Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Балыкчыда эл аралык марафон башталат


Европа парус спорт федедерациясы Кыргызстанга жол ачты. 9-июнда Жакарта шаарында жаштар арасында эркин күрөштөн Азия чемпионаты башталат.

Будапешт шаарындагы мамлекет башчыларынын жолугушуусунда президент Роза Отунбаева Венгрия менен кызматташууда парус спортун өнүктүрүү маселесине да токтолду.

- Венгриянын Балатон көлүндө ар жыл сайын парус спорту боюнча эл аралык 60 мелдеш өтөт экен. Ошондуктан ушул багытта да кызматташып, сиздер менен тажрыйба бөлүшсөк дурус болмок. Ысык-Көлүбүз парус спортун өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу.

Ушул маанайда Кыргызстандын парус спорт федерациясынын жетекчиси Владимир Кирик менен Европа парус федерациясынын президенти Георг Вашшала кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту.

Келишимдин негизгинде кыргызстандык машыктыруучуларга кесиптик деңгээлин көтөрүүгө, спортчуларга тажырыйба алмашууга, бирге машыгууга Европага жол ачылмак болду.

Черныхтын жолу болбоду

8-июнда кыргызстандык Александр Черных Щвейцариянын Берне шаарында фехтования боюнча Гран-при мелдешине катышты. Турнирде 39 өлкөнүн тажрыйбалуу 198 кылыч чебери өнөрүн көрсөттү.

Жыйынтыгында Александр Черных байгелүү орунга илинбей, 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомо алууга чамасы жетпей калды.

Мээримдин коло байгеси

Алматыда карате-до чыгыш өнөрүнөн Kazakhstan Open эл аралык мелдеши соңуна чыкты. Мында Мээрим Байкердинова коло медаль тагынды. Таймашууга Кыргызстандан 10 спортчу катышты.

Учурда өлкөнүн тандалган командасы июлда Москвада өтө турган дүйнө чемпионатына даярдык көрүшүүдө.

Жашында таптайт

Бишкекте “Бардык жакшылыктар - балдарга” деген эл аралык теннис мелдеши жыйынтыкталды. Мында Бишкек, Ош шаарларынын жана АКШнын жүздөй улан-кызы катышты. Уландардан бишкектик Руслан Андреев, Адил Маматов жана Тимур Бабаков жеңүүчү аталды.

Кыздардан америкалык Анастасия Филина, бишкектик Эрика Баталиева менен Бермет Талантова биринчи орунду камсыз кылды.

Жакартада жаштар таймашы

9-июнда Индонезиянын борбору Жакарта шаарында жаштар арасында эркин күрөштөн Азия чемпионаты башталат. Жолдун алыстыгына байланыштуу Кыргызстандан үч балбан барганын өлкөнүн күрөш борборунун жетекчиси Жеңиш Дөңбаев “Азаттыкка” маалымдап, 10-июнда Бишкекте өтө турган Кожомкулдун байгеси үчүн эл аралык мелдеш тууралуу айтты.

Жакартада эркин күрөштөн жеңил салмакта Самат Надырбек уулу, 60 кило Эржан Абдыгулов жана 84 кг. салмакта Арзуубек Карыбеков өлкө намысын коргоп жатышат.

Индонезиянын борборунда жаштар арасында грек-рим күрөшү жана кыздардын эркин күрөшү боюнча Азия чемпионатынын таймашуулары болот.

Астанада футболдук турнир

7-июндан бери Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун уюшулганынын 10 жылдыгына арналган эл аралык футбол турнири өтүүдө. Мында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн 17 жаштагы футболчулары мөрөй талашып жатат.

Кыргызстандык жаштар “А” тобунда “Казакстан-1” командасына 3:1 эсебинде утулуп калды. Эми алар Тажикстандын командасы менен ойнойт.

Ысык-Көл эл аралык марафону

Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун айтымында, 9-июнда Ысык-Көлдүн айланып чуркоо эл аралык марафону Балыкчы шаарынан башталат.

440 чакырым аралыкка созулган үч күндүк марафонду уюштуруучу Мартин Флухтун маалымдаганы боюнча, АКШ, Германия, Орусия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнөн тандалган 10 жөө күлүк Ысык-Көлдү айланып, тыныгуу менен 40 саат чуркайт.

Марафонду колдогон демөөрчүлөрдөн түшкөн каражат Кутургу айылындагы балдар үйүнө берилээрин мелдештин уюштуруучулары маалымдашты.

Гроссмейстрди акыркы сапарга узатуу

52 жаш курагында катуу оорудан кийин шахмат боюнча эл аралык гроссмейстр, Кыргызстадын көп жолку чемпиону Леонид Юртаев каза болду. Шахмат федерациясынын өкүлү Бактыгүл Тиленбаева:

- Леонид Юртаев шахматтан СССР спорт чебери, биринчи эл аралык гроссмейстри болуу менен өлкөдө бул спорттун өнүгүшүнө зор салым кошкон, эл аралык турнирлерде дүйнө чемпиондору Таль менен Гарри Каспаровду жеңип, шахматтан дүйнөлүк 3 олимпиадага катышкан.
XS
SM
MD
LG