Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Кыргызстандыктар алыстан сүрөдү


Футболдон Европа чемпионатынын финалында Италияны испандыктар 4:0 эсебинде жеңип алышты. Бишкек да дүңгүрөп турду.

Испания менен Италия финалына он миңдеген кыргызстандыктар күбө болду. Бишкектеги футбол күйөрмандары арбын чогулган бир нече кафе-барга баш бактык. Күйөрмандар арасынан эркин күрөш федерациясынын мурдагы президенти Токтобай Акматовду кезиктирдим. Ал Испания командасын сүрөп жаткан экен.

Ышкыбоздор катарында Италия командасына күйөрман болгон жигиттер арбын экен, бул команда утат деп акча сайгандардын шаабайы сууп турганын айтып беришти.

Бишкектеги букмекерлик кеңселерде айрым күйөрмандар Испанияга көбүрөөк акча сайып жатыптыр. Алардын бири өлкөнүн олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов да Испания командасы жеңет деп акча сайганын, достору менен мелдешип турганын айтты.

Бишкектик күйөрман Эркинбек Италияга күйөрманы экенин айтып, кафедеги чоң экрандан футбол көрүү таасирдүү болорун, өзү да кошо аралашып ойноп кеткиси келип турганын билдирди.

Жалалабаддык 58 жаштагы Атагелди финалдык таймашта Испания жеңип чыкканына чоң кубанычта болуп, дүйнөдөгү жамаатчыл, ынтымактуу команда экенин белгиледи.

- Евро-2012 биз үчүн да тарыхый окуя. Биз тарыхтын улуу окуясына күбө болдук. Мен Испаниянын жеңип чыгарына ишенгем.

Испания 1964-жана 2008-жылы Европанын эки жолку чемпиону болгон. 1984-жылы Францияда өткөн Европа чемпионатында финалда испандыктар француздардан жеңилүү ызасын тартып, экинчи орунду ээлеген. Ошондой эле 2010-жылы дүйнө чемпиону болгон. 1992-жылы Барселона шаарында өткөн олимпиадалык оюнда Испания баш байгени утуп алган.

Италия командасы дүйнөнүн 4 жолку чемпиону. Акыркы жолу 2006-жылы Германияда өткөн дүйнө чемпионатында баш байгеге татыган. Италия 1968-жылы өз өлкөсүндө гана Европанын чемпиону болуп, андан бери 44 жыл өтсө да баш байгени ута албай келди. 2000-жылы финалга чейин жетип, Францияга кошумча убакытта 2:1 эсебинде утулуп, күмүш байгелүү болушкан. 1988-жылы коло байгеге татышкан.

Бул жолку Европа чемпионатына акыркы жолу 16дан команда катышып жатат. Келерки 2016-жылы Францияда өтчү Европа чемпионаттан тарта мелдешке өз топторунда жеңген 24 өлкөнүн курамасы катыша баштайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG