Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Борбор Азия орусиялык гезиттерде


Негизинен бул апта ичи орусиялык жана дүйнөлүк ММКлардын көңүл чордонунда Кыргызстан болду. Буга эл аралык комиссиянын Ош окуялары боюнча баяндамасын жарыялашы себеп болду.

6-май, “Коммерсант” гезити.

Журналист Кабай Карабеков кыргыз бийлик төбөлдөрү кирешелер тууралуу декларацияларын ачыктаганын жазып чыкты.

Өлкөнүн кадр кызматы мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде президент Роза Отунбаеванын жана премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин кирешелерин коомчулукка ачыктады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы эң жакыр мамлекеттик кызматкер Роза Отунбаева болуп чыккан. “Бирок эксперттер жана оппозиция бул мааалыматка ишенген жок”, деп жазылган макалада.

Макалада өткөн жылы президенттин кирешеси 1 миллион 857 миң сомду түзгөнү айтылат. Бул 41 миң доллар. Президенттин мүлкү – бул анын 1994-жылы сатылып алынган Бишкектеги жалгыз батири. Президенттин унаасы же дачасы жок.

Ал эми спикер Ахматбек Келдибековдун декларациясы да аябай жупуну. Анын үйү, унаасы бар. 2010-жылы спикер бир эле ай иштегенге үлгүрүп, айлыгы 40 миң сомду түзгөн.

Бул эки кызматкерге салыштырмалуу, деп жазат Карабеков, Атамбаевдин декларациясы олигархтыкындай сезилет. Себеби анда анын мурдагы бизнесинен түшкөн кирешелер, унаалар жана үйлөр көрсөтүлгөн.

Макалада “эч ким бул маалыматка ишенбейт, бийликтегилердин реалдуу кирешелери такыр башкача” деген эксперттердин ою берилген.

Макаланы толук окуңуз

Газета.ru сайты

Семен Новопрудскийдин “Ак үй, кара үй, сары үй” аттуу Орусиядагы улутчулдук темасына арналган макаласы жарык көрдү.

Автор Федералдык миграция кызматынын мурдагы маалымат катчысы Константин Полтораниндин Би-Би-Синин орус кызматына курган маегин талдаган.

20-апрель күнү Константин Полторанин Би-Би-Сиге интервью берип жатып, анын аягында “ак адамдардын келечеги коркунучта” деген сөздөрдү айткан. Мигранттар менен мамиле курууда кан аралашуу туура жүрүш керек, деген Полторанин.

Бул интервьюдан кийин Константин Полторанин кызматынан кеткен. Орусияда, акыркы маалыматтар боюнча, кыргызстандык мигранттардын саны 500 миңден ашат, ал эми анын 270 миңи орус жарандыгын алышкан. Ак раса жөнүндө кеп салган Константин Полторанин 2005-жылдан бери Федералдык миграция кызматынын басма сөз катчысы болуп иштеген. Так ушул уюм Орусиянын миграциялык саясатына жооптуу.

Ал эми “Ак үй, кара үй, сары үй” деген макалада Полторанин ашынган улутчул деле эмес, ал жөн гана Орусияда гана эмес, бүткүл дүйнөгө ыкчамдык менен тарап жаткан, бирок жаңылыш идеяны айтып алган деп жазылат.

Автордун ою боюнча, кандайдыр бир мамлекет биологиялык себептен гана улам бирөөнүн мекени боло албайт.

“Полторанин Орусия – биздин үй деди. “Биз” деген ким? Орусия териси ак адамдардын үйүбү? Же орустардынбы? Эмне Орусия динине, териснин түсүнө жана туулган жерине карабай орус жарандыгы бар бардык адамдардын үйү эмеспи?”, - деген суроолорду койот автор.

Макаладагы дагы бир ой – бир улуттан турган мамлекеттер дүйнөдө азыр дээрлик жокко эсе.

Макаланы толук окуңуз

Негизинен бул апта ичи орусиялык жана дүйнөлүк ММКлардын көңүл чордонунда Кыргызстан болду. Буга эл аралык комиссиянын Ош окуялары боюнча баяндамасын жарыялашы себеп болду.

3-майда “Азаттык” үналгысынын орус кызматында докладдын таасири тууралуу тегерек үстөл өттү. Ага орусиялык журналист Аркадий Дубнов, окумуштуу Дмитрий Фурман жана Бишкектен саясат таануучу Марс Сариев катышты. Негизинен талкуу улутчулдук маселесине арналды.

Макаланы толук окуңуз

4-май. “Новая Газета – Казахстан”.

“Московские новости” гезитинин журналисти Аркадий Дубновдун “Кыргызстан тыштан башкарылабы?” деген макаласы чыкты.

Анда Дубнов эл аралык комиссиянын Кыргызстанды атын өзгөртүү боюнча сунушун сындаган.

“Кыргыз Республикасы - кыргыздардын гана өлкөсү катары кабыл алынат, ал эми Республика Кыргызстан - өлкөдөгү бардык этностордун мамлекети катары кабыл алынат деген ой Кыргызстанда учурдагы кыйын акыбалды оңдой албайт”, - деп жазат Аркадий Дубнов.

Макаланы толук окуңуз

Ал эми дүйнөлүк гезиттердин мазмуну тууралуу кыскача айтсак, анда эл аралык комиссиянын корутундусунан алар эң негизги ой катары аскер жетекчилерине жана Убактылуу өкмөткө коюлган күнөөлөрдү илип алышты. Талдоочулар бул нерсе талкууларды такыр башка нукка бурду деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG