Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Ыктыярчы жаштардын кайрымдуулук акциясы


Кайрымдуулук жумалыгынын катышуучулары. 2013-жыл.
Кайрымдуулук жумалыгынын катышуучулары. 2013-жыл.

Кыргызстанда 7-13-апрель күндөр аралыгында “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы” өтөт. Бул аралыкта ыктыярчылар жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү муктаждарга жардам берүү, ишембилик сыяктуу иш-чараларды уюштурууда.

Акция Эл аралык жаштар фондунун jasa.kg программасынын алкагында ишке ашууда. Ага каржылык көмөктү USAID уюму көрсөтүп жатат. Жумалыктын жүрүшү тууралуу аны ишке ашырып жаткан уюмдардын бири – Youth of Osh коомдук бирикмесинин кызматкери Асел Абдраимова маалымат берди.

Абдраимова: “Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы” Кыргызстандын аймагында үч жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ал акцияны аткарууга 60ка жакын уюм тартылды. Максаты – жаштарды кайрымдуулукка, муктаждарга жардам берүүгө чакыруу, ушул жол менен мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнө салым кошуу. Жаштардын дүйнө таанымын өркүндөтүү жаатында да тренингдер болот.

“Азаттык”: Кайрымдуулук жумалыгына бир аз кеңири мүнөздөмө бересизби? Жаштар кандай жумуш аткарат. Кимдерге, кантип жардам берет?
Жаштардын кайрымдуулук жумалыгынын ачылышы. Ош шаары, 7-апрель, 2014-жыл
Жаштардын кайрымдуулук жумалыгынын ачылышы. Ош шаары, 7-апрель, 2014-жыл
Абдраимова: Бир жуманы ар түрдүү долбоорлорго бөлгөнбүз. 7-апрель күнү акциянын ачылышы болду. Жаштар чогулуп, анын маани-маңызы тууралуу маалымат алышты. 8-апрель күнү муктаж кишилерге жардам беребиз. Социалдык уюмдардын тизмесиндеги кедей үй-бүлөлөргө барып, керектүү каражаттарды белекке беребиз. 9-апрелде Балдар үйлөрүнө барып, аларга оюнчуктарды белек кылабыз, концерт тартуулайбыз. 10-апрелде болсо карылар үйүнө барабыз. 11-12-апрель күндөрү жаштардын коомдогу активдүүлүгүн арттырууга жардам берген тренингдерди уюштурабыз. Ага жаштар уюмдарынан өкүлдөр келип сабак өтөт. 13-апрелде болсо көчөлөрдөгү, эс алуу бактарындагы таштандыларды тазалайбыз.

“Азаттык”: Муктаждарга, жетим-жесирлерге жардам беребиз деп атасыз. Жардамдын түрлөрү жөнүндө айтып бербейсизби?

Абдраимова: Каржылык колдоо көрсөтүп жаткан уюмдардын каражаты менен жалгыз жашагандардын, кедей кишилердин үйүнө барып керектүү буюмдарды алып беребиз. Короолорун тазалайбыз. Балдар үйлөрүнө оюнчук, Карыялар үйүнө гигиеналык каражат сатып беребиз. Идиш-аяк белек кылабыз.

“Азаттык”: Акцияга жаштардын катышуусу кандай? Каалоочулар көп элеби?

Абдраимова: Жылдан жылга каалоочулар көбөйүп жатат. Кайрымдуулук жумалыгы жөнүндө жарыя бергенибизден бери телефон чалып, келип жаткандар күн сайын көбөйүүдө. Ал эмес, өздөрү жашаган аймактарда акция уюштурууну пландагандар бар. Албетте, жаштардын баары эле кызыгып жатат дегенден алысмын. Бирок ыктыярчылык иштерине катышып, жакшылыкка салым кошууну каалагандар көбөйүүдө. Бул албетте, кубана турган көрүнүш.
XS
SM
MD
LG