Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Матраимовдор менен үч медианын соту

19-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отуруму өттү.

19:55 19.12.2019

Али Токтакунов

60 млн сом доо боюнча 1-сот отуруму өттү.

а) Матраимовдордун адвокаттары сот жүрүшүн видеого тартпоону өтүнүштү. Биздин адвокаттар "бул бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү, элге көрсөтөлү" дегенине карабай сот Матраимовдор тараптын өтүнүчүн канааттандырды. Аргасыз аудио жана текст түрүндө маалымат бердик.

б) Соттук териштирүү учурунда иликтөөдө айтылган маалыматтарды чыгарбай турууну өтүнүштү. Бул эмнени билдирет? Быйыл майдан берки Бажыдагы коррупцияга, анын ичинде Матраимовго байланыштуу иликтөөнү сиз окуп-көрө албай калмаксыз дегенди билдирет. Бул өтүнүчтү сот канааттандырган жок. Бирок Матраимовдор тарап жогорку инстанцияга кайрылабыз дешти. Анда кандай чечилет айтыш кыйын. Демек, окуп-көрө электер шашылгыла, көчүрүп алгыла жана башкаларга тараткыла.

в) Биргелешкен иликтөөдө 20дан кем эмес журналист иштеген. Маектерди алып, видеопрограмма жасаганым үчүн бир гана менин атым белгилүү. Бирок Матраимовдор тарап баарынын атын ачыкка чыгаргыла дешти. Иликтөө учурунда журналистибиз сабалып-каракталган. Бир нече кесиптешимди, мени дагы коркутууга, "сүйлөшөлү, чай ичели" дегендей басым жасоого аракет кылышты. Миңдеген окурман-көрөрманыбыз "сак болгула" деп жазып атышат. Муну эске албай коюуга мүмкүн эмес эле. Сот журналисттердин атын ашкере кылуудан баш тартты. Эмки сот 2020-жылдын 20-январына белгиленди. Бүгүн сотко келип колдогон, келе албаса да жазып колдоп аткан баарыңа ыраазычылык! Акыйкат, чындык биз тарапта. Биздин күч элде!

19:53 19.12.2019

19:26 19.12.2019

Соттун жүрүшү

18:50 19.12.2019

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG