Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Коалиция Ливияга каршы сокку урду


Франция кечээ кечинде, Бишкек убактысы боюнча 22:45те Ливиянын куралдуу күчтөрүнө каршы алгачкы сокку урду.

ИТАР-ТАСС агенттиги Франциянын коргоо министринин билдирүүсүнө таянып кабарлашынча, алгачкы сокку брондолгон автоунаага урулган. Андан кийин Ливия куралдуу күчтөрүнүн дагы төрт танкы талкаланган.

Бүгүн таңга карай батыштык коалиция Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы операция баштагандан берки курмандыктар тууралуу маалыматтар жарыяланды. Рейтер билдиргенине караганда, Ливияда 48 адам мерт болуп, 150 чакты киши жарадар болгон. Мындай маалыматты Ливия телевидениеси кабарлаган. Өлүмгө кабылгандардын көпчүлүгү жайкын тургундар экени, арасында балдар жана аялдар да бар экени айтылууда.

Франциянын президенти Николя Саркози кечээ Париждеги европалык, америкалык жана араб лидерлери менен жолугушуудан кийин буларды айткан эле.

- Биздин күчтөр полковник Каддафинин Бегазинин элине каршы ар кандай чабуулуна каршылык көрсөтөт. Биздин учактар шаарга абадан кол салууну алдын алууга киришти. Дагы башка француз учактары куралсыз карапайым адамдарга коркунуч келтире турган танктарга каршы кийлигишүүгө даяр.

Париж жыйынындагы биргелешкен билдирүүнүн авторлору Каддафиден согуштук аракеттерин токтотуп, өлкөгө гуманитардык жардамдын келишине жол ачууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG