Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Кыргызстан-Швейцария кызматташтыгы талкууда


Швейцариянын желеги.
Швейцариянын желеги.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга үч күндүк расмий иш сапары менен барды.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусу менен барды. 9-июлда башталган расмий иш сапар 11-июлга чейин уланат.

Сапардын жүрүшүндө ал Швейцариянын президенти Ули Маурер, Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушары белгиленген.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө экономика, финансы, туризм, аймактарды таза суу менен камсыз кылуу багытында документтерге кол коюу планы бар.

Мындан тышкары президент Швейцариядагы чоң ишкерлер менен кездешет. Ага Кыргызстандан барган ишкерлер да катышары айтылды.

«Тазабек» порталынын маалыматында, Кыргызстан менен Швейцариянын өз ара соода жүгүртүүсү 2018-жылдын ноябрь-декабрь айында 14,36 млн. долларды түзгөн.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандан Швейцарияга жөнөтүлгөн экспорттун көлөмү 160 миң, Швейцариядан Кыргызстанга келген импорттун көлөмү 14,2 млн. долларды түзгөн.

2018-жылы Швейцариядан келген чет элдик инвестициянын көлөмү 17 млн. 147,2 миң долларга жеткен. Кыргызстандан Швейцарияга карай инвестициянын көлөмү 5 млн. 426 миңге жеткен.

Швейцариядан келген түз инвестициялардын негизги бөлүгү маалымат байланыштары, финансылык ортомчулук жана камсыздоого жумшалган.

Швейцариялык инвесторлор мындан башка кайра иштетүүчү өндүрүшкө, тамак-аш (суусундуктарды кошкондо), тамеки, дүң жана чекене соода, автомобил жана мотоцикл оңдоо, илимий жана техникалык ишмердүүлүк, айыл чарба, токой жана балык өндүрүшүнө акча салган.

Кыргызстанда кыргыз-щвейцариялык биргелешкен 37 ишкана бар.

2018-жылга чейин Кыргызстан Швейцарияга алтын да экспорттоп келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG