Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Стамбулда кыргыз балбандары ийгилик жарата албады


Грек-рим күрөшүнөн К.Бегалиев, Р.Түмөнбаев, Д.Көбөнов баштаган 7 балбан жеңилүү ызасын тартышты. 16-сентябрда эркин күрөштөн мөрөй талашуу башталат.

Учурда Стамбулда өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты курч таймашуулар менен айырмаланууда. Себеби биринчи орундан алтынчы орунга чейин 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомолор ыйгарылып жаткандыктан күч сынашуулардын деңгээли жогору болууда.

Грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык спорт күйөрмандарынын үмүтү акталган жок. Алгач Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Канатбек Бегалиев жеңилүү ызасын тартып, Лондон олимпиадасына жолдомо албай калды.

Азия чемпиону Арсен Эралиев, Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси, Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев, Азия оюндарынын коло медаль ээси, жаштар арасында дүйнө чемпиону Жанарбек Кенжеев, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Азат Эркинбаев атаандаштарынан утулуп, мөрөй талашуудан четтеп калды.

74 кг салмакта өлкө намысын коргогон 16-Азия оюндарынын чемпиону, былтыркы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Данияр Көбөнов да Стамбулда ийгилик жарата албады.

Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Максат Дайырбек уулунун айтымында, Данияр Көбөнов эң күчтүү атаандаштарга туш болуп, германиялык балбанды утуп, күч-кубатын кетирип, азербайжандык жигитке алдырып койду. Бирок Даниярдын дагы үч мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Оор салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Мурат Рамонов да Лондон олимпиадасына жолун ача албады.

Кыз-келиндердин эркин күрөш мелдештеринде кыргызстандык үч балбан кыз: 48 кг салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Мехринисо Нурматова, 63 кг салмакта Айсулуу Тыныбеков жана 73 кг салмакта Азия оюндарынын коло байге ээси Яна Панова мөрөй талашып жатышат. Алардан Мехринисо алгачкы атаандашынан утулуп, четке чыгып калды.

Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин пикиринде, 16-сентябрда эркин күрөштөн таймашуулар башталып, Ала-Тоодон барган алты балбандын бир-экөө Лондон олимпиадасына жолдомо утуп алышы ыктымал.

Стамбулдагы дүйнө чемпионатына 104 өлкөдөн тандалган 900 балбан мөрөй талашууда.

Тенгиз - теннис чебери

Орусияда өтүп жаткан теннистен эл аралык турнирде жуп болуп ойноодо кыргызстандык Тенгиз Атаханов орусиялык өнөгү Валентин Подгорный менен чейрек финалга чыгышты.

Жеке таймашууда Тенгиз Атаханов менен Анэт Айталиев мыктылардын сабына кошула албады.

Ваккер дүйнөлүк жарышка чыгат

Кыргызстандык велоспортчу, Азиянын үч жолку чемпиону Евгений Ваккер Даниянын Копенгаген шаарына аттанып кетти. Бул шаарда 17-сентябрдан 25-сентябрга чейин дүйнө чемпионаты болот.

Евгений Ваккер 46 км. аралыкка жарышта өлкө намысын коргойт. Себеби ал былтыр Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алган.

Бул аралыкта дүйнөдөн тандалган 70 велоспортчу мөрөй талашат. Алардын катарында дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, швейцариялык Фабиан Канчеллер, Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси швециялык Эриксон жана башкалар бар.

Азия олимпиадалык кеңешине шайлангандар

Жапониянын борбору Токиодо өткөн Азия олимпадалык кеңешинин отчеттук-кайра шайлоо жыйынында Кыргыз Республикасынын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов “Спорт жалпыга” атайын комитетине мүчөлүккө шайланды.

Эл аралык байланыштар департаментинин жетекчиси Саламат Эргешов Лондон олимпиадалык оюндарына жооптуу кызматкер болуу менен “Спорт жана айлана-чөйрөнү коргоо” комитетине мүчө болуп шайланды.

Ошондой эле Улуттук олимпиада комитетинин аткаруу комитетинин өкүлү Садыр Мамытов Азия олимпиадалык кеңешинин каржы комитетинин мүчөсү болуп калды. Азиядагы 45 өлкөдөн 150 өкүл Азия олимпиадалык кеңешине 4 жылга мүчөлүккө шайланышты.

Ошто футболдон өлкө Кубогу

Футзалдан Кыргызстандын Кубогуна арналган мелдеш быйыл окятбрь айында Ош шаарында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” мелдешти уюштуруу комитетинин төргасы Рыскелди Мусаев билдирди.

Өлкө Кубогу үчүн таймашууларга бардык облустардын чемпиондору жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары катышат.
XS
SM
MD
LG