Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Ленин өлгөнүнө токсон жыл толду


В. И. Ленин зайыбы Н. К. Крупская менен. 6-май, 1919.
В. И. Ленин зайыбы Н. К. Крупская менен. 6-май, 1919.

21-январда, мурдакы советтик расмий тил менен айткандай, дүйнөлүк пролетариаттын көсөмү Владимир Ильич Лениндин келбес сапарга дүйнө салганына туура 90 жыл толду. Лениндин көсөмдүк сөздөрү орундалдыбы? Аны экс-советтик өлкөлөрдүн мектеп окуучулары билишеби?

1920-жылы 22-июндан 12-июлга чейин Москвада Коммунисттик интернационалдын III конгресси өтөт. Бул жыйында РСФСРдин Эл комиссарлар советинин төрагасы, дүйнөдөгү биринчи коммунисттик мамлекеттин түптөөчүсү Владимир Ильич Ленин сүйлөп, пролетарлар башындагы совет бийлиги дүйнөнүн чар тарабында орнооруна аз гана жыл калганын айтат:

- Бүтүн дүйнө жүзүндө коммунисттердин союзу өсүүдө. Бир катар өлкөлөрдө Совет бийлиги жеңди. Биз дагы бир аздан кийин бүтүн дүйнө жүзүндө коммунисттердин жеңишин көрөбүз, биз Советтердин Дүйнөлүк Федеративдик Республикасы негизделгенин көрөбүз.

Ошол эле 1920-жылдын 2-октябрында Ленин комсомолдордун жалпы орусиялык III курултайында “Жаштар сюздарынын милдети” деген атактуу докладын жасайт. Ленин бул ирет жаштарды ашып барса 20 жылдан кийин коммунисттик коом курулат деп сүйүндүрөт.

1960-жылдардын башында КПССтин лидери Хрущев да 1980-жылы СССРдин эли Ленин осуят кылып кеткен коммунизмде бейиштегидей жашап каларын жарыя кылат. Бирок не Лениндин, не Хрущевдин сөзү өйдөсүнө чыкпады.

Лениндин Алматыдагы эстелиги. 18-октябрь 2006
Лениндин Алматыдагы эстелиги. 18-октябрь 2006
Совет заманында мектеп окуучулары жана студенттер сөзүз Лениндин өмүр баянын, чыгармаларын окуп үйрөнүшчү. СССРдин ар бир шаар-кыштагында Ленин атындагы мектеп, же колхоз-совхоз, же ишкана, бир көчө же район болсо, азыр анын бири да жок десек жаңылбайбыз. Ырас, айрым гана жерлерде, анын ичинде Кыргызстандын борбору Бишкекте жана экинчи чоң шаары Оштун ортолук аянтында Лениндин айкели турат. Ал эми Украинанын байтакты Киевдеги Лениндин эстелигин өкмөткө нааразы демонстранттар 8-декабрда талкалап салышты. Совет заманында Лениндин туулган жана өлгөн күнү расмий түрдө чоң шаан-шөкөт менен белгиленсе, азыр аз сандагы коммунисттер тарабынан гана эскерилет. Алардын ичинде кыргызстандык коммунисттер да бар.

Кыргызстан үчүн Лениндин мааниси кандай? Себеби, IX-X кылымдарда өкүм сүргөн Улуу кыргыз каганаты же кыргыз мамлекети Ленин түзгөн Совет бийлиги тушунда кайра курулду, эл жапырт кат тааныды, экономика түптөлдү деп түшүндүрөт Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрайымы, тарых илимдеринин доктору Клара Ажибекова.

please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00
Түз линк

1918-жылы май айынын аягында негизделген Грузия демократиялык республикасы жана Азербайжан демократиялык республикасы 1920-21-жылдары Ленин башындагы большевиктик бийлик тарабынан талкаланып, ордуна совет өкмөтү орнотулгандыктан, бул эки өлкөдө Ленинге мамиле тескери. Ошондой эле 1920-жылы Бухара эмирлиги жана Хива хандыгы да Кызыл армия тарабынан жок кылынат.

Мурдакы советтик республикалардын мектеп окуучулары Ленин жөнүндө дээрлик эч нерсе билбегенин “Азаттыктын” кабарчылары өткөргөн сурамжылоолор көрсөттү. Орусиялык мектеп окуучулары Ленинди Орусияны башкарган көсөм болгон, элди көтөрүлүшкө үндөгөн большевиктер партиясынын лидери дешет. Молдовалык окуучулардын бири анын Москвада мавзолейде көмүлгөнүнөн башка эч нерсе билбегенин айтат. Беларус окуучуларынын бири Ленинди дүйнөнү басып алып, эл башкаргысы келген десе, экинчи окуучу Ленин Польшага басып киргенде, поляктар мизин кайтарган деп 1920-жылкы согушту эстеди. Украиналык окуучу Ленин зулум болгон, себеби кызыл комиссарлар кыштактардын элин кызылдай кырып салган дейт.

Ленин ким болгон? (Бишкектин көчөлөрүндөгү сурамжылоо)

"Ленин ким, билесиңби?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00


Азербайжандык окуучу Ленинди совет заманында атабыз же бабабыз деп окутушканын укканын айтты. Грузиялык тестиер кыздын айтымында, Ленин Орусия үчүн маанилүү жана ролу да чоң; анткени, Ленин алиге чейин орустардын кызыкчылыгына кызмат кылат деп ойлойт. Душанбелик окуучу мектепте Ленин жөнүндө эч нерсе окутулбаганын айтат.

Ошентип Лениндин совет мезгилинде жетимиш жыл күн сайын келмедей жаңырган ысмы СССР кыйрагандан кийин туулган жаштар үчүн белгисиз жана маанисиз бирөө.

Лениндин Кыргызстандагы эстеликтери

XS
SM
MD
LG