Санкт-Петербург: кырсыктан кийин...
Бүгүн Египеттин Синай жарым аралында Орусиянын жүргүнчү ташуучу Airbus 321 учагы кырсыкка кабылды. «Когалымавиа» компаниясына таандык лайнер 217 жүргүнчүсү жана 7 экипаж мүчөсү менен Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга учуп бараткан. Жүргүнчүлөрдүн 17си балдар. Видеодо: Санкт-Петербургдун Пулково аэропорту. Кырсыкка кабылгандардын жакындары кабар күтүүдө.