Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

Малайзияда экс-премьерге айыбы угузулду


Нажиб Разак Куала-Лумпурдун сотуна алынып келинген учур. 4-июль, 2018-жыл.
Нажиб Разак Куала-Лумпурдун сотуна алынып келинген учур. 4-июль, 2018-жыл.

Малайзияда бүгүн мурдагы премьер Нажиб Разакка сотто айыбы расмий угузулду, бирок камактан күрөө менен бошотулду. Буга чейин Куала-Лумпурдагы үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн Разак 3-июлда камакка алынды. Ал бийликтен акыркы шайлоодо өзүнүн мурдагы насаатчысы, Малайзиядагы реформалардын "атасы" атыккан ардагер саясатчы Махатхир Мохамад баштаган саясий күч жеңишке жеткенден кийин кетүүгө аргасыз болгон эле.

Ошентип, алтымыш төрт жаштагы Нажиб Разак премьер-министрликтен кеткенден кийин эки айга жетпеген убакыт ичинде камакка алынып, кайра бошотулду.

4-июлдагы сот жараянда ага "ишенимди бузган" деген жана коррупция боюнча айып коюлду.

Мурдагы премьер өзү соттук жыйында “күнөөсүз” экенин алдыдагы соттук жараянда далилдей турганын айтып, ага тагылып жаткан айыптарды мойнуна алган жок.

Куала-Лумпурдун соту аны улуттук акча менен бир миллион ринггит же 250 000 доллар күрөө менен бошотту.

Ошону менен катар сот мурдагы өкмөт башчыны эки дипломатиялык паспортун мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттендирди.

Партиясы быйыл 9-майдагы парламенттик шайлоодо жеңилип, кызматтан түшүүгө аргасыз болгондон кийин Нажибдин өлкөдөн тышка чыгышына да тыюу салынган эле. Андан бери өзүн эле эмес, аялын да антикоррупциялык полиция суракка алып жаткан.

Нажиб Разактын аялы Росма Мансор полицияга суракка келген учур. 5-июнь, 2018-жыл.
Нажиб Разактын аялы Росма Мансор полицияга суракка келген учур. 5-июнь, 2018-жыл.

Маалыматтарга караганда, Нажиб Разактын камалышы жана ага коюлуп жаткан айыптар "Малайзиянын Өнүгүү боюнча өкмөттүк компаниясынан (Malaysia Development Berhad - MDB) улуттук акча менен 42 миллиард ринггит же 10,6 миллиард доллар каражат 2015-жылы ар кандай ортомчу компанияларды колдонуу аркылуу премьердин жеке банк эсептерине которулган" деген шек саноо менен байланыштуу.

“Ассошейтед Пресс” агенттигинин кабарчысы борбор Куала- Лумпурдун көчөлөрүнөн кепке тарткан айрым тургундардын сөздөрүнө караганда, алар мурдагы премьердин кылмыш жоопкерчилигине тартыла баштоосун кубатташкан сыяктанат:

- Коррупциялашкан өкмөттүн пара алганы далилденип, саясаты менен ишин тууганчылыкка, теңтуштукка таянып жүргүзгөнүнүн бети ачылып жатканы - чоң жетишкендик. Ошол өкмөттүн башчыларына эми айып коюлуп, жоопко тартылышы керек, - деди малайзиялыктардын бири Айхуван Хадии.

Бирок Нажиб өзү камалып, кайра бошотулганга чейин кандайдыр кылмыштуу иштерге барганын бир нече ирет четке кагып, азыркы өкмөттү анын үй-бүлөсүнөн “саясий өч алып жатканы” үчүн сындаган.

Нажиб өткөн айда атайын "Рейтер" агенттиги үчүн берген интервьюсунда анын үйүн тинтүү учурунда табылган буюмдардын бир бөлүгү "белек" экенин айткан. Ал эми "банк эсептеринен табылды" деген акча каражаттарынын айрым бөлүгү тууралуу "кайдан келгенин билбейм" деп жооп берген:

- Менимче полиция эл алдында менин кадыр-баркымды кетирүүнү көздөп жатат. Балким аларга ошондой көрсөтмө берилген. Акча кайдан түшкөнү туурасында мен эч нерсе билбейм, билсем ага жол бермек эмесмин. Ооба, банк эсеби меники, бирок мен аны башкарган эмесмин.

Нажиб Разактын кызы Норуяна Нажиб жана күйөө баласы Данияр Назарбаев антикоррупциялык полицияга келген учур. 5-июнь, 2018-жыл.
Нажиб Разактын кызы Норуяна Нажиб жана күйөө баласы Данияр Назарбаев антикоррупциялык полицияга келген учур. 5-июнь, 2018-жыл.

Малайзиянын полициясы буга чейин жарыялагандай, "Нажиб Разакка тиешеси бар" деген турак жайларды тинтүү учурунда алынган кымбат баалуу буюм-тайымдардын акчалай наркын күч түзүмдөрү 273 миллион долларга баалаган.

Арасында 12 миң даана ювелирдик буюмдар, кымбат баалуу 567 сумка, 423 саат, 234 көз айнек болгон. Малайзиянын азыркы финансы министри Лим Гуан Энг мындай дейт:

- Менимче, биз алынган буюмдарды кайсы жерде болбосун монетизациялоого аракеттенебиз. Ал эми премьер-министрдин жеке банк эсебинде эле 2,6 миллиард ринггит болгон. Муну мага алгач айтышканда ишене алган жокмун. Менин саясий оппонентим экенине карабай, "өзүнүн жеке банк эсебине анча акчаны салып койгудай ал айбан эмес го" деп ойлодум. Бирок биз бул чын экенин көргөндө, таң калдык, дендароо болдук.

Малайзиянын азыркы премьер-министри, 92 жаштагы ардагер саясатчы Махатхир Мохамад болсо буга чейин мурдагы премьерге каршы даярдалып жаткан кылмыш ишин “идеалдуу” деп атаган.

Махатхир Мохамад.
Махатхир Мохамад.

Нажиб Разактын коррупцияланышканы тууралуу күмөн саноо ал бийликте турган кезде эле башталган.

2015-жылы ачыкка чыгып кеткен документтер Малайзиянын Өнүгүү компаниясынын 700 миллион доллардай акчасы премьердин жеке банк эсептерине которулганын көргөзгөн. Бул маалыматтарды анда америкалык "Wall Street Journal" басылмасы жарыялаган.

Ал эми АКШнын Юстиция министрлигинин иликтөөлөрү "Малайзиянын Өнүгүү компаниясынан 4,5 миллиард доллардай акча Нажиб Разак жана анын кызматташтары тарабынан уурдалган, анын ичинде 1,7 миллиард доллары АКШ аймагынан актив сатып алуу үчүн колдонулган" деп шек саноого негиз түзгөн.

Малайзияда ошол 2015-жылы эле нааразылык тутанганда 2009-жылдан бери премьерликте турган Нажиб Разак аны кызматынын күчү жана мүмкүнчүлүктөрү менен жөнгө салууга жетишкен.

Малайзиянын 1981-жылдан 2003-жылга чейинки премьер-министри Махаткир Мохаммадга болсо быйылкы парламенттик шайлоодо өзүнүн бир кездеги шакиртин бийликтен кулатып, Улуттук фронт партиясын (Barisan Nasional) жеңиш үчүн мурдагы саясий каршылаштары менен биригүүгө туура келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG