Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

Бажыдагы "баш айлантмалар"


Бажыдагы коррупциялык системаны кыйратууга бел байлаганын айткан жеке ишкер Абдыкаар Сыдыков бажы кызматын сотко берди.

Ал сырттан автомашина ташып келип бажыдан өткөрүүдө өзү тушуккан жасалма түзүлгөн тоскоолдуктарды мыйзамсыздык катары карап, аны жок кылуу үчүн аягына чейин соттошо тургандыгын жарыялады. Жеке ишкердин бул демилгесин бажы кызматынын өкүлдөрү жөн гана өз ара түшүнбөстүк катары кабылдашууда.


Акча өндүрүүнүн адаттагы жолубу?

Мен алардын ушунчалык “адистешип” калгандыгын көрүп, алар силерди пара менен карматсам, болот эле. Бирок анда жалгыз эле бирөө иштен кетет. Калганы кала берчүдөй. Мен ушул коррупциялык сиситемаңарды кыйратам дедим.


Жеке ишкер Абдыкаар Сыдыков жакындан бери АКШдан автоунаа ташуу менен алектене баштаган. Бирок ал биринчи эле жолу бажыканадан мыйзамсыз акча өндүрүүгө байланышкан коррупциялык схемаларга тушуккан. Жеке ишкер сырттан ташылып келген автоунаалардын жылын аныктап, ага ылайык бажы төлөмүн чегерүүдө ишкерлерди акча берүүгө мажбурлаган шарттар бар экендигине күбө болду.

Сыдыков 2000-жылы өндүрүштөн куралып чыккан “Лексус” автомашинасын бажычылар “акча бербесең эски жылдын эсебинде каттап салабыз” деп пара талап кылышканын мисал келтирди:

- Биринчи жолу эле автомашинанын анык документтерин бергениме карабастан “99-жылкы экен, интернеттен көрдүк” - деп келген бажыканадагы жигит түз эле “тарифтин айырмасы беш эсе экен. Көнсөңүз ошону экиге бөлөлү. Жарымын мага бересиз” деп чыкпадыбы. Мен алардын ушунчалык “адистешип” калгандыгын көрүп, алар силерди пара менен карматсам, болот эле. Бирок анда жалгыз эле бирөө иштен кетет. Калганы кала берчүдөй. Мен ушул коррупциялык сиситемаңарды кыйратам дедим.

Аталган автомашинанын VIN кодунда анын запастык бөлүктөрү 1999-жылдын аягында даярдалгандыгы жана автомашина толугу менен 2000-жылы заводдон чыгарылган мөөнөтү чегилген. Буга АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин экономикалык кеңешчиси да тастыктама берген.


Бажычылар муну жөн эле түшүнбөөчүлүк дешет...


Бирок буга карабастан бажыкана кызматкерли өздөрүнүн аргументтерин айтышып, муну коррупциялык схема катары кароого болбой тургандыгын белгилешти.

Түндүк аймагы боюнча бажыкананын автомобилдик тобунун башчысы Бакыт Шуулдаков автоунаанын заводдон качан чыгарылгандыгын аныктоо усулдары боюнча эки ача көз караш орун алып жаткандыгына токтолду:

- Биз эми брокерлер менен иштейбиз. Алар сайтты карап, ошол машина 99-жылы чыккан деген бүтүм чыгарып беришти. Мына ошондуктан биз ошол маалыматка негизденүү менен ошондой чечим чыгарган болчубуз. Бул жерде башка эч нерсе жок. Мында эми жанагы автомашиналардын заводдон чыккан мөөнөттүн аныктоодо эл аралык код болгону менен, биз ал макулдашууга кошулган эмеспиз. Ошондуктан эки ача болуп калып жатат. Эми сот кандай чечсе, ошого карата болот да.


Мыйзамсыздыкты прокуратура да тастыктап ...


Жеке ишкер бажычылардын ишинин мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен прокуратура органдарына кайрылган. Башкы прокуратуранын жалпы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов бажы кызматы автомашинанын кайсы жылы чыгарылгандыгын аныктоодо мыйзамсыздык орун алгандыгын белгиледи:

- Бул жерде жанагы бажы брокерлери документке карата чечим чыгарыш керек эле да. Алар болсо, интернет булактарынан алынган маалымат боюнча, 99-жылы чыккан экен деп жазып беришиптир. Биз мына ошол автомашинанын жылын аныктоодогу усулдардын мыйзамсыздыгын көрсөтүп, сунуштама бергенбиз. Эми бул талаштуу маселеге сот чекит коюш керек го.


Бажыкананын ичиндеги менчик фирмалар кимдики?


Мындан сырткары жеке ишкер Абдыкаар Сыдыков коррупциялык схемалар жана ишкерлерден мыйзамсыз каражат өндүрүүнүн жолдору брокердик жана экспертизалык деген шылтоо менен түзүлгөн менчик фирмалар аркылуу жүргүзүлө тургандыгына күбө болгон. Ишкер күнүнө миңдеген доллар көмүскө киреше таап жаткан мына ошол фирмалар кандайча мамлекеттик бажыкананын алкагында иш алып барып жатышкандыгы боюнча суроо койду:

- “KG service”, «Rule by Customer» деген англисче аталыштагы бажыканадагы жеке менчик фирмалар кандайча мамлекеттик бажыкананын ичине кирип, иш алып барып жатат. Алар кимдерге караштуу. Булар жанагы бажы кабыл алуудан өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүү деген шылтоо менен болбогон жерден эле миңдеген доллар пайда көрүшөт экен. Аларды көзөмөлдөгөн орган барбы? Экспертизадан өткөрүш керек деп эле ар бир автоуунадан 500-600 сом алып жатат.

Жеке ишкер Абдыкаар Сыдыков бажы тармагындагы мындай схемаларды түп-тамырынан жок кылуу үчүн Бишкек райондор аралык экономикалык сотуна арызданды. Соттук териштирүүлөр бажы төлөмдөрүн чегерүүдөгү жана экспертизаларды жүргүзүүдөгү мыйзамдуулукту аныктамакчы.

Ошентип Абдыкаар Сыдыков бажы тармагындагы мыйзамдуулукту талап кылып, сотко кайрылган бир ууч ишкерлердин катарын толуктады.

XS
SM
MD
LG