Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Матраимовдор менен үч медианын соту

19-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү үч басылмага жана журналистке каршы жазган арызынын негизинде алгачкы сот отуруму өттү.

15:42 19.12.2019

Сот отуруму саат 14:00до башталды. Ишти Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карап жатат.

Сотко Матраимовдор келген жок. Алардын ордуна адвокаттары катышып жатат. Алардын таламын талашып жаткан жактоочу Татьяна Карыжинская жараянды видеого тартууга тыюу салуу өтүнүчү менен сотко кайрылды.

Медиалардын адвокаттары буга каршы болушту. “Азаттык Медианын” өкүлү Акмат Алагушев жана Алтынай Исаева бул окуя резонанстуу болуп, коомчулуктун кызыгуусун жараткандыктан видео жана лайф тартууга уруксат берүүнү суранды. Тараптардын жүйөсүн уккандан кийин сот видео тартууга тыюу салды. Бирок аудио түрүндө чагылдырууга уруксат берилди.

Cотко арыз төмөнкүлөрдүн атынан жазылган:

Искендер Матраимов, Жогорку Кеңештин депутаты;

Райымбек Матраимов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары;

Минавар Жумаева, Искендер Матраимовдун аялы;

Уулкан Тургунова, Райымбек Матраимовдун аялы;

«Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фонду.

Доонун суммасы:

«Азаттык Медиа» мекемесине – 22,5 миллион сом;

Журналист Али Токтакуновго – 10 миллион сом;

24.kg маалымат агенттигине – 15 миллион сом;

«Клооп Медиа» коомдук фондуна – 12,5 миллион сом

Соттун аныктамасында Матраимовдордун арызы эмнеге байланыштуу экени так көрсөтүлгөн эмес. Мурдараак Райымбек Матраимов журналисттер аткезчиликке байланыштуу чыгарган иликтөөлөргө байланыштуу сотко кайрыларын билдирген.

15:43 19.12.2019

Татьяна Карыжинская ​мындан тышкары иш каралып жаткан маалда ишке тиешелүү маалыматтарды тактап айтканда, журналисттик иликтөөнү чагылдыруу жана Интернетте жайгаштырууга тыюу салууну суранды.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декабрда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Аталган маалымат каражаттары «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.

"Азаттык" тергөөгө иликтөөнүн материалдарын, аудио, видео, документтердин көчүрмөлөрүн берген. Эл аралык коомчулук бул инцидентти сынга алган.

Матраимовдор журналисттер аткезчиликтин жана жемкорлуктун бетин ачкан иликтөөдө куру дооматка кабылганын айтышууда. Бул жагдайдан улам жарандык активисттер сөз эркиндигин коргоо жана коррупцияга каршы реалдуу күрөштү бийликтен талап кылып, 18-декабрда "#REакция 2.0" деген тынчтык митингин уюштурушту.

15:46 19.12.2019

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Журналисттик иликтөөгө байланыштуу Райымбек Матраимов УКМКда сурак берген. Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан.

19-декабарда Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун маеги “Азия news” гезитинде жарыяланды. Анда ал Хабибулла Абдукадырды тааный турганын мойнуна алды.

19-декабрда жарык көргөн санында мурдагы бажычы гезиттин редактору Арсланбек Сартбаевдин суроолоруна жооп берип жатып журналисттик иликтөөлөрдө айтылган кытайлык ишкер.

- Абдукадырды эл аралык деңгээлдеги инвестор катары 2007-жылдан бери билем. Аны менен эле эмес, сырткы ишмердүүлүк менен алектенгендердин көпчүлүгү менен кызматка жараша иштешесиң. Анткени базарды изилдеп, кайсы ири кеңселер Кыргызстанга пайда алып келип жатканын билип, алардын бизнес жасашына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү бажыда иштегендердин милдетине кирет эле. Бажыда иштегенде план-тапшырманы аткарыш үчүн менеджер да болуш керек. Өзбекстанга келчү товарлардын көлөмүнөн Кыргызстан аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү 10% жетпесе да керек. Менимче, мындай инвесторлордун иштөөсүнө шарт түзүп, мамлекетке инвестиция алып келинишин камсыз кылуу абзел. Бизде тескерисинче, чукуп, козгоп, тынчын алып, ар кандай тоскоолдуктарды жаратабыз. Мен билгенден бул киши курулуш багытында Өзбекстанга көптөгөн миллион долларлык инвестицияларды салып жатат. Мындан мамлекет эле пайда көрөт, - деген Райымбек Матраимов.

15:49 19.12.2019

Соттун жүрүшүн бул аудиодон уга аласыз

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG