Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Сайкалов: Жаштарга жумуш керек


Баткендеги жаш лидерлер клубу тууралуу Жаштар министрлигинин аймактык бөлүм башчысы Кубанычбек Сайкалов маек курду.

“Азаттык”: Баткенде бүгүн интеллектуал жаш лидерлер клубу ачылып жатат. Оболу ушул клубдун максаты тууралуу айтып бересизби?

Кубанычбек Сайкалов: Биздин министрлик инновациялык интеллектуал жаштар клубу долбоорун ишке ашыра баштады. Долбоордун мөөнөтү үч ай. Облустун үч район жана үч шаарынан жаш лидерлер катышат.

Долбоордун негизги максаты жаштарды коомдун жана мамлекеттин жашоо-турмушуна активдүү аралаштыруу, жарандык жоопкерчиликке тарбиялоо, билим алуу, кесипке багыт берүү жана бизнес долбоорлорду жазууга үйрөтүү, чыгармачыл дареметин өнүктүрүү, руханий-адеп баалуулуктарын, маданиятын калыптандыруу болуп эсептелет.

“Азаттык”: Баткенде жаштар негизинен эмнеге муктаж жана алардын активдүүлүгү кандай?

Кубанычбек Сайкалов: Баткен облусу борбордон миң чакырым алыс тургандыктан, шартыбыз катаал болгондуктан жумуштун жоктугуна байланыштуу жаштардын көбү Чүйгө, жана башка жактарга чыгып кетишкен. Ошондуктан бизде эң биринчи жумуш ордун түзүү болуп саналат.

“Азаттык”: Сиздердин министрлик жаштарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча кандай конкреттүү аракеттерди жасап жатат?

Кубанычбек Сайкалов: Былтыр деле бир топ иштерди өткөрдүк. Быйыл дагы бир эле жолу өткөрүлүп, максатсыз калып кеткен иш-чаралардан көрө максаттуу иш-чараларды пландаштырып койдук. Мисалы, шаарды көрктөндүрүү максатында атайын жер участогун бөлдүрүп алып жаштар паркын ачкан жатабыз. Министрлик менен өткөндө сүйлөштүк, донорлордун жардамы менен теплица ачсакпы деп жатабыз. Баткенде теплица жок. Эгер ачылса, 20-30дай адам иш менен камсыз болот.

Андан сырткары кайра иштетүүчү цехтер, ишканалар ачылып калса, бир топ жаштар жумуштуу болот эле. Бул жаатта да иштер жүрүп жатат, эгер оңунан чечилсе жакшы болот эле.

“Азаттык”: Жергиликтүү укук коргоочулар атайын иликтөө жүргүзүп жаштардан сабыр качып, чыр-чатакка жакын болуп баратканын билдиришүүдө. Мунун башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз? Былтыр жыл жаңырарда Баткенде Андарак айылында жаштар арасында улуттар аралык араздашуу катталды эле.

Кубанычбек Сайкалов: Андарактагы окуя мектеп окуучулары арасындагы пикир келишпестиктен келип чыккан. Эми мындай окуялар кайталанбашы үчүн алдын ала иш-чаралар көрүлүп жатат. Айдаркен шаарчасында да бир аз улуттар аралык маселелер болуп жатты. Биз жаштар кеңеши менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Биз быйыл “Биримдик-12” деген жаштар лагерин уюштурганы жатабыз. Ал жерде облустагы ар түрдүү улуттагы жаштардын башын бириктирип, бир жума бою ар кандай жаңжалдарды алдын алып, биримдикке, ынтымакка үндөө максатында иш-чаралар өткөрүлөт.

Чыр-чатактар негизинен пикир келишпестиктен келип чыгат. Мунун алдын алсак болот.

“Азаттык”: Баткенде жаштар күндү кантип өткөрүшөт? Китепканалар, интернет клуб, көңүл ачуучу жайлар жетиштүүбү?

Кубанычбек Сайкалов: Баткен шаарында жакынкы күндөрдө облустук жаштар үйүн ачкан жатабыз. Апрель айынын 10-15теринде ачылат. Жаштар үчүн акысыз интернет, китепкана, дебат клуб, англис, орус тилдери боюнча курстарды ачууну пландаштырып жатабыз. Азыр менчик интернет клубдар бар, акы төлөп пайдаланышат. Жаштар райондук жана шаардык китепканадан пайдаланып турушат. Бирок ал жерлерде жаштарга пайдалуу китептер дээрлик жок. Китептерди толуктоо керек.

XS
SM
MD
LG