Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Бишкекте жаңы муз аянтчасы ачылды


Жаңы муз аянтында “Локомотов” аттуу хоккей клубун түзүү демилгеси да көтөрүлүүдө.
Жаңы муз аянтында “Локомотов” аттуу хоккей клубун түзүү демилгеси да көтөрүлүүдө.
Көкчө тоо шаарында оор атлетика боюнча Казакстандын ачык чемпионатында кыргыз балбандар өлкөнүн рекордун төрт ирет жаңыртышты. Бекзат Осмоналиев 62 кило салмакта күч сынашып, 133 кг. оордукту жулкуп көтөрүп, 156 кило салмакты түртүп көтөрүү менен жаңы рекордчу аталды. Жалпы суммасы 289 кг. болгону да жаңы рекорддук чек болуп саналат.

Ошондой эле 69 кило салмакта Изат Артыков эки көнүгүүдө 307 кг. оордукту багындырып, Казакстанда Кыргызстандын рекордун жаңыртты.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектеги балдардын оор атлетика мектебинин жетекчиси Улан Молдодосов маалымдап, кыздардан Жаңыл Океева, жигиттерден Изат Артыков 2 алтын медаль утуп алышканын кошумчалады. Мелдеш 19-мартка чейин улантылат.

Ильяс Адамовго сабак болду

Кыргызстандык бильярдчы Ильяс Адамов Орусиянын Кузбасс облусунун губернаторунун кубогу үчүн өткөрүлүп жаткан эл аралык мелдеште («эркин пирамида») экинчи ирет жеңишке жетишти.

Ильяс Адамов орусиялык Евгений Афанасьев менен мелдешип, аны 4:1 эсебинде утуп алды. Бирок жарым финалга чыгуу үчүн орусиялык бильярдчы Владимир Вайнцвайг менен беттешип, аз упайга алдырып койду.

Жаш балбандар сыналды

17-мартта Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдардын адистештирилген спорт мектебинде грек-рим күрөшү боюнча шаардын биринчилиги үчүн күч сынашуулар болду.

Килем үстүндө 16-17 жаштагы эки жүзгө жакын уландар мөрөй талашты. Бул мелдеш тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров айтып берди.

Ала-Тоо кубогу

17-мартта “Ала-Тоо кубогу" аттуу футболдон эл аралык мелдеш башталды. Бул турнир тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

Анын маалыматына караганда, турнир 17-марттан 21-мартка чейин Кант шаарында өтүүдө. Таймашка жалпысынан 8 команда катышып жатат.

- Салт болуп калгандай, мелдешке "Абдыш-Ата" (Кант), "Наше Пиво" (Кант), "Живое Пиво" (Кант), "Дордой" (Бишкек), "Алга" (Бишкек), "ФЦ ФФКР-95" (Бишкек), "Алай" (Ош), "Лашын" (Казакстан) катышып, мелдеш курч мүнөздө өтүп жатат.

Жаңы муз аянты ачылды

Бишкектин тургундары дагы бир кубанычтуу саамалыкка күбө болушту. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен “Локомотив” аталыштагы жаңы муз аянты ачылды. Бул муз аянтын куруу үчүн ишкана төрт жыл аралыгында 300 миллион сом каражат чыгымдаган.

Муз тебүүчү аянты 1 миң 124 чарчы метрди түзүп, бир убакытта 150 адам муз тээп, машыгууга шарты бар. Мындан сырткары спорт ордосунун жанында теннис ойноо корту жана кичи-футбол талаасы да жайгашкан. Ошондой эле футбол ойноого ылайыктуу эл аралык стандарттагы талаа да курулуп жатат. Жаңы муз аянтында “Локомотов” аттуу хоккей клубун түзүү демилгеси да көтөрүлүүдө.

"Кыргызстанда спорттун жайкы түрүнө басым жасалып, кышкы спорт түрлөрүнө эми гана көңүл бурулууда. Мамлекет да кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө кызыкдар болушу зарыл. Себеби эки жылдан кийин болчу Сочи олимпиадасына азыртадан даярдык көрүү керек", - дейт дене тарбия, спортко эмгек сиңирген кызматкер Эшим Кутманалиев.

Тай боксту тааныткандар

17-мартта Бишкекте тай бокс күнү белгиленди. Тайланд өлкөсүнүн улуттук спорту катары дүйнөгө таанылган тай бокско кызыккандар арбын. Аны айрым өлкөлөрдө муай тай деп да атап келишет. Бул таймаштын башында Най Кханом Том аттуу тайланддык мушкер турган. Ал 1775-жыл Бирман аскерлерине туткунга түшүп калып, аларга каршы чыгып, бирмандык боксчулар менен жекеме-жеке чыккан. Най Том бирмандык 10 мушкерди катары менен жеңип, бул эрдиги үчүн боштондукка чыккан. Ал эми тай боксун дүйнөгө жайылтууга салым кошкон чеберлер Муай Боран менен Краби Крабонг болуп саналат.

Тай бокс боюнча Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эже-сиңдилер Валентина менен Антонина Шевченколор болду. Алар дүйнөнүн көп жолку чемпиону аталып, эл аралык мелдештерде бир нече ирет жеңишке жеткен.

Универсиада улантылып жатат

Бишкекте спорттун 21 түрүнөн студенттердин Универсиада оюндары уланууда. Мелдешке өлкөдөгү 34 жогорку окуу жайынын командасы катышууда.

Спорттогу деңгээлине жараша быйыл күчтүү делген 14 жогорку окуу жайдын спортчулары биринчи лигада күч сынашууда. Калган 20 команда экинчи лигада жарышка чыгып, жеңүүчүлөрү кийинки жылы биринчи топко кошулат. Ала-Тоо аймагынын бардык облустарынын студенттеринин командалары келип, мөрөй талашуулар өтүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG