Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Куралга үйүр жаштар көбөйдүбү?


ИИМдин маалыматында, сайсыз куралдарды колдонгон кылмыштар былтыркыга салыштырмалуу 50 пайызга көп.
ИИМдин маалыматында, сайсыз куралдарды колдонгон кылмыштар былтыркыга салыштырмалуу 50 пайызга көп.

ИИМдин маалыматына ылайык, соңку учурда курал колдонулган кылмыш көбөйдү. Айрыкча жаштар арасындагы чатакта курал, анын ичинде травматикалык тапанча кеңири колдонулууда.

Өткөн айда Жалал-Абад шаарында жаштар арасындагы чатакта травматикалык тапанча колдонулган эки факт катталды. Биринчи окуя 6-июнда түнкүсүн шаардагы көчөлөрдүн биринде орун алды. Экинчиси 24-июнда болду. Облустук милициянын оперативдүү кызматкеринин билдиришинче, бул эки окуяга тең катышкан балдар аныкталды:

- Жалал-Абад шаарында “Тянь-Шань” эс алуу борборунда Бектур Маматеминовду Баястан Караев деген бала Мунарбек Бабаев деген досу менен келип травматикалык тапанча менен эки ирет атып, денесине залал келтирген. Бул факт боюнча шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан “адам өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул бир эле факт эмес. 6-июнда шаардагы Красина көчөсүндө да ушул эле жаш балдар бири-бирин травматикалык тапанча менен атышкан.

Оперативдүү кызматкер мындай кылмыш иштер болоор-болбос нерседен, кайым айтышуудан тутанып жатканына токтолду:

- Жыйырма жаштардагы, эч кимиси үйлөнүп, үй-жай күтө элек мектепти жаңы эле бүткөн балдар. Эмне себептен бири-бирин атты деп анализдей келсең, болбогон бир-эки сөз боюнча чатакташып, “сен эмнеге бул жакта мындай деп койдуң, эмнеге ошондо мындай деп жооп бердиң” деп ушундай чоң окуяга айланып кетип жатат.

Азыр бул фактыларды иликтөө уланууда. “Тянь-Шань” эс алуу борборунда травматикалык тапанча колдонгон деп шектелген Баястан Караев 14-июлда үй камагына чыгарылды. “Адам өлтүрүүгө аракет кылган” деген айып тагылган Караевдин үй камагына чыгышы нааразылыктарды да жаратты. Бул ишти карап, баш коргоо чарасын өзгөрткөн Жалал-Абад шаардык соттун төрагасы Сулайманкул Атакулов “Азаттыкка” түшүндүрмө берди:

- Мен аны актаган жокмун, үй камагына чыгардым. Сот процесси башталганда биз бул ишти карайбыз. Экинчиден, кылмыш иштин ичинде жабыр тарткан тараптын арызы жок. Ошону менен бирге эле жабыр тарткан эки адам тең дароо эле тосмо арыз жазып беришиптир. Иштин ичинде ушундай болгон үчүн мен үй камагына чыгарып койдум. Ошол эле факт боюнча кылмышка шектелгендин шеригин алып келишти. Бирок анын камалышынын мыйзамдуулугун гана текшерүүгө алып келишти.

ИИМдин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов курал колдонулган кылмыштар боюнча маалымат берди:

- Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстанда курал колдонуу, анын ичинде сайлуу мылтык, сайсыз мылтыктар, бычак өңдүү куралдарды колдонуу менен 22 кылмыш катталды. Сайлуу курал колдонулган кылмыштар былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 22,2 пайызга азайган. Бирок сайсыз куралдарды колдонгон кылмыштар былтыркыга салыштырмалуу 50 пайызга көп. Ок атпай турган куралдар колдонулган кылмыш 16,6 пайызга көп.

Айрым байкоочулар куралга үйүр жаштар көбөйүп жатканына камтама болуп жатышат. Быйыл жыл жаңырган түнү Бишкектеги кафелердин биринде жаштар арасында чатак чыгып, анда “Алтын үн” ыр фестивалында Гран-при алган 17 жаштагы Темирлан Мукашевди травматикалык тапанча менен көзгө атып кетишкен. Желим октун айынан ырчынын сол көзү агып калган эле.

XS
SM
MD
LG