Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

"Левада": Биз чет өлкөлүк агент эмеспиз


Лев Гудков, "Левада" борборунун директору.
Лев Гудков, "Левада" борборунун директору.

Орусияда коом пикирин иликтеген көз карандысыз “Левада” борбору прокурорлордун кысымынан улам жабылганга мажбур болушу мүмкүн.

Акыркы 10 жылда “Левада” борбору Орусияда эл пикирин иликтеген эң эле көз карандысыз уюм катары кадыр-баркка жетишти. Эми ал чындап эле жабылып калышы мүмкүнбү?

Прокурорлор бул уюмга ушул аптада эскертүү жасап, “силер сырттан акча алып, Орусияда саясий иштер менен алектенген уюм катары “чет өлкөлүк агент” деген макам алышыңар керек” дешкен. Борбордун өзүнөн айтышкандай, аларга сырттан түшкөн акчанын көлөмү жалпы бюджеттин болгону 1,5 - 3% түзөт.

Эң кызыгы – прокурорлордун акыркы эскертүүсү “Левада” борбору өлкөдө президент Владимир Путиндин рейтинги түшүп кеткени жөнүндө изилдөөсүн жарыялагандан көп өтпөй болуп жатат. Ошон үчүнбү, айтор азыр прокурорлордун билдирүүсүн “саясий текшерүү” деп атай башташты.

Борбордун директору Лев Гудков “Азаттыктын” орус редакциясына сүйлөп, бийликтердин эскертүүсү уюмдун жабылышына алып келиши мүмкүн деди.

"Уюм азыр жабылуу коркунучунда калды. Мындай кырдаалда биз көз карандысыз иликтөөлөрдү жүргүзө албайбыз. Анткени бизге туруктуу каржылык булактар керек. Биз өзүбүздүн программа-долбоорлорубузду башка тармактардагы ишибизден тапкан акчалардын эсебинен каржылайбыз. Бирок азыр бейөкмөт уюмдар жөнүндө өтө кеңири мааниде каралып жаткан мыйзамдын негизинде биз иштешкен өнөктөштөрүбүз чет өлкөлөрдөн каржылык колдоо алса эле, алардын катарында биз да чет өлкөлүк агент деген категорияга кирип калабыз", - деди директор.

Гудковдун айтымында, Юстиция министрлигинен “чет өлкөлүк агент” катары каттоодон өтүү деген термин өзү тигил же бул уюмга “чыккынчы” деген сыяктуу өтө жагымсыз, ишенимден чыккан дегендей аныктама берет. Мындай абалда борбор иштей албайт.

“Прокурорлор биздин сурамжылоолордун жыйынтыгын, аналитикалык баяндамаларыбызды саясий ишмердүүлүк катары баалап, бир чети бизге түрдүү санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн алып жатышат, экинчи жагынан, биздин аброюбузга жана ишкердик репутациябызга шек келтиришет”, - дейт директор Гудков.

“Левада” борбору Орусиянын бейөкмөт же коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү талаштуу жаңы мыйзамы менен азыр жаңжалга түшүп жаткан жалгыз уюм эмес.

Апрелде шайлоо жыйынтыгына көз салуу боюнча адистешкен “Голос” уюму жаңы мыйзамдын негизинде өзүн “чет өлкөлүк агент” деп тааныбаганы үчүн айыпка жыгылган биринчи уюм болуп калган. Дал ушул уюм 2011-жылдагы парламенттик шайлоодо Мамлекеттик думаны тандоодо катталган айрым көз боёмочулуктарды аныктаган эле.

Адам укуктарын коргоо боюнча иштеген бир нече бейөкмөт уюмдар “биз саясий ишмердүүлүк менен алектенбейбиз” деп, мыйзамдын талабын аткарууга каршы болушкан. Алар өздөрүн “чет өлкөлүк агент” деп каттоодон мурда өздөрү сотко кайрылышаарын айтышты.

Мыйзамды сындагандар Кремль бул уюмдарды “чет өлкөлүк агент” катары атоо менен аларды кайсыл бир деңгээлде маскаралоого аракет кылып жатат дешет. Бийликтер, маселен, өткөн аптада тыңчы болушу мүмкүн деп кармалган америкалык дипломат Раян Фоглду да дал ушундай термин менен “чет өлкөлүк агент” деп аташкан эле.

“Левада” уюмун 2003-жылы Жалпы орусиялык коом пикирин иликтөө борборунун (же ВЦИОМдун) иштен кеткен мурдагы социологдору түзүшкөн. Алар мамлекеттик ал борбордо социологдорго “саясий басым” жасалганын айтып кетишкен эле. Андан бери “Левада” өлкөдөгү эң таасирдүү жана ишенимдүү иликтөө уюму катары аброй алганга жетишти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG