Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Талгат Акишов: Пух чика, проблем чика


Өзгөндүк 24 жаштагы Талгат Акишов Армениянын Ереван шаарында Саясий жана социалдык журналистика багытында бир жылдык окууну аяктап келди. Бул аралыкта жашоого, дүйнөгө, эне тилине көз карашы кантип өзгөргөнү тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына айтып берди.

Талгат Еревандагы окуу жөнүндө Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ресурстук борборунун адистеринен билген. Тандоо жүрүп жатканын угуп, сынакка катышып, окууга кабыл алынган:

- Конкурска менден сырткары дагы кыргызстандык эки бала катышты. Бири Бишкектен, дагы бири Баткенден. Чогуу барып, окуп келдик. Бир жыл бою журналистканын эл аралык стандарттарын окудук. Негизинен саясий темаларды кантип чагылдырууну үйрөндүк.

Талгат мындан ары журналистика тармагында ийгиликтерди жаратууну максат кылган:

- Негизи котормочу болом деген оюм бар эле. Сөз байлыгымды өстүрүү максатында журналистиканы да үйрөнүп жаткам. Арменияда окуп жүрүп, мындан ары журналист болуп иштөөнү чечтим. Албетте дагы көп нерсе үйрөнүшүм керек, буйруса, баарын өздөштүрөм.

Бир жылдын ичинде армянча түш жоруп калган Талгат еревандыктардын дээрлик баары колдонуп жүргөн бир кепти аябай жактырганын айтат:

- Армяндардын дээрлик баары көп колдонгон кеп - "пух чика, проблем чика". Бул "акча жок болсо, көйгөй да жок" дегенди билдирет. Бул мага да аябай жакты. Акча тартыш болуп турган учурда, кабакты үйбөй, ушинтип азил-тамаша менен да көйгөйдү жеңсе болорун армяндардан үйрөндүм.

Талгаттын айтымында, Армениянын табияты Кыргызстанга окшоп кетет. Тоо койнунда жайгашкан айылдарына барып, ал жердегилердин каада-салттары менен таанышкан:

- Той же өлүм болсо армяндар деле кыргыздарга окшоп аябай көп акча сарпташат. Мисалы, бир эле тойго 5 миң долларды коротуп жиберишет. Ал эми кыргыздарга үлгү боло турган тарабы – эне тилин, улуттук каада-салттарын аябай сыйлашат. Баары өз тилинде эркин сүйлөшөт. Каада-салттары жөнүндө терс ой-пикир билдирген бир да армянды көрбөдүм. Ал жерде англис тили расмий тил, дээрлик баары англис тилин билишет. Бирок биринчи орунга армян тилин коюшат.

Талгат Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер факультетин аяктаган. Англис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Анын Еревандагы окууга кеткен каражатын эл аралык NED уюму көтөргөн. Ал билим алып келген окууну Армениядагы Кавказ институту Борбордук Азия жана Кавказ элдериндеги жаштар үчүн 10 жылдан бери уюштуруп келет.
XS
SM
MD
LG