Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:48

"Чоң Сегиздик" Ливия боюнча сунушту колдогон жок


Ливиялык козголоңчулар Аждабиядан Бенгазини көздөй чегинип кетүүдө. 15-март, 2011-жыл. REUTERS.
Ливиялык козголоңчулар Аждабиядан Бенгазини көздөй чегинип кетүүдө. 15-март, 2011-жыл. REUTERS.
"Чоң Сегиздик" тобуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоонун ордуна Муаммар Каддафиге кысым көргөзүү үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагында кошумча чаралар керек деген орток пикирге токтошту.

Бирок андай кысым аскерий жол менен эмес, санкцияларды күчөтүү жолу менен көргөзүлүүсү зарыл.

Маселен Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелленин айтымында, Берлин Ливиядагы кырдаалга аскерий жол менен кийлигишүүнүн майнаптуулугуна анча ишенбейт:

- Полковник Каддафиге каршы күрөшүп жаткандар менен биз баарыбыз тилектешпиз. Бирок экинчи жагынан биз аскерий кийлигишүү – маселенин чечилиши эмес деп эсептейбиз. Бул оңой жол, оңой чечим эмес. Биздин көз карашыбызда бул абдан татаал жана опурталдуу.


Эгер Ливиянын аба мейкиндиги "учууга болбой турган аймак" деп жарыяланса, бул АКШ менен НАТОнун учактарынан Ливиянын абадан коргонуу системасын талкалоону, ливиялык жарандардын өмүрүн коргоо үчүн атүгүл асмандан учактарды атып түшүрүүнү талап кылмак.

Бирок муну иш жүзүндө ашыруу, Ливиянын аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн жүздөгөн учактар зарыл болмок.

"Чоң Сегиздиктин" тышкы иштер министрлери Париждеги пресс-конференцияда.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Британия менен Франциянын сунушу боюнча экиге бөлүнүп, вето салуу укугуна ээ Орусия “көп суроолордун башы ачылбай” жаткандыгын айтса, Кытай да резолюцияга каршы чыгып, АКШ менен Германия күмөн саноосун билдирген.



Ливиянын жарандарын диктатор Каддафинин күчтөрүнүн учактары менен тик учактарынын чабуулунан коргоо үчүн БУУдан Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоону Араб лигасы уюму да суранган.

Бирок Араб лигасы Ливияга чет өлкөлүк аскерлер кирбеши керек деген турумда.

Лиганын башкатчысы Амр Муса жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон бул маселени Евробиримдик, Араб лигасы жана Африка Биримдигинин саммитинде талкуулоо керек деген чакырык менен чыгышты. Бирок андай саммит өтүүчү күн айтыла элек.

Бул аралыкта шейшембиде (15-мартта) Каддафинин аскер күчтөрү ордо калаа Триполинин батышындагы Зуара шаарын козголоңчулардан кайра тартып алды.

Ал Каддафинин 41 жылдан ашуун убакытка созулган бийлигине каршы элдик көтөрүлүш башталганда оппозициянын колуна өткөн алгачкы шаар болчу.

Бул жердеги урушта каддафичилер танктарды да пайдаланышкан. Зуара шаарын кайра алуу менен Каддафинин күчтөрү Триполиден Тунистин чек арасына чейинки жээкти ээлешти.

Ал эми чыгыш тараптан Каддафинин учактары Аждабия шаарын оппозиция күчтөрү турумдарынан чегиниши үчүн катуу бомбалашты жана шейшембиде кечке жуук бул шаар да каддафичилердин колуна өттү деген кабар түштү.

Аждабия (Ajdabiyah) - Чыгышта оппозициянын таяныч бекетине арналган – Бенгазини көздөй чабуул коюш үчүн маанилүү түйүн.

Жол кесилишинде жаткан бул шаардан каддафичилер Бенгазини курчоо аракетин да жасай алышат. Аждабия менен Бенгазинин аралыгы 160 чакырым.

Бирок Жакынкы Чыгыш саясатын иликтөө боюнча Вашингтондогу институттун коопсуздук маселелери боюнча талдоочусу Жеффри
Уайт “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кабарчысы менен маегинде режимдин аскерлери Чыгышты көздөй жылган сайын аларды азык-түлүк, күйүүчү май, ок–дары менен камсыздоо иши кыйындаарын айтат:

- Каддафиге азыр тараза ташы оогондой болду, бирок ал муну сактай алары али анык эмес. Менимче, ал өз күчтөрү менен абдан эле катуу салгылашты. Бирок олуттуу көйгөйлөр ал үчүн али алдыда. Мисалы Мисурата чөлкөмүндө көп деле нерсе жасай алган жок. Бул шаарды алуу үчүн бир нече аракет кылышты, бирок козголоңчулар тарабынан токтотулду. Ливиянын чыгышында азыр күчтөрүн алдыга жылдырууну баштады, бул ал үчүн аларды мындан аркы кармоо кыйын болот дегенди туюндурат. Ал эми козголоңчулар үчүн чыгыштагы аймактарды коргоо жана сактоо жеңилирээк.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон "Чоң Сегиздиктин" тышкы иштер министрлеринин жыйынынын шейшембидеги отурумуна катышкан жок.

Мунун ордуна дипломатиялык миссиясын улантып, Египет (Мысыр) жана Тунис боюнча сапарга жөнөп кетти.

Мунун алдында ал Парижде Ливия оппозициясынын чабарманы менен кездешти.

Клинтон менен Ливиянын оппозициясы кураган Ливия Улуттук кеңешинин чабарманы Махмуд Жибрилдин Париждеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин алар өздөрү кандайдыр бир комментарий жасашкан жок.

АКШ Мамлекеттик катчысынын кеңешчиси гана эки ортодо “ачык-айкын” сүйлөшүү жүргөнүн белгиледи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG