Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Эки баланын табышмактуу өлүмү


Жакында үч күндүн ичинде Ысык-Көл районунда эки окуучу өз жанын кыйды. Бири колунда бар болсо, экинчиси колу жука үй-бүлөдөн чыккан.

Семеновка айылынын 17 жаштагы тургуну Улук Урматбековдун сөөгү жерге берилди. Улук ушул жылдын 15-ноябрында үйүндөгү мал сарайда жипке асылып алган дешти. Улук үч бир туугандын улуусу эле. "Анын мындай кадамга баруусу айылды дүңгүрөттү" деди анын класс жетекчиси Татьяна Волкова.

- Улуктун үй-бүлөсү абдан жакшы, апасы жоош эле айым. Атасы деле жумшак киши болуп көрүнөт. Демек кандайдыр бир маселе болуп калса, ата-энесине айтпай коймок эмес болчу. Бул баланы бирөө коркутту, же опузалады деп айтууга деле болбойт. Улук өзүн коргой ала турган бала болчу. Жакшы бала болчу.

Татьяна Волкованын айтымында, Ананьево айылында Улуктан мурда да тогузунчу класстын окуучусу өз жанын кыйганда окуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн экен.

- "Өз өмүрүңөрдү сактагыла, каалагандай калчабагыла, силерге жашоо белек катары берилген" дегем. Балдар чоңоюп калгандыктан сүйүүгө да кабылышыңар мүмкүн деп түшүндүргөм. Кино көрсөтүп, кандай гана оор проблема болбосун, бир түн уктаган соң, ал эртеси анча маанилүү деле болбой калышы мүмкүн деп айткам.

Азамат окуган мектеп
Азамат окуган мектеп
Волкова Улуктун 5-класстан бери сүйлөшкөн кызы бар болгонун, ал кыз кошуна айылда 11-класста окуп жатканын, Улук жанын кыйардан мурунку күнү ал кызга да жолукканын укканын айта кетти.

- Улук ал кыз менен жолугуп келген экен. Азыркы учурда анын ата-энеси да түшүнбөй турат, эмне себеп болгонуна, биз да түшүнбөй турабыз.

Улуктун ата-энеси жана туугандары менен сүйлөшө алган жокпуз. Улуктун сүйлөшкөн кызына телефон чалсак, "ата-энем уруксат бербейт" деп, сүйлөшүүдөн баш тартып койду. Болгону Улук акыркы учурда көңүл кош болуп жүргөн деп айтты.

Ошентип Улуктун мындай жолго барганы белгисиз бойдон калууда.

Бул каргашадан үч күн мурун кошуна Ананьево айылында 9-класстын окуучусу Жаныш уулу Азамат да өз жанын кыйган. Азаматтын апасы Чынара Чекирбаева:

- Мен ошол себебин да билбей жатам. Балам окууга барып келди. Биз кашарга барабыз деп, жолго чыкканбыз, анан эле мугалими кезигип, окууга барган жок деди. Мен окууга барып-барбаганын кайра сурасам, башын жерге салып эле туруп калды. "Мугалимдер урушуп жатабы" деп сурасам, мугалим "балаңыз сабакка келбесе, ким урушсун" деп койду. Балдар урдубу деп деген суроомо урбаганын айтты. Мугалим кайда баратканыбызды сурап, "арабаны өзүңүз айдаңыз, бала калсын, мектепке барып сүйлөшөлү" деди. Үйгө келсем балам өлүп калыптыр.

Азаматтын апасы Чынара Чекирбаева
Азаматтын апасы Чынара Чекирбаева
Азамат үй-бүлөдө кенжеси экен, "үйдө экөөбүз эле турчубуз" дейт апасы. Атасы менен байкеси Чолпон-Атада иштеп жүрүптүр. Чынара Чекирбаева баласынын мындай жолго баруусуна мугалим күнөөлүү деп эсептейт. "Бир гана балам, мугалим жана Кудай билет" деп, өзү да күнөөлүү болгонун айтты:

- Тооктор бытырап жүргөнүнөн жем берип, камап салсамбы деп сарайга киргем. Эч нерсе көргөн жокмун, эки табак жем берип, анан эле артыман бирөө карап тургандай болгонунан карай калсам эле ошол жерде муунуп калыптыр. Өзүм таппадымбы... Ошого өзүмдү күнөөлөбөдүмбү, эмнеге таштадым, таштабай эле алып кетсем эмне болот эле?

Азамат окуган мектепке барсам, класс жетекчиси жок экен, аны менен жолуга алган жокмун. Мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Гүлнара Касымалиеванын айтымында, мектепте окуучулардын 98 пайызы колу жука үй-бүлөлөрдөн, же жетимдер. Азамат да ошондойлордун катарына кирет, себеби атасы келип-кетип турчу экен. Азамат каникулга дейре ооруп, сабактан суранып, бир жума келбей калган. Эс алуу бүткөн соң Азамат дагы үч күн келген эмес.

- Ал баладан мындайга барат деп күткөн эмеспиз, себеби биз тентек балдар менен иштейбиз, бул андай эмес болчу. Каникулдан кийин үч күн келген эмес, анан мугалим ата-энеси менен сүйлөшөлү деп барганда апасы мен эки күнгө уруксат бергем, бирок бүгүн барган деп айтып жатат, бала сабакка келген эмес.

Маркумдун апасы мугалимди күнөөлөп жатканына байланыштуу Гүлнара Касымалиева мындай дейт:

- Менде бир суроо туулуп жатат, эмне себептен үйдө болгон окуяга ата-эне жооп бербей, мугалим жооп берет? Бүгүнкү күндө мугалимди күнөөлөп жатат, бул окуя саат беште болду, мугалим бешке чейин жүрбөйт да.

Учурда эки үй-бүлөнүн тең кабыргасы кайышып турган кез. Былтыр ушул эле райондун алтынчы класстагы окуучусу да батинкесинин боосуна асынып өлгөн эле.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG