Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:01

Нарында, Ат-Башы районунун Арпа жайлоосунда "кырылган койдон кутурма жугузуп алышы мүмкүн" деп 18 киши эмдөөдөн өттү.

Ат-Башы райондук мамлекеттик санитардык көзөмөл кызматынын жетекчиси Жийдегүл Токтобекованын айтымында, кутурмага каршы эмделип жаткан бейтаптар эми токсон күн бою дарыгерлердин байкоосунда болушу керек:

- Бизге маалымат 14-июнда эле түшкөн. Райондук ветеринардык кызмат менен чогуу биздин адистер барып, Казыбек айылына караштуу жайлоодо текшерүү, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Ушунун натыйжасында азыр 18 киши кутурмага каршы вакцина алып жатат. Ал эми ветеринардык кызмат бардык мал-жандыктарды алдын-ала эмдей баштады. Алгач биз ошол "оору чыкты" деп айтылган Чырмаш участогуна барганыбызда, ылаңдаган мал менен байланышта болгон адамдар эмдөөдөн баш тартып, "кийин баралы" дегендей кайдыгер мамиле кылышты. Биз аларга кутурманын айыкпаган дарт экенин айтып, кесепеттерин түшүндүргөндөн кийин гана макул болуп, ооруканага келишти. Дароо эле аларга вакцинанын биринчи этабы сайылды. Эми алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Дагы төрт этаптан турган эмдөө жүргүзөбүз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Оору жугушу ыктымал" деген шек менен эмделип жаткандар боюнча Ат-Башы райондук кара тумоого каршы бөлүмүнүн башкы дарыгери Рахман Каримжанов буларга токтолду:

- Иммуноглобулиндик эмдөөнү 18 кишиге толугу менен жүргүзүп жатабыз. Бул эми этап-этабы менен ишке аша турган медициналык иш. 90 күндүн ичинде бул бейтаптарда кутурманын белгилери жок болсо, андан кийинки саламаттыгын көзөмөлдөш үчүн атайын баракча ачабыз. Кайсы күнү эмделгени толук жазылган маалымат бизде сакталат.

Кутурма дарты адамга жуккан кезде оболу борбордук нерв системасы жабыркайт. Анын айынан бейтап суу иче албай, абанын агымынан корко баштайт. Медицинада кутурма өтүшүп кеткенде аны айыктыра турган дары жок. Убагында чара көрбөсө бейтап бир же эки жума ичинде каза болот.

Кыргызстандын Карантин жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси Нурболот Үсөнбаев 2017-жылы кутурмадан эки адам кайтыш болгонун билдирди:

Нурболот Үсөнбаев. Сүрөт vb.kg сайтынан алынды.
Нурболот Үсөнбаев. Сүрөт vb.kg сайтынан алынды.

- Жылына Кыргызстанда 10 миңден ашуун адамга ар кандай жаныбарлар тиш салат. Жугузуп алган кишилерден былтыр экөө өлдү. Биз келген кишилерди "кадимки жабырлануучу" катары каттап, алгач эмдөө жүргүзүп көрөбүз. Эгер оорунун белгилери байкалса, анда жардам бере албайбыз. Тиштеген жандыкты убагында таап, анализ алганга аракет кылабыз. Оорунун белгилери жок болсо, эмдөөнү токтотуп да койсо болот.

Кыргызстанда кутурманын вакцинасы жетиштүү. Адистер мал баккандарды, ит, мышык кармагандарды жылына бир сыйра жандыктарын эмдөөдөн өткөрүүгө чакырышат. Нурболот Үсөнбаев кутурма дартын катуу көзөмөл менен ооздуктаса болорун айтып өттү: ​

- Оорунун алдын алыш үчүн өлкөдө ветеринардык көзөмөл күчтүү болушу керек. Мал, ит-мышык баккандар жандыктарына вакциналарын убагында сайдырып турушу керек. Бизде андай болбой жатпайбы. Итин көчөгө агытып коюшат. Анысы талаадан же тоо-таштан оору жугузуп келип, кайра бала-бакыраны кабат. Негизи бул вирус жапайы жандыктарда болот. Малга түлкү, карышкыр, чычкан, келемиш, суур, кашкулак сыяктуу жандыктардын шилекейи аркылуу жугат. Карышкыр жарып же тиштеп кеткен малды союп, жегенге болбойт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2015-жылы кутурмадан дүйнөдө 17 миң 400 киши каза болгон. Өлүмгө учурагандардын 95 пайызы Азия менен Африканын тургундары.

Адистер ит, мышык же жапайы жандык тиштеп алса, дароо ооруканага кайрылып, кутурманын алдын алуучу иммуноглобиндик эмдөө алуу зарыл экенин эскертишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG