Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Идеясы көп, акчасы аз жаштар


Бишкекте өткөн жаштардын конгресси. 12-ноябрь, 2018-жыл.
Бишкекте өткөн жаштардын конгресси. 12-ноябрь, 2018-жыл.

Кыргызстандын 28 пайызын түзгөн жаштар үчүн жылына 10 миллион сом каражат бөлүнөт. Катышуучулар бул акча шаардан артпай, аймактагылар көңүл сыртында калып жатканына нааразы.

Кыргызстандын жети облусунан келген элүүгө жакын жигердүү жаштардын арасында коомдук иштерден тышкары өз бизнесин түптөп, башкаларга жумуш ордун түзгөндөр бар.

Күнөсканалар ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев өлкөдө идеяга бай жаштар көп, болгону аларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү жагы каралышы керек деген ойдо.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

- Жаштардын арасында күчтүү ишкерлер, өз тармагындагы күчтүү адистер бар, - дейт ал. - Учурда өлкөдө абал оор болгондуктан бул кырдаалдан бири-бирибизди колдоп гана чыга алабыз. Ал эми өкмөт жок эле дегенде административдик жагынан колдоп турса жакшы болмок. Мисалы, чек арадан өтүүдө жеңилдик берилип, коррупция аз болсо, ошондо өнүгүү болот.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы адамдар жаштарга кирет. Алар учурда Кыргызстан калкынын 28 пайызын түзөт.

Мындан үч жыл мурун жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык Кыргызстанда 18-24 жаштагы жумушсуз жаштар 67 пайыз, 25-28 жаштагылар 24 пайызды түзгөн. Ал эми 15-19 жаштагылардын көбү туугандарынын багуусунда.

Жаштарды колдоо үчүн каражат жетишсиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов жаштар саясатын колдош үчүн жыл сайын бюджеттен 10 млн. сом бөлүнүп келээрин билдирди:

- Бул каражат жаштардын ар кандай форумдарын өткөрүүгө жумшалат. Андан тышкары, жаштар мамлекеттик социалдык заказга долбоорлорун беришет. Биз аларды каржылап беребиз. Ал эми 10 млн. сом түздөн-түз жаштардын ар кандай иш-чараларын өткөрүүгө кетет. Андан тышкары, биз эл аралык уюмдар менен да келишим түзүп, жаштардын долбоорлорун колдоо боюнча иш алып барабыз.

Конгресстин катышуучулары “мамлекет жаштарга бөлгөн 10 млн. сом эч нерсеге жетпейт” деп, жаштардын иштери боюнча мамлекеттин саясаты чабал экенин белгилешти.

Нарын облустук жаштар ордосунун директору Жыргал Ражабов жаштарды колдош үчүн каралган каражатты мындайча талдап берди:

Жыргал Ражабов.
Жыргал Ражабов.

- “Статистика боюнча жаштар жалпы калктын 28 пайызын түзөт” деп президент өзү да айтты. Ал эми 10 млн. сомду ар бир жаш адамга бөлсөң үч-төрт сомдон эле тийип калат. Бул күлкүнү келтирчү эле сумма. Анын үстүнө 10 млн. сомдун жарымынан көбү эле Бишкекте, аппаратта иштеген кызматкерлердин айлыгына кетет. Иш-чараларды өткөргөнгө аз эле акча калат. Ал каражат эч нерсеге жетпейт.

Талас облустук жаштар кеңешинин өкүлү Азамат Асейин уулу да ушундай эле пикирде. Ал максаттуу долбоорлорду ишке ашырыш үчүн мамлекеттин колдоосу сезилбей жатканын белгиледи:

- Жаштар үчүн бөлүнгөн 10 млн. сом - бул жетиштүү сумма эмес. Менин маалыматымда, Таласта жаштар саясатын ишке ашырыш үчүн жылына 200 миң сомдой каражат кетет. Бул акча даталуу күндөрдө спорттук иш-чараларды, үйрөтүм-семинарларды же акцияларды гана уюштурууга жумшалат. Атайын акча бөлүнүп, максаттуу бир долбоорлорду ишке ашыралы деген иштерди көрө элекпиз. Ошондуктан бул каражатты көбөйтүш керек. Антпесе жаштар донолордун эсебинен жашап жатат. Аймактарда негизи жаштар саясатын донорлордун жана эл аралык уюмдардын жардамы менен ишке ашырабыз.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, акыркы үч жылда эл аралык уюмдардан жаштардын долбоорлорун колдош үчүн 500 млн. сомго жакын каражат келген. Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн конгресстин жүрүшүндө жаштар экономикалык, экологиялык жана социалдык маселелер боюнча беш долбоорду тааныштырышты.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Мамлекетти өнүктүрө турган инновациялык долбоорлорду колдоп, аларды ишке ашырышыбыз керек. Жаштарга сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жардам беришибиз керек. Мен республиканын кайсы жерине барбайын, “мамлекет оңолсун” деген көкүрөгү, дили таза жаштар ойлору менен бөлүшүп жатат. Айрыкча каалаган чет мамлекетине барып окуп келген жаштарды көрүп жатам. Буюрса, бул жаштар келечекте мамлекеттин жүгүн көтөрүп, өнүккөн өлкөнү курууга салым кошот. Себеби жаштар бар жерде ар дайым кыймыл да бар, - деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Юстиция министрлигинен 700дөн ашык жаштар уюму каттоодон өткөн. Бирок алардын ичинен 10 пайызы гана жигердүү иштейт. Мындан тышкары жергиликтүү кеңештерде 28 жашка чейинки курактагы депутаттардын саны 694кө жетет. Бирок мамлекеттик кызматта иштеген жаштардын саны соңку жылдары азайып кеткен.

Жаштар конгресси 13-ноябрда уланып, 2020-2030-жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясынын долбоору талкууланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG