Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан 2 коло медаль


АКШда өткөн кол күрөш же армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатына катышкан кыргызстандык 10 спортчунун экөө коло медаль утту.

АКШнын Мискит шаарында өткөн кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык эки спортчу 2 коло байге менен кайтып келди.

Алардын бири Азиянын эки жолку чемпиону, 49 жаштагы бишкектик спортчу Ольга Ярославцева коло медалды 70 кг салмактагы кыз-келиндер арасында мелдешип жеңди. Ал мурдагы жылдары Болгарияда, Италияда да дүйнө чемпионаттарына катышып, үчөөндө тең коло байгеге ээ болуп кайткан.

Экинчи коло байге ээси - 60 кг. салмактагы Константин Клейнер. Ал оң колу менен таймашта дүйнөнүн чемпиондорун жеңип, жарым финалга чейин жетти. Натыйжада Константин Клейнерге дүйнө чемпионатынын коло байгеси ыйгарылды.

3-сентябрда Индиянын Гувахати шаарында кол күрөш боюнча Азия чемпионатынан кыргызстандыкта​р 19 медаль жеңип келишкен.
Өлкөнүн кол күрөшү федерациясынын жетекчиси Жээнбек Мукамбетовдун айтымында, АКШдагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчуларды калыстар басынтып коюшту.

- АКШдагы дүйнө чемпионатында мурдакы кеңеш курамына кирген өлкөлөрдүн спортчуларындын аракетине калыстар калыс баасын бербей, америкалыктарга тартып коюшту. Айрым өлкөлөрдүн командасынын курамы эки жүзгө жакын спортчу болгонун эске алсак, он спортчунун аракети мактоого арзыйт. Ошондой эле айыл жергесиндеги тубаса күчтүү жигиттер бул кол күрөш спортуна маани бербей, мелдештерге катышпай жүрүшөт.

Кол күрөш боюнча өлкөнүн 3 жолку чемпиону, 48 жаштагы атбашылык Айнура Асанбекова быйыл Индияда өткөн Азия чемпионатында 1 алтын, 2 коло медаль жеңип алган. Айнура бул ирет дүйнөлүк таймашта бешинчи орунга гана илинип калды:

- Бул менин биринчи дүйнө чемпионатына барганым болду. Тажрыйба топтоп, көзүм ачылып келди. Быйыл Азия чемпионатында мөрөй алганым менен дүйнөлүк таймашууда жолум болбой, калыстардын айынан байгеге жетпей, арманда келдим. Чоң спортто, ири мамлекетте деле калыстык жок экен.

Айнура жеңишке жетүү үчүн спортчулар эле эмес, жалпы коомчулук спорттун бул түрүнө маани берип, таптап, сүрөөнү күчтүү болушу керек -дейт.

Жеңиштер алдыда

Армрестлинг федерациясынын президенти, Кол күрөш боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Жээнбек Мукамбетовдун айтымында, 2011-жылы күзүндө Азия чемпионаты Кытайда, дүйнө чемпионаты Казакстанда болмокчу.

- Дагы эле билеги күчтүү жигиттер мындай спорт түрүнөн спорт клубдары, федерация бар экенине маани бербей келишет. Айрыкча кыргыз кыздары бул спортко анча кызыкпай, уялып жүрүшкөн. Эми гана бирден-экиден маани бере баштады. Болбосо жигиттерди ыйлата кармаган өтө күчтүү кыргыз кыздары арбын. Таймашууларга катышса таланттуу кыздардын да багы ачылат эле. Өлкөнүн кол күрөш боюнча мыктылар, тандалгандар 2011-жылы сентябрда Кытайдын Урүмчү шаарында өтө турган Азия чемпионатына, декабрда Казакстанда өтө турган дүйнө чемпионатына даярдык көрүп, мыктыларды иргеп алуубуз керек.

Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, Азия жана дүйнө чемпионаттарында байге алган кол күрөшчүлөргө мамлекет тарабынан көңүл бурулбай, мээнети калыс бааланбай келүүдө.

- Каражат маселесинен кыйналгандыктан кыргыз спортчуларына колдоо зарыл болуп турат. Кыргыз спорт жетекчилерине Азия жана дүйнө чемпионаттарында байге алган кол күрөш боюнча мамлекет тарабынан көңүл бурулбай келүүдө. Азия оюндарында мөрөй алгандарга урмат-сый көрсөтүлүп, башка спортко салкын мамиле кылынганы калыстыкка жатпайт. Кол күрөш чеберлери да Кыргызстанды даңазалап жүрүшөт. Алардын да мээнетин калыс баалоо зарыл.

Армрестлинг спорту 1961-жылдан бери эл аралык деңгээлде таанылып, дүйнөлүк федерациясы уюшулуп, учурда ага 85 мамлекет мүчө. Бул спортту олимпиадалык оюндардын программасына киргизүүгө аракеттер да көрүлүүдө.

Кыргызстандын 3 спортчусу 2006-жылы Англияда өткөн дүйнө чемпионатына алгач ирет катышуу менен мурдакы оор атлетчи Александр Ли коло медаль тагынып, эгемен өлкөнүн байгесинин эсебин ачкан.

Былтыр Канаданын Ванкувер шаарында өткөн дүйнө чемпионатына Кыргызстандын командасы катышпай калган. Себеби Канада элчилиги кыргызстандык спортчуларга расмий чакыруу келсе дагы, виза ачып бербей коюшкан.
XS
SM
MD
LG