Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Театрларды бириктирген Шекспир


Спектаклге даярдануу учуру.
Спектаклге даярдануу учуру.

Кыргыз-британ актерлору Бишкекте Уильям Шекспирдин "Макбет" пьесасын сахнага чогуу даярдап жатышат. Сахнада башкы ролдорду англиялык жана кыргызстандык актерлор өнөктөшүп ойнойт. Спектаклди Британиядагы "Глобус" театрынын режиссеру жана актрисасы Сара Жейн Бергер коет. Спектакль англис жана кыргыз тилинде жүрөт. Сахнада актерлор өз тилинде сүйлөйт.

Британиялык актриса Клейр Картрайд буга чейин Шекспирдин бир нече пьесаларында роль жараткан. Бул жолу ал Макбет айымды экинчи ирет ойногону турат. Башында Клейр бири-биринин тилин түшүнбөгөн кесиптештер сахнада өнөктөшүп ойносо болооруна ишенген эмес:

Ролдорубузду кайталай берип алар биздин тилди, биз алардын тилин үйрөнчүдөй болуп калдык.

- Чынында биз бул жакка кел электе "бири-бирибизди түшүнбөй кыйналабыз го, эки башка тилде сүйлөгөн актерлордун бир спектакль коюшу мүмкүн эмес" дегенбиз. Даярдана баштаган кезден тартып башында котормочунун жардамы менен сүйлөшүп, кийинчерээк бири-бирибизди актерлук искусствонун тили менен түшүнүшө баштадык. Ролдорубузду кайталай берип алар биздин тилди, биз алардын тилин үйрөнчүдөй болуп калдык. Негизи роль жаратып жаткан кезде тилдин анча деле мааниси жок. Дүйнө жүзүндө актерлордун орток тили бар. Биз аны көз караштан, кыймылдан, сезимдерден түшүнөбүз.

Клейрдин өнөктөшү, Макбетти ойноп жаткан Атай Өмүрбеков тил тоскоолдуктан улам даярдык жаңы башталган учурдагы кыйынчылыктарды эстеди:

Атай Өмүрбеков роль аткарып жаткан учур.
Атай Өмүрбеков роль аткарып жаткан учур.

- Мисалы, чет элдик өнөктөштөрүбүз кыргыз тилиндеги репликалардын акыркы сөздөрүн жазып алган. Ошону уккандан кийин өз репликасын айтат. Болбосо мен алардын акыркы сөздөрүн жазып алып, акыркы сөз айтылганда өз репликамды айтам. Бул эми эң акыркы айла. Болбосо актерлор бири-бири менен сүйлөшүп жатканда өз сөзүнүн ыргагы аркылуу оюн айтып бүткөнүн билдирет.

Башкы ролдорду ойноо үчүн британиялык эки актер, жергиликтүү эки актер даярдалып жатат. Экинчи Макбеттин образын жарата турган англиялык актер Стив Хей менен Макбет айымдын образында Альбина Имашова ойнойт. Кыргыз актрисасы эки башка мектепте калыптанган театр ишмерлеринин айырмачылыгы тууралуу буларды кеп салды:

Альбина Имашова.
Альбина Имашова.

- Биз Станислов системасында билим алган актерлор эмеспизби. Бизде ички сезимдерге көбүрөөк маани берип, образдарды ошол нукта алып чыксак, чет өлкөлүк кесиптештерибиз үчүн сөз маанилүү экен. Мисалы, алар Шекспирдин ар бир сөзүнө, ал тургай үтүр-чекитине чейин маани беришерин байкадым. Айтор, бул кызматташтык менен алар бизден, биз алардан көп нерселерди үйрөнүп жатабыз.

Альбина "тил жагына келгенде ар бир актердун өз тилинде ойногон ролун өнөктөштөрү жакшы түшүнүп калды" дейт.

Англиялык режиссер, актриса Сара Жейн Бергердин Лондондо театр артисттерине арналган атайын компаниясы бар экен. Ал өз демилгеси менен театрга байланышкан эл аралык долбоорлорду ишке ашырып келатканын айтат. Бул жолу Сара кыргыз-биритан актерлору менен кошо спектакль коюуну чечкен. Адис "Макбет" пьесасы динамикалуу спектакль болгондуктан аны көрүүчүлөр кайсы тилде коюлса да түшүнөт деп ойлойт:

Сара Жейн.
Сара Жейн.

- Мында кыргыз Макбет мырзасы англиялык Макбет айым менен ойнойт. Англиялык Макбет болсо кыргыз Макбет айым менен ойнойт. Ошол тапта сахнада кыргыздын таанымал актерлору Азиз Мурадилаев менен Айсалкын Кыйыкбаева кыймыл менен англиялык актерлордун ички дүйнөсүн чагылдырып берип турат. Ошол эле учурда кыргыз актерлордун сөздөрүнөн да өнөктөшү ага эмне деп жооп бергенин түшүнө алат. Эң башкысы - мында актерлук чеберчилик сыналат. Менимче аудитория үчүн кызык болот деп ойлойм.

Сара Жейн бул спектаклдин бет ачары Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 1-майдан 4-майга чейин өтөөрүн айтты.

"Макбет" — Уильям Шекспирдин белгилүү трагедияларынын бири. Чыгарма Шотландиянын падышасы Макбеттин жашоосунан алып жазылган. Анда Шекспир бийликке жетиш үчүн адамдардын жан талашуусу, достордун сатып кетиши, адамзаттын утурумдук кызыкчылык үчүн пендечилиги чагылдырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG