Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Китепканачылар ой-да күлүшөт


Хрестоматиядан башка адабий чыгармачылыкка арналган эч бир китепти барактабаган айрым жаштар тууралуу китепканачылар айткан азилдер.

* * * * *

Мага мындай китеп керек эле: “Жамийла” повести. Автору – Чыңгыз хан.

* * * * *

Сизде “Балакай жана чатырда жашаган Карл Маркс” деген китеп барбы?

* * * * *

Китепканаңызда Төлөгөновдун “Сунган кылыч” романы бар болду бекен?

* * * * *

Мугалим окуп кел деди эле, сиздерде “Тынч Дон” романына Белинскийдин сын китеби барбы?

* * * * *

Мага эжейим Сервантестин “Донки Хотт” чыгармасын окуп кел деди эле, таап бересизби? Мында “Донки” – англисче сөзбү?

* * * * *

Сиздерде “Кожожаш менен Кыз Сайкал” деген поэма барбы?

* * * * *

Пушкин менен дуэлге чыккан тиш доктурдун – дантисттин өмүрү жөнүндө сиздерде маалымат барбы?

* * * * *

Китепканаңызда Жусуповдун “Кыргыздар” китебинин 47-тому табылабы?

* * * * *

Мага Достоевскийдин “Бир тууган Карамзиндер” поэмасы керек эле...

* * * * *

Мага Арслан Койчиевдин “Бытпылдырык” повести керек эле.

* * * * *

Сиздерде Гоголь деген автордун “Шанель” деген китеби бар болду бекен?

* * * * *

Түгөлбаев Сыдыкбектин “Көк астана” романын сиздерден таба алабызбы?

* * * * *

Кечиресиз, сиздерде “Атакенин акбозат” деген жаңы роман барбы? Рыскулдуку дешет...

* * * * *

Мага “Томсоргон эр” же “Томсойгур эр” деген Марк Твендин китеби керек эле.

* * * * *

Эжеке, Жамийла менен Данияр кайсы дискотекада таанышты эле? Биз эртең алар жөнүндө жазат элек.

* * * * *

Бу китепканаңыздарда Азиз Минесиң деген түрк жазуучусунун эмгектери барбы?

* * * * *

Мага Карл Маркестин “Жалгыздыктын жүз гүлү” чыгармасы керек болуп турат. Үйгө убактылуу ала турсам болобу?

* * * * *

TT.

XS
SM
MD
LG