Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Жигердүү жаштардын лагери


"Жаш булак" лагеринин жаштары. Сүрөт Фейсбуктан алынды
"Жаш булак" лагеринин жаштары. Сүрөт Фейсбуктан алынды

“Жаш булак” лагери ар аймактан чогулган активдүү жаштарды бир аянтчага топтоду. Мындагы жаштар алты күндү жаратылыш коюнунда тосуп, билим форумунун алкагында пикир алмашып, тажрыйба топтошот. “Азаттык+” бул жолу лагерлердин жашоосу, андагы кызыктуу каармандар тууралуу баяндайт.

“Жаш Булак” - бүтүн республиканын жаш активисттерин чогулткан, алгачкы кеңири масштабда өткөрүп жаткан билим берүүчү форум лагери.

Максаты - айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, жаштардын аң- сезимин өзгөртүү жана бир күч болуп топто иштөө жөндөмүн арттыруу. Жалпы жонунан ар аймактан эки жүзгө чукул 18-25 жаштагы улан-кыздар чогулган. Аларды тандоо өзгөчө катаал шартта өткөрүлүп, активдүү, өз оюн ачык билдире алгандар гана кабыл алынган.

Лагерде кыргызстандык жаштардан сырткары, коңшу Казакстан, Тажикстан, алыскы Англиядан келгендер да бар.

“Жаш Булак” жаштарды жаратылыш шартына көндүрүүдөн сырткары, коммуникация куруу жана маанилүүсү – иштөө үчүн жаңы түрткү, дем-күч алууга, долбоордук идеяны даярдоо, аны ишке ашырууга каражат табуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган уникалдуу аянтча.

Жайкы лагерге чогулган жигердүү жаштар
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:57 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG