Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Лейлектеги ок тийген депутат ооруканада


Кубаныч Баянов.
Кубаныч Баянов.

Жакында эле белгисиз адам атып кеткен Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасынын абалы оор.

Учурда ал кошуна Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканада дарыланып жатат. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы төраганын атылышы боюнча кылмыш иши иликтенип жатканын, кылмышка шектүүнүн изи табыла элек экенин билдирди.

Лейлек районунун Тажикстанга чектеш төмөнкү аймагындагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду артынан 5-ноябрдан 6-ноябрга өткөн түнү белгисиз адам атып, качып кеткен. Окуя депутаттын үйүнүн жанында болгондуктан, аны туугандары коңшулаш Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткиришкен. Айылдык кеңештин төрагасына ошол замат операция жасалган. Бир күн мурда анын абалынан кабар алган кесиптеши Акжол Абдуллаев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Кечээ күнү барып көрүп келдим. Экинчи жолу операциядан чыккандан кийин сүйлөгөнгө жараган жок. Чачма ок менен атышкан экен. Жакшы болуп кетсе деп тилеп отурабыз. Анын жанында жакындары карап турушат.

Факт боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди:

- Азыркы күндө Лейлек райондук ички иштер бөлүмү тарабынан атайын ыкчам топ түзүлүп, жагдай боюнча иш алып барууда. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери да тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. Факт боюнча “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатат.

Бул Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттарына байланыштуу экинчи окуя болуп жатат. Сентябрь айында ушул эле Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты адам уурдоо боюнча шек саналган. Милициянын маалыматы боюнча депутат Бишкек шаарында бир адамды күчтөп автоунаага салып кетип, жанындагылар менен жабыла токмоктошкон. Бул жолу белгисиз бирөөлөр атып кеткен депутат эч кандай криминалдык иштерге аралашпаганын, айыл өкмөтүнүн социалдык абалын жакшыртуу үчүн аракет кылып жүргөнүн анын кызматташы Акжол Абдуллаев белгиледи:

- Айылдык депутат катары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечкенге салымы чоң эле. Кубаныч чек арага байланышкан чыр-чатак иштерге аралашкан эмес. Тескерисинче, айыл өкмөттүн төрт айылына кичи футбол аянттарын курууга жакшы салым кошкон. Мен да түшүнбөй калдым, окуяга. Айылда жаштарга да жакшы көңүл буруп турат...

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновго тажик дарыгерлери экинчи ирет операция жасаганын анын жакындары билдиришти. Бейтап азырынча окуя боюнча ооз ача элек. Тергөө кызматтары да айылдык кеңештин төрагасынын көрсөтмөсүн күтүп турушкандай.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG