Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Саясатчы болбой атуул бол


Бишкек, Ала Тоо аянты. 25-октябрь, 2011-жыл
Бишкек, Ала Тоо аянты. 25-октябрь, 2011-жыл

Жаштар саясатка аралашпай туруп мамлекетке салым кошо алабы? Же Кыргызстандын шартында мекенге кызмат кылуу үчүн сөзсүз эле саясатчы болуу керекпи?

Жаштардын Соң-Көлдөгү курултайы толук максатына жетпей калды. Ага чакырылгандардын теңинен азы келди. Ушундан улам серепчилер жаштар дагы деле саясий куралга айланып жатканын белгилеп жатышат.

"Арай көз чарай" талкуусуна Баткендеги “Жаш саясатчылар клубу” коомдук бирикмесинин өкүлү Бахрам Рахманкулов, "Бүткүл Кыргызстан" жаштар партиясынын лидери Чыңгыз Капаров, жаш активист Сыйнат Жолдошева катышат.

“Азаттык”: Курултайды уюштурган жаштар ортосунда акча талашуу, таасир талашуу болуп кеткени айтылды. Ушундан улам серепчилер жаштар дагы деле саясий куралга айланып жатканын белгилеп жатышат. Өзүнөр эмне деп жатасыңар, курултай максатына жеттиби?

Чыңгыз Капаров: Чынын айтыш керек, курултай максатына жеткен жок. Биз аны башкача масштабда өткөрөлү дегенбиз. Тилекке каршы андай болбой калды. Бизди орган кызматкерлери да көзөмөлгө алып, мени азырга чейин куугунтуктап жүрөт. Биз ал иш-чараны өлкөнүн биримдиги, ынтымагы үчүн уюштурганбыз. Жаштар чындыгында кээ бир саясатчыларга курал болуп калдык. Акча үчүн иштеп калгандар бар. Тилекке каршы чоң саясатчылар биртике акча берип элди алдаган сыяктуу бизди да алдап жатышат.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз

please wait

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00
Түз линк

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:10 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Жаштар саясатка аралашпай туруп өлкөгө кандай салым кошо алат?

Сыйнат Жолдошева: Мамлекеттеги көп маселелерди саясатсыз деле чечсе болот. Ар бирибиз мамлекетке же саясатчыга доомат артпай, күнөөнү өзүбүздөн издесек жоопту табабыз. Мисалы, манипуляцияга алдырып жатабыз, шылуундарга жолугуп калыптырбыз деп жатабыз. Ошого деле өзүбүз барып, өзүбүз ишенип жатабыз да. Мисалы, Соң-Көл декларациясында мамлекет иш менен камсыз кылсын, жумушсуздук көбөйдү деген жагдайы бар. Азыркы учурда менин көп эле досторум мамлекетке карабай эле эмгектенип, үй-бүлөсүн багып жатат. Бул өзүбүздүн эле жалкоолугубуз деп ойлойм.

Бахрам Рахманкулов: Акыркы жылдары коомдо болгон терс көрүнүштөргө жаштардын катышуусу тенденцияга айланып баратат. Азыр жаштар саясатчылардын куралына айланып баратат, алар айткан сөздөрдү ишке ашырып, жасап жатышат.

Бүгүнкү күндө системалуу түрдө мектептен баштап бул багытта тарбия берүү жок. Жаштардын саясатчы болгулары келгени балким жакшыдыр, жаман деп айтпайм. Бирок президент, премьер-министр, спикер деп саясий кызматтар мектептен эле балдардын желкесине илинип, окуучу кезинен саясатка үйрөтүп жатат. Ошол эле учурда химик, физиктер унутта калды. Мамлекетке булар дагы керек да.

Азыр жаштар өз күчү менен иштеп деле өлкөгө салым кошсо болот. Сөзсүз эле акча алып эмес, алгач ыктыярчы болуп социалдык маселелерди чечүүгө жардам бериши керек. Жаштар өздөрү да “мен муну жасайм” деп ишти баштап кете албайт. Бул үчүн да окуу, тарбия берүү мекемелери программаларды кабыл алып, мотивация болушу зарыл.
Жаштардын Соң-Көлдөгү курултайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

XS
SM
MD
LG