Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Каддафи үн катты, бирок кайда экени белгисиз


Козголоңчулар Триполидеги Жашыл аянтта, 23-август.
Козголоңчулар Триполидеги Жашыл аянтта, 23-август.

Ливиянын качып жүргөн, бирок бийликтен кулаганын моюнга албай жаткан лидери кайрадан үн катты. Мунун алдында шейшемби күнү козголоңчулар Каддафинин резинденциясын ээлеп, борбор Триполиде көзөмөлүн күчөткөн эле. Анткен менен шаарда атышуулар уланууда.

Согушкерлердин Триполинин басымдуу бөлүгү көзөмөлдө деген ырастоосуна карабай, айыгышкан атышуулар шаардын борбордук бөлүгүндө шаршембиде да уланды. Муаммар Каддафинин жактоочулары шейшемби күнү анын кулап бара жаткан бийлигинин символу катары эсептелген – Баб ал-Азизия комплексин ээлеген козголоңчуларга чабуулун жандандырган. Каддафинин аскерлери шаршембиде түштөн кийин Триполинин токойлуу жериндеги Зоологиялык парктын жанында анын жашыл байрагын көтөрүшкөн. Бул жер алардын шаардагы акыркы коргонуу тилкеси болчудай. Жашыл байрак көтөргөн аскерлер менен Баб ал-Азизия комплексинин ичиндеги козголоңчулар ортосунда артиллериядан атышуулар болгон.

Зоологиялык парктын аймагына ичинде 35тен ашуун чет өлкөлүк журналист камалып калган Rixos мейманканасы да кирет. Ал жердеги кабарчылардын айтымында, мейманкананын Каддафини жактаган куралдуу сакчылары алардын чыгып кетүүсүнө жол берген эмес. Мейманканын чатырына Каддафиге жантарткан снайперлер жайгашып алышкан.

Муаммар Каддафи болсо шаршембиде эртең менен уктурулган аудиокайрылуусунда Баб ал-Азизия комплексин таштап кетүүсүн “тактикалык кадам” деп түшүндүрдү. Качып жүргөндөй көрүнгөнү менен сөздөрүнө караганда ал багынбас бойдон калууда. Каддафи кайрылуусунда жактоочулар Триполини ал “саткынчылар жана келемиштер” деп атагандардан тазалоого чакырды:

- Триполидеги, анын сыртындагы уруулардын баары, жаштар, карылар, аялдар менен эркектер, аскерий комитеттердин баары шаарга чабуул коюшу керек. Аймактарды тинтип, саткынчылар менен келемиштерди жок кылышы абзел. Козголоңчулар силерди өлтүрүп, сөөгүңөрдү кордойт.

Каддафинин бул сөздөрүн шаршемби күнү жергиликтүү телеканалдардын бири уктурду. Ырастоосунда, ал шейшембиде Триполинин эле көчөлөрүндө эч кимге таанылбастан басып жүргөн. Саякаты учурунда шаарды коргоого даяр жаш ливиялыктардын көбүн көргөн.

Бирок британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Каддафинин айткандарын “жөөлүгөн билдирүү” катары баалады.

- Режим өлкөнүн жана борбордун басымдуу бөлүгүнө көзөмөлдү ачык эле жоготту. Менимче, полковник Каддафиге азыр жөөлүгөн билдирүүлөрдү жасоону токтотуп,, өлкөнү кайра көзөмөлдөй албасын моюнга ала турган учур. Ал азайган жана калк күчтөрүнө багынып берүү керектигин айтуусу керек

Триполидеги батыштык кабарчылардын жазгандарына караганда, козголоңчулар Каддафинин резиденциясын басып алып, талап-тоноп, ал четке саякаттаганда да ала чыгуучу бедуин чатырын өрттөп жиберишкени менен деле жашырына турган жерлер көп.

Каддафи режиминин мурдагы айрым өкүлдөрүнүн айтымында, Баб ал-Азизия комплекси жер алдынан Триполинин булуң-бурчунан чыгуучу туннелдер менен байланыштырылган. Жер алдындагы бул жашыруун жол аркылуу жеңил эле качып кетүүгө болот.

Башкалар болсо Каддафиге анын комплекси алдындагы шаар Триполиде айыгышкан уруш жүрүп турса, качып кетүүгө мүмкүндүк бермектигин айтып жатышат.

Борбор ээленгени менен Ливиянын дагы эки шаары Каддафиге жантарткан күчтөрдүн колунда кала берүүдө. Алардын бири - Жер ортолук деңиздин жээгиндеги Сирт шаары. Ал жерде Каддафи туулуп өскөн. Экинчиси, Триполиден 650 чакырым түштүктө, чөлдө жайгашкан Сабха шаары. Шаршембиде кечке жуук түшкөн маалыматтарга караганда, бул шаар үчүн уруш жүрүүдө. Сабхада Ливиянын аскер-аба күчтөрү жана башка маанилүү аскерий обьектилери жвйгашкан

Ал эми Сирт шаары боюнча козголоңчулардын Улуттук өткөөл Кеңешинин мүчөлөрү жергиликтүү уруу башчылары менен сүйлөшүп жатат.

Триполини ээлеген козголоңчулар Каддафинин резиденциясын “жамандыктын сепили” деп аташты. Алар шаардын жана өлкөнүн ар кайсы жеринен каршылык көрсөткөн очоктор бардыгын жокко чыгарышпайт. Буга чейин Ливиянын чыгышындагы Бенгазиде жайгашкан Улуттук өткөөл кеңеш Триполиге көчүүнүн жолдорун талкуулоодо. Оппозициядагы булактардын айтымында, бул алдыдагы бир нече күндүн ичинде ишке ашуусу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG