде жайгашкан “Манас” транзиттик борбору (АКШнын өткөөл аскердик базасы), Орусияда иштеп жүргөн мигранттардан келген акча толтурат. Аябай кооз улуттук буюм-тайымдан башка (аларды да соңку кездери Кытайда даярдалган арзан көчүрмөлөрү баса баштаган) Кыргызстан аз гана товар өндүрөт. Баткенде бизге кездешкен бир чет өлкөлүк байкоочу айткандай, “өлкө өз алдынча өнүгүүгө уруксат алалган эмес”.

Советтер заманында курулган жол, байланыш тармагы, завод жана башка имараттар акырындап кыйрап эскирип жок болуп баратканы көзгө урунат. Ал тапта опурталдуу Шинжаң чөлкөмүнө коңшулаш өлкөдө темирдей тартип жана туруктуулук болушуна кызыкдар Кытай шымалана киришип, Кыргызстанда ушу тапта жол, электр жабдыктарын куруп, жакында эки өлкөнү бириктире турган темир жол курулушун колго алууга демигип турган кез. Жыл сайын Шинжаң университетин бүтүргөн жаш мугалимдерди Кыргызстанга жиберип, бул өлкөнүн жаңы муунуна кытай тилин үйрөтүп, атүгүл Ош, Жалал-Абад чөлкөмдөрүнө кытайлык телеканалдарды көргөзө турган сателиттик антеннаны бекер таратып берүүдө.

Кытай антип жанталашып атканы менен, кыргызстандык бир жаш бизнесмен бизге айткандай, Кыргызстан өзү бир нече дөөлөттүн кызыкчылыгы кесилишкен жерде жайгашкандыктан алардын баарынан кандайдыр деңгээлде пайда табуу жолун караштырышы керек. Ал бизнесмен өзү Кытайдын Гуанчжоу шаары менен Дубайдан электроникалык товарларды алдыртып, аларды кайра Орусияга экспорттойт экен. Мына сага, тогуз жолдун тоомунда жашагандын пайдасы эмей эмне? Сөз кылып жаткан кыргыз бизнесмени кытайча ортозаар сүйлөшкөндү үйрөнүп алган, кыргыз, орус, англис тилдеринде түш жооруйт.

Жакшыбы, жаманбы, айтор Кыргызстандын өкмөтү өлкөнүн келечегин өз алдынча аныктай албайт. Тышкы күчтөрдүн таасирин четке какканга аскердик кубаты, чөлкөмдү каптап бараткан экономикалык, маданий баскынчылыкты токтотууга дарамети жетпейт. Жагдайды кыргызстандык бизнесмендер өз оңтойуна оодарып, эбегейсиз пайда тапса болот. Күч-кубаттуу ири мамлекеттер ортосунда калган чакан өлкөлөрдүн Кыргызстанга үйрөтчү тажрыйба-сабагы ошондой.


Кыргызчага которгон Венера Сагындык кызы

XS
SM
MD
LG