Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Медведев Украинаны коркутту


Орус президенти Д.Медведев (солдо) менен украин президенти В.Ющенко (оңдо)
Орус президенти Д.Медведев (солдо) менен украин президенти В.Ющенко (оңдо)

Орус президенти Дмитрий Медведев украиналык кесиптешине ачык кат жазып, аны “орус-украин алакаларын бузду” деп айыптады жана элчисин Киевге жөнөтпөй турганын айтты.

Медведевдин катында айтылгандарга караганда, украин президенти Виктор Ющенко “Украина 1997-жылкы достук жана кызматташтык” келишимин бузган. Медведев январда Украинада өтө турган президенттик шайлоодон кийин орночу “жаңы украин жетекчилиги эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга аракет көрөт го деп үмүт кылаарын” айтты.

Украинанын президентинин Катчылыгынын жетекчиси Вера Ульянченко Медведевдин каты “агрессивдүү мүнөздө” жазылганын айтты. “Орус жетекчилиги дале империалисттик комплексттеринен арыла албай жатканын, өзүнүн коңшулары менен коркутуп, үркүтө турган тилде гана сүйлөй турганын” билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министринин орун-басары Григорий Карасин заматта буга жооп кайтарып, Медведевдин катында айтылган орус-украин алакалары начарлап кеткени тууралуу ойду “Ульянченко такыр бурмалап салыптыр” деди.

Медведев өзүнүн ачык катында Ющенкону былтыр орус-грузин согушу учурунда грузиндерге курак-жарак берген, 1930-жылдардагы голодомор окуяларын “Орусиянын тукум курут саясаты, геноцид” деп атап, тарыхты кайра жазууга далалат жасаган деп күнөөлөдү. Мындан сырткары, орус тили күнүмдүк турмуштун баардык тармактарында колдонуудан чыгарылып жатканы, Кара деңиздеги орус флотунун ишине тоскоолдуктар болуп жатканы да айтылган.

Видео блогунда Медведев мына ушулардын баарын келтирип, орус-украин алакалары жакшырмайын, Киевге жаңы орус элчисин жибербей турганын билдирди.

“Жаңы мезгил келет деп ишенем, бирок азырынча мен Украинага биздин элчилини жибербейм деп чечтим, - деп айтты ал. - Ал кийинчерээк барат. Качан бараары биздин алакалардын өнүгүшүнүн деңгээлине жараша болот. Орусия менен Украинанын көп тармактуу кызматташтыгы жаңы тепкичке, стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгат деп ишенем. Андай мезгилдин келишине да аз эле убакыт калды. Украинанын жаңы жетекчилиги буга даяр болот деп үмүттөнөм”.

Анын өтө каардуу бул билдирүүсү Украинага орус патриархы 10 күндүк сапар менен баргандан кийин болуп отурат. Орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кирилл Украинага барганда, аны ал жактагы улутчулдар нааразылык демонстрациялары менен тосуп алышты. Алар Орусия эми Украинанын жетекчилигине басым жасаганга аракет кылып жатат дешти.

Бул билдирүү, андан сырткары, Украинада келерки жылдын январында өтчү президенттик шайлоого даярдыктар жүрүп жаткан мезгилге да туш келди. Эл ичинде жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, бу жолку шайлоодо Ющенко болгону 4% эле добуш ала тургандай. Премьер-министр Юлия Тимошенкого суралгандардын 10% добуш бере турганын, ал эми Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович баарынан көп – 20% – добушка ээ болоорун көрсөтүп жатат.

Медведевдин билдирүүсүн көптөгөн байкоочулар шайлоо өнөктүгүнө таасир этүүнүн жолу катары сыпатташты. Европарламенттин польшалык өкүлү Марек Сивиеч: “Бул - Украинадагы шайлоо процессине Орусиянын аралашканынын башталышы. Менимче, империалык саясаттын тилин Европада жакшы түшүнүшөт. Орустар шайлоодо активдүү болгусу келип атышат жана ошону ачык эле көрсөтүшүүдө. Ошол эле”.

Бирок Украинанын мурдагы президенти Леонид Кравчук орустардын аракетинен эч нерсе чыкпай турганын, анткени акыр аягында өз президентин украиндер өздөрү эле шайлай турганын айтат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG