Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

АКШ сенатору Ливияда козголоңчуларга колдоону күчөтүүгө үндөдү


Сенатор МакКейн Бенгази шаарын кыдырууда, 22-апрель, 2011-ж
Сенатор МакКейн Бенгази шаарын кыдырууда, 22-апрель, 2011-ж

АКШ Ливияга учкучсуз башкаруудагы учактарын жөнөтөрүн жарыялоосунун артынан Ливияга америкалык сенатор барды.

Жон МакКейн Вашингтон Каддафиге каршы чыккан козголоңчуларды колдоону күчөтө алмак деп эсептейт. Ливиялык козголоңчулардын башкы таяныч бекети болгон Бенгази шаарына жума күнү барган сенатор Жон МакКейн Каддафини кулатууну көздөп жаткан козголоңчуларды “баатырларым” деп жарыялады.

Каддафиге каршы аскерий соккунун кызуу жактоочусу

Республикалык партиянын жана Сенаттын куралдуу күчтөр боюнча комитеттинин көрүнүктүү өкүлү МакКейн козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешнинин өкүлдөрү менен жолугуп, кырдаалды жеринен байкап, баалап кетүүнү көздөөдө. Кабарларга караганда, шаардын борборунда аны тоскон элүүдөй киши “Ливияга эркиндик”, “Каддафи жогол”, Рахмат Америка, Рахмат Обама”, - деп ураан чакырышкан. Ал өзү Бенгазиден кабарчылар менен болгон маегинде АКШ Муаммар Каддафиге каршы күрөшүп жаткан ливиялык козголоңчуларга жардам берүү жагынан азыркыдан көбүрөөк нерсе жасап, анын ичинде абадан колдоо көргөзүүнү калыбына келтире алмактыгын белгиледи:

- Алар чоң жардамга, абадан колдоого муктаж. АКШ уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Биз муну калыбына келтиришибиз керек. Алар (козголоңчулар) таанылууну каалашат. Мен жаңы эле ооруканадан келдим. Катуу жаракат алган жана көзү өтүп баражаткан көп адамдарды көрдүм.

Жон МакКейн Бенгазидеги пресс-конференция учурунда дүйнө өлкөлөрүн, өзгөчө АКШ администрациясын козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешин Ливия элинин мыйзамдуу бийлиги катары таанууга чакырды. Буга чейин мындай кадамга Франция, Италия жана Катар гана барган.

АКШ Ливияга аскерий жол менен кийлигишүү жасоосунун кызуу жактоочуларынын бири болгон. Ал АКШнын Кадаффиге каршы аскерий операция баштоосун БУУнун Коопсуздук кеңеши буга уруксат берген резолюциясы кабыл ала электен бир нече апта мурда, февраль айында эле сунуш кылган. МакКейн ошондой эле президент Барак Обаманын администрациясын Ливиядагы операцияга көзөмөлдү НАТОго өткөрүп берип, аскерий учактарды чакыртып алганы үчүн сынга алган жана АКШнын мындай кадамы туура эмес белги берип жаткандыгын айтып чыккан болчу.

Учкучсуз башкаруудагы учактан экөө такай Ливияда болот

Жон МакКейн Ливияга АКШ коргоо министри Роберт Гейтс президент Барак Обама курчоодо калган Мисурата шаарында жоготуу көбөйгөн шартта Каддафиге жантарткан күчтөрдү бутага алуу үчүн учкучсуз башкаруудагы учактарды колдонууга уруксат бергенин жарыялагандан кийин келип олтурат. АКШ коргоо министри жогорудагы жарыяны Вашингтондогу басма сөз жыйында бейшемби күнү түштөн кийин жасады:

- Президент азыр бизде уникалдуу мүмкүнүчүлүктөр бар болсо аларды колдонууга даярдыгын айтты. Ал иш жүзүндө куралдуу Предаторлорду пайдаланууга уруксат берди. Менимче, бүгүн алардын алгачкы миссиясы болот. Демек, менимче бул бизге тагыраак аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк берет.

АКШнын “Predator” же кыргызчалаганда “Жырткыч” деп аталган учкучсуз башкаруудагы учагы “Hellfire” ракеталар менен жабдылган. Ал жүздөгөн, балким миңдеген чакырым аралыктан башкарыла алат. АКШ аларды буга чейин Пакистан, Ооганстан, Босния, Сербия, Ирак жана Йемендеги аскерий операциялар учурунда колдонуп келген. “Predator” абада жерден эч кандай белги болбосо деле 40 саатка чейин жүрө алат жана кадимки учактарга салыштырмалуу төмөн учкандыктан мээлеген бутасына так сокку уруу жагынан жөндөмү жогору.

“Анчалык чоң эмес салым”

АКШ куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын бириккен комитетинин төрага орун басары, генерал Жеймс Катрайттын айтымында, АКШ Ливиянын аба мейкиндегинде эки “Predatorду” такай кармоону мерчемдөөдө.

Айтор бул кадам АКШнын Ливиядагы аскерий операцияда НАТОну колдоо аракети катары бааланууда. АКШ коргоо министри Роберт Гейтс учкучсуз башкаруудагы учактардын жөнөтүлүшүн НАТОнун миссиясына “анчалык чоң эмес” салым катары баалап, эң жакшысы режим Ливиянын өз эл тарабынан алмаштырылуусу экендигин белгиледи:

- Иракта жана Балканда болгондой режимдин сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен алмаштырылышы көп күч аракетти талап кылат. Эң жакшысы Тунис менен Египетте орун алгандай, бийликтин ичтен алмаштырылганы. Биз бул өзгөрүүлөр үчүн зарыл шарттарды түзүүгө умтулуп жатабыз жана оппозицияны Каддафинин армиясынан коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасап, анын аскерий кубатын азайтуудабыз.

Ливиялык козголоңчулардын өкүлү Абдел Хафиз Гога “ал –Жазира” телеканалына алар АКШнын учкучсуз башкаруудагы учактарды жөнөтүү чечимин кубаттарын айтып, бул жарандарды коргоодо “жардам берерине” шек жоктугун белгиледи. Мунун алдында АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Каддафинин күчтөрү козголоңчуларга каршы класстердик же чачырама бомбаларды колдонуп жатышы мүмкүндүгүн айткан. Мындай бомбаларды колдонууга дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсү тыюу салган.

Мисуратадагы жагдай анык эмес

Бул аралыкта Каддафинин күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда эки айга жакын убакыттан бери уруш жүрүп жаткан жана курчоодо калган Мисурата шаарынан карма-каршылыктуу маалымат түшүүдө. Соңку күндөрү уруш шаардын борбордук Триполи көчөсүнө оогон. Козголоңчулардын өткөөл Улуттук кеңеши менен байланышы бар уюм - Мисуратанын басма сөз комитети козголоңчулар көчөнүн 80%ын көзөмөлдөп жатканын айтса, Рейтер агенттиги бул кабарды башка көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эместигин маалымдоодо.

Ал эми “Франс Пресс” агенттигинин жума күнкү кабарына караганда, Европа Биримдиги Улуттар уюму колдобой жатканына карабай Мисурата шаарына гуманитардык жардамды балким аскерлерди колдоосу менен жеткизүү планынан ишке ашырууну көздөөдө. Тышкы дүйнө менен байланышсыз калган бул шаарда азык-түлүктүн, күйүүчү майдын, дары-дармектин кору түгөнүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG