Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Сарууда УКМКнын үч кызматкери сабалды


Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы митинг. Ысык-Көл облусу, 23-октябрь, 2013
Жети-Өгүздүн Саруу айылындагы митинг. Ысык-Көл облусу, 23-октябрь, 2013

Саруу айылындагы митинг учурунда УКМК кызматкерлери сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Сабалды делген үч кызматкер облустук ооруканада дарыланууда.

7-октябрда Сарууда Кумтөр кенине башталган каршылык акциялары ушул күнгө чейин уланууда. 28-октябрда УКМК кызматкерлери менен митингчилер ортосунда чыр чыгып, үч кызматкер токмоктолду.

Ысык-Көл облустук биргелешкен оорукананын башкы врачы Токтобай Маанаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, ооруканага кечээ түшкөн үч кишинин экөөсү жеңил сокку жеген, бирөө башынан жаракат алган. Токмоктолгон үч адам УКМК кызматкерлери экенин аталган комитеттен тастыкташты.

Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен митингге чыккандардын бири Замир Меңдибаев “Азаттыкка” кечээ күнү болгон окуя тууралуу буларды айтып берди:

- Биз кечээ өткөндөгү жөө жүрүш боюнча Саруу айылында Жети-Өгүз районунун акиминин милдетин аткаруучу Дамир Моңолдоров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканбыз. Жөө жүрүш кылып, тынчтык митингин өткөргөндө айтылган талаптардын жообун сурап жаткан элек. Анан эле көчөдө ызы-чуу болуп, маданият үйүнө балдар чоочун үч баланы алып кирип, "УКМКнын кишилери экен" деп айтышты.

Замир Мендибаевдин айтымында, сабалды делген УКМК кызматкерлерин атайын токмоктошкон эмес, жөн гана ич ара араздашуу болуп, чогулгандар провокацияга алдырып жиберишкен:

- Көчөдөн эки балага тапанча такап жаткан жеринен кармап келишкен экен. Өздөрүнүн УКМКга тиешеси жоктугун танып жатканда жанынан күбөлүктөрү чыгып калган. Эл камактагы балдардын сабалышына кыжырланып турганда, булар колго түшүп калды. Биз ич ара провокация болуп кетип, жакалашып киргенде элди токтотуп калдык. Анан бул жерде аким бар болчу, андан башка жаңы дайындалган райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси келип, окуя боюнча бардыгын такташты. Ошодо кармалгандар УКМКнын кишилери экени аныкталды.

Жети-Өгүз районун акиминин милдетин аткаруучу Дамир Моңолдоров да Саруу айылында жолугушуу өтүп жаткан учурда ызы-чуу болуп кеткенин айтат:

- Капысынан митингчи балдардын 10 чактысы 3 бейтааныш баланы маданият үйүнө киргизишти. Анан ошол жерден тинтип, ур-токмокко ала башташты. Мен ага жол бербөө максатында ошол жактагы ак сакалдар менен арачы түштүк. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мыйзам бузууга жол берген жокпуз. Ошол жердеги эл аларды "доом жок" деген тил кат жаздыргандан кийин гана бошотушту.

Акимдин айтымында, элдин колуна түшкөн үч бейтаныш адам УКМКнын кызматкерлери экендиги тууралуу алардын чөнтөгүнөн чыккан күбөлүктөрү тастыктаган.

- Балдар УКМКнын Бишкектеги борбордук кеңсесинин кызматкерлери болуп чыкты. Алардын жанындагы күбөлүктөрүн, тапанчаларын жана уюлдук телефондорун ошол жердегилер тартып алышкан. Автоунаасын дагы бербей жатышып, акыры чыгарып беришти.

Окуя учурунда митингчилер алардын тапанчаларын кайтаруудан баш тартып, эртеси күнү берерине ошол жердеги лидерлеринин бири кепилдик берген. Бүгүн болсо ал тапанчалар Жети-Өгүз районундагы ички иштер бөлүмүнө тапшырылганы айтылды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, бул окуя боюнча Жети-Өгүз райондук прокуратурасы эркинен мыйзамсыз ажыратуу, каракчылык, бийлик өкүлүнө күч көрсөтүү беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

7-октябрда Сарууда башталган жүрүш облус борбору Караколдо уланып, арты калайман башаламандык менен бүткөн, анын натыйжасында бир нече жаран камакка алынган. Ошондон бери Саруу айылында дээрлик күн сайын жүрүш болуп, камалгандарды бошотуу талабы коюлуп жатат.

  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG