Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Орусия-Польша: Мамиленин “жаңы баскычы”


Польшанын президенти Бронислав Коморовски Орусиянын мамлекет башчысы Дмитрий Медведевди кучак жайып тосуп алды, Варшава, 6-декабрь, 2010
Польшанын президенти Бронислав Коморовски Орусиянын мамлекет башчысы Дмитрий Медведевди кучак жайып тосуп алды, Варшава, 6-декабрь, 2010

Бүгүн Орусиянын президенти Дмитрий Медведев эки күндүк расмий сапар менен Польшага барды. Анын алдынан Медведев Польша менен мамилени “жаңы деңгээлге” көтөрүүнү максат кылаарын айткан.

Медведевдин сапары Орусия менен Польшанын бир топ жылдардан берки оор алакаларында алга жылуулар бар экенин айгинилей турган окуя болоору айтылууда. Варшавага жол алаарда орус президенти польшалык журналисттер менен сүйлөшүп жатып, эки өлкөнүн мамилелерин “жаңы тепкичке” көтөрүүнү самап жатканын айтты.

“Эң эле маанилүүсү, - деди Медведев, - Орусия менен Польшанын мамилелеринде көп жылдар мурда калыптанып калган түшүнүктөн айрылыш керек. Тарых кандай болбосун, аны азыркы турмуштан ажыратып караганга өтөлү. Антпесек, биз баарыбыз бизге чейин эле жасалган иштердин туткунунда калабыз”.

Медведев Польшада бүгүн президент Бронислав Коморовски менен өткөн сүйлөшүүлөрүн "ишенимге негизделген маанайда болду" деп билдирди. Польшанын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл коопсуздукка, ортодогу соода-сатыктын көлөмүн кеңейтүүгө, деңиз каттамдарын көбөйтүп, укук коргоо органдарынын ортосунда мамилени жакшыртууга арналаары айтылган.

Ошентсе да, Медведев Польшага сапарынын эң эле башкы максаты катары ортодо жылый баштаган мамилени бекемдөө экенин билдирди.

Апрелде премьер-министр Владимир Путин Смоленскидеги Катынь токоюнда Совет бийлигинин буйругу менен 1941-жылы өлтүрүлгөн 20 миңден ашуун поляк аскерлерин эскерүүгө барган эле.

Андан үч күн өтүп-өтпөй Польшанын президенти Лех Качински баш болгон расмий өкүлдөр Катындагы окуяларга байланыштуу башка иш-чарага баратканда учагы Смоленскидеги токойдо кырсыкка учурап, алар баары набыт болушкан. Ошол оор күндөрү Орусия польшалыктарга көрсөткөн колдоо да эки өлкөнү бир топ жакындатканын айтышат.

Символиканын күчү

Президент Медведев ошол Катындагы кызыл кыргын окуялар боюнча иликтөөнүн 60 томдук жыйынтыгын Польшанын президентине тапшырган. Ноябрдын этегинде Орусиядагы Мамлекеттик дума Катында поляк аскерлерин өлтүрүүнү “сталиндик режимдин кылмышы” деп таанып, эми аны ачык атып отурганы Польша менен мамилени жакшыртат го деген үмүтүн билдирген. Өткөн жума күнү Медведев ал окуялар боюнча иликтөөнүн дагы бир нече томдугун Польшага өткөрүп берди. Мунун баарын расмий Варшава жылуу кабыл алганын айтты.

Медведев польшалык журналисттер менен интервьюда Советтер союзу учурунда жасалган кылмыштар жөнүндө чындыкты айтуу менен “өткөндүн саркындыларынан тазалануу Орусия үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин” белгиледи.

Польшанын президенти Коморовски да Медведевдин сапары ортодогу мамилелер үчүн бурулуш учур болоорун айтып, “Буюрса, Польша менен Орусиянын кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлөт”, - деди. Коморовски бирок Медведевдин сапарын бир эле жолку окуя катары эмес, узакка созулган жүрүш деп баалады.

Интервью маалында Медведевге эмне үчүн Орусия азыр Польша менен мамилени жакшыртканга аракет кылып жатканы тууралуу да суроо берилди. Ага орус президенти: “Мындай өзгөрүү Орусияда гана болбошу керек. Биздин мамилелерди жаңы, стратегиялык кызматташтыкка, келечекке караган багытка буруш үчүн өзгөрүү Польшанын коомунда да жаралышы зарыл. Жаңы Орусияга карата жаңы көз-караш калыптанышы абзел”, - деп айтты.

Эки жумурияттын алакаларындагы эң оор мезгил Орусияны катуу сындаган мурдагы оңчул-улутчул президент Лех Качинскинин тушунда байкалган. Польша АКШнын ракетадан коргонуу системасына кошулаарын жарыялаганда, Орусия бул өлкөдөн эт сатып алууга тыйуу салып койгон болчу.

Жылдар бою Москва Катындагы кызыл кыргынга КГБнын тиешеси бар экенин четке кагып, ага күнөөнү экинчи Дүйнөлүк согуштагы нацисттерге жүктөп келди.

Бирок быйыл мамилелердеги өзгөрүү акырындап экономикалык алакаларга да жакшы таасир эте баштаган окшойт. Жыл башынан бери соода-сатыктын көлөмү мурдагыдан 40% өсүп, 14,9 млрд.долларга жетти. Польша керектеп жаткан жаратылыш газынын үчтөн эки бөлүгү Орусиядан келет. Быйыл күзүндө эки өлкө газ боюнча жаңы келишимге кол коюшкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG