Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Пресса: кургакчылык, кырсык, шайлоо


Ѳткөн аптадагы басма сөздө эң көп сөз кылынган темаларды санай келсек, биринчи орунга Орусиядагы опсуз көп адам кырылган суу ташкыны, Америкадагы президенттик үчүн ат салыштын башталышы, дагы эле баягы Европадагы финансы кризиси, Сирия, Иран, Ооганстан ж.б. чыкканын көрөбүз.

Ошону менен бирге өткөн аптада дүйнөнү кооптондурган дагы бир маанилүү маселенин башы кылтыйды: сыягы быйыл жер жүзүн нан тартыштыгы каптап, эгин жыйноо жылдагыдай болбойт окшойт. Себеби Американын 26 штатында кургакчылык катуу болуп, өзгөчө кырдаал жарыяланды; ал түгүл The Christian Science Monitor гезити Барак Обаманын экинчи мөөнөткө шайланышына башкадан мурун кургакчылык чоң тоскоол болушу мүмкүн, анткени жыйым-терим Америкада дал октябрь айында, шайлоо эми кызыган убакта аягына чыгат деп жазып чыкты. Ал эми Америка буудайды эң көп өстүргөн, эгинчилик иши абдан зор технологиялык деңгээлге чыккан, буудайды сыртка экспорттогон мамлекеттердин бири экенин эскерте кетели.

Орусиянын Казакстан менен чектеш областтарында да кургакчылык катуу. Ушул тапта өлкөнүн алты областында чукул кырдаал режими жарыяланып, кечээ күнү “Казахстанская правда" гезити температура ушул аптада 40-45 градуска чейин көтөрүлө турганын жарыялады. Ал эми чегирткелердин чабуулу азыр Казакстандан чыгып, Орусиянын эгин-тегиндүү Оренбург аймагына жетип, бышып келаткан эгиндин жарымын жок кылып кеткенин массалык маалымат каражаттары байма-бай жазууда. Ал эмес, суунун башында жашаган бизде да, Кыргызстанда да быйыл эгин жакшы болбой калды, ал эми бензиндин баасы уламдан улам өсүү үстүндө.

Эми Америкадагы шайлоо өнөктүгүнө кайрылалы. Азыркы президент Барак Обама да, анын "Республика" партиясынан аттанып чыккан атаандашы Митт Ромни дагы бир нече жолудан бири-бирине сын айтып, шайлоочуларды өзүнө тартуу аракетине өтө башташты.

Сурамжылоолорго караганда Обаманын мүмкүнчүлүгү азырынча жаман эмес, анын үстүнө Массачусетс штатынын мурунку губернатору, чоң бизнесмен, бирок диний ишеними боюнча мормон Ромниге Американын консерваторлор басымдуу калайык-калкы анча ичи жылыбагандай түрү бар.

Ошол арада АКШнын президентинин зайыбы Мишель Обамага кол салуу болгону жатыптыр деген имишти The Washington Post гезити таратып жиберип, бул да бир топ ой жүгүртүүлөргө себеп болду. Албетте имиш, ушак деген азыркы дүйнөдө кадам сайын кезигет, ансыз гезиттер чыкпай, сатылбай калышы толук мүмкүн, бирок бул имиш Америкада дале болсо расизмдин тамыры үзүлө элек экендигин дагы бир жолу эске салып койду окшойт. Ушул эле маселени, башкача айтканда расизм маселесин ВВС, СNN cыяктуу глобалдык телеканалдар да өткөн аптада көп чагылдырды. Аталган каналдарда байма-бай көрсөтүлүп жаткан англис футболчусунун расисттик жоругу, башкача атйканда кара түстүү футболистти оюн учурунда оозго алгыс сөздөр менен кемсинтип сөккөнү расизм дале болсо биздин планетадагы актуалдуу проблема экенин кабарлады.

Ар кандай кырсыктар Жер шарынын ар кайсы жеринде боло келген нерсе го, бирок Орусиянын Краснодар крайынын Крымск деген шаарындагы суу каптоо эл аралык басма сөздө көп сөз болду. Анын негизги себеби суу каптоо учурунда элдин көп кырылганы, каза болгон элдин саны боюнча шектенүүлөр болду.

Орустардын расмий басма сөзү 171 адам мерт болду, анын себеби табигый кырсык, чениминен көп жааган жамгыр деп жазып жатса да, журналисттерди, байкоочуларды бул маалымат канааттандырган жок.

The Foreign Policy журналы бул окуяга атайын макала арнап, суу каптоонун негизги себеби суу сактагыч дамбаны элге эскертпей туруп ачып жиберүү экенин, анын натыйжасында бийиктиги 7 метрге жакын суу толкуну түн ортосунда Крымск шаарындагы уйкуда жаткан калкты жайпап кеткенин, чындыгында 171 эмес, миңдей киши каза тапканын жазып чыкты. Ушул эле пикирди RBK daily агенттиги да бышыктап, жергиликтүү тургундардын айтканына караганда шаардын моргдорунда өлүктөр батпай кеткенин, расмий маалыматтар чындыкка туура келбей тургандыгын билдирди.

The Foreign Policy журналынын билдиргенине караганда, Путиндин эл менен жолукпай кеткени абийир болуптур, себеби Краснодар крайынын губернатору Ткачев эл алдына чыкканда аз жерден үй-жайынан, жакын туугандарынан ажырагандар аны нака ур-токмокко ала жаздаптыр.

Акырында Украинадагы тил маселесинен улам чыккан чоң саясий жаңжалга да кыскача токтололу. Орус тилин бул өлкөнүн 13 регионунда расмий тил катары таануу тууралуу мыйзам Киевди көчө саясатынын айыгышкан аренасына айландырды. Нааразылык иретинде парламент спикери Литвин отставкага өз эрки менен кетти, ал эми президент Янукович ушул тапта кантип акыбалдан чыгуунун айласын таппай, эки оттун ортосунда калган кези. Бул мыйзамды колдосо, аны украиндер жакын жолотпойт, колдобосо, Янукович Орусияны колдон чыгарат, айрыкча арзаныраак баада газ бергиле деген суранычын орустар угуп да койбойт.
XS
SM
MD
LG