Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Марска даярдык Москвада башталды


Марска "жалган саякатка" чыгууну самаган жети адамдын алтоо кемеге "камалды"
Марска "жалган саякатка" чыгууну самаган жети адамдын алтоо кемеге "камалды"

Алты космонавт бүгүндөн тарта 1,5 жыл бою Москванын четиндеги космостук кемеде “камакта” отурмай болушту. Окумуштуулар Марс планетасына саякат болуп калса, алыс жолдун түйшүгү адамдын акыл-эсине кандай таасир этери билгиси келишет.

Эксперименталдык изилдөөгө катышып жаткандар Москванын четиндеги изилдөө борборунда болушат. Кеме ошол жерде жайгаштырылды. Жаш курагы 27ден 38ге чейинки үч орус, италиялык, француз жана кытай космонавттары эми ошол кемеден 18 айдан кийин гана чыга алышат – Марска барып келишке ошончо убакыт кетет.

Муну менен окумуштуулар “кызыл планетага” саякаттын адамдын акыл-эсине тийгизчү кесепети кандай болоорун изилдешмекчи.

Аткарылгыс миссия?

Лев Зеленый – Орус илимдер академиясындагы космосту изилдөө институтунун директору: “Бул миссияны коштогон психологиялык проблемалар көп болот. Анткени жер менен байланыш жок, адамдардын мүнөзү бири-бириникине туура келбеши мүмкүн. Кичинекей бөлмөдө отургандан корккондор бар, анан күн сайын кайталанма жашоо жанга тийип кетет. Иши кылып, Марска чыныгы саякат башталса, аны үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн болгон жагдайлар көп”.

Кеме-модулдун сырткы көрүнүшү
550 куб.метрлик болоттон жасалган кеменин оор эшиктери бүгүн жабылды. Эми ал 520 күндөн кийин гана ачылат. Анын ичиндегилер кадимки астронавттардай пакетке салынган чектелүү тамак жеп, сегиз саат укташат, сегиз саат изилдөө жүргүзгөнгө берилет, дагы сегиз саат эс алышмакчы.

Экипаж менен башкаруу борборунун ортосундагы байланыш 20 мүнөттүк кечигүү менен жүрмөкчү. Анткени сигнал Марстан жерге жеткенче жана Жерден кайра Марска баргыча 20 мүнөт өтөт.

Ошол эле учурда космонавттарды 24 саат бою видео камералар тартып турушмакчы.

Марска чейинки узак жол кыскарып баратат

Бул “Марска” чыныгы саякатты туураган алгачкы толук миссия деп аталып жатат. Буга чейин да бул өңдүү имитация болгон. Мисалы, былтыр Москвада алты космонавт “105 күндүк камоого” өз ыктыяры менен түшүп бергени белгилүү. Бирок анын убагы кыска болгондугунанбы, айтор, баштан аяк команданын ортосунда мамиле жакшы сакталганы айтылат. Бирок бул ирет космонавттар 105 эмес, 520 күн кичинекей үңкүрдө отурушмакчы. Андыктан анын таасири такыр башкача болушу ыктымал.

Адамзат азырынча Марска уча элек. АКШнын космос агенттиги – NASA – “Марска” чыныгы миссия алдыдагы 30 жылда ишке ашса керек дейт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG